28-августка караган түнү Украинанын борбор шаары Киев орус армиясынын кеңири чабуулуна кабылды. Дарницкий районунда ракета беш кабаттуу үйгө тийип, Днепровский районунда көп кабаттуу имарат бутага алынды. Киевдин бийликтери түнкү аба соккулары жети районго залака келтирип, кеминде 14 киши, арасында үч жаш бала өлүп, 45 жашоочу ооруканага жеткирилгенин билдиришти.
Жалпы Украинага бейшембиге караган түнү 600дөй дрон чабуул койду, алардын 31и максатына жетти, - деп айтылат расмий Киев тараткан билдирүүдө.
Шерине