Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы 28-августта корей тараптын демилгеси менен президент Садыр Жапаров жана Түштүк Кореянын лидери Ли Чжэ Мён телефондон сүйлөшкөнүн кабарлады.
Эки өлкөнүн лидерлери кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү тууралуу пикир алышып, Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды. Корей лидери кыргыз президентин 2026-жылга пландалган “Борбор Азия – Корея Республикасы” мамлекет башчыларынын саммитине катышууга чакырды.
Ли Чжэ Мён июнь айында президенттик шайлоодон утуп чыгып, кызматка киришкен.
Өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёл былтыр декабрда оппозициячыл парламенттин каршылыгын жеңиш үчүн Түштүк Кореяда аскердик абал киргизүүгө аракеттенип, ал чечимин кайра артка кайтарып, январда кармалып, апрелде президенттик кызматтан четтетилген. Июлда кызмат абалынан кыянат пайдаланганы үчүн эркинен ажыратылган. (BTo)
Шерине