Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) уюшкан кылмыштуу топтун “Шрам” каймана аты менен белгилүү мүчөсү (А.у.А.) кармалганын кабарлады.
Атайын кызматтын маалыматында ал кытайлык ишкердин ишенимине кирип, алдамчылык жол менен Лексус GX 460 үлгүсүндөгү машинесин алып, сатып жиберген.
Ишкер автоунааны кайтарып берүүнү талап кылганда шектүү коркутуп, кылмыштуу топтун башчылары менен түшкөн сүрөттөрүн көрсөткөн. УКМК кармалган адам Ош шаарында жайгашкан “Мухаммед Умар” спорт клубунан чыкканын кошумчалады.
Шектүү УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына камакка алынды. Анын мындан башка да кылмыштарга тиешеси бар-жогу такталууда. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине