Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.Украинанын бир катар шаарлары ракеталык аткылоого кабылды. Эл аралык коомчулук Орусиянын коңшусуна каршы аскердик агрессиясын айыптады.
Кырсык
Мугалимдердин айлыгын жана пенсиясын көбөйтүү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. 30-40 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер айына 8-9 миң сом алышууда. Украинанын чыгышында атышуу кескин көбөйдү. Украин кризисин талкуулоо үчүн АКШнын жана Орусиянын президенттери жолугууга макул экенин билдиришти. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага сапарынын алкагында кыргызстандык мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн Бишкекте Орусиянын миграциялык борборун ачууну сунуштады. Быйыл Орусияда миграциялык эрежелер катуулап, каттоодон өтүү мурдагыдан оорлоп кеткен.