Киевдин сыртындагы Ирпен шаарынын тургуну Евгений Сборомирский бир заматта үй-жайсыз калды. Үйүн каптаган жалын аралашкан коюу түтүндү көргөндө башын кармагандан башка чарасы калган жок. Орус артиллериясынын соккусунан анан үй-жайы урандыга айланып, коңшуларынын жардамы менен сүйүктүү итин аман алып калды.
Кырсык
Орусия Украинадагы согуштук аракеттердин онунчу күнү дегенде жайкын тургундарды чыгарып кетүү үчүн коопсуз коридор уюштурууга макулдук берди. Бирок ортодогу атышуудан улам калкты эвакациялоо үзгүлтүккө учурады. Москва менен Киев бул үчүн бири-бирин айыптады. Москва аскерлери украин жергесине улам тереңден кирип баратканын билдирсе, Киев армиясы баскынчыларды сүрүп жатканын кабарлоодо.