Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:19

Аннексияланган Крымда "чет элдик агенттердин" ырларына тыюу салуу сунушталды


Аннексияланган Крым, Симферополь. Орусиянын баскынчылыгын жактаган артисттердин комедиясы тууралуу жарнама. Июль, 2025-жыл
Аннексияланган Крым, Симферополь. Орусиянын баскынчылыгын жактаган артисттердин комедиясы тууралуу жарнама. Июль, 2025-жыл

Орусия аннексиялап алган Крымдын "Мамлекеттик кеңеши" муниципалитеттерге көчөлөрдө жана башка коомдук жайларда "чет элдик агенттердин" ырларына тыюу салууну сунуштады.

Бул тууралуу аталган кеңештин төрагасы Владимир Константинов билдирди. Анын айтымында, мындай чараны Орусияга карата "дос эмес" маанайдагы өлкөлөрдөн чыккандардын ырларына карата колдонуу сунушталууда.

Ошондой эле билдирүүлөрү жана жоруктары Орусияга зыяндуу болгондордун чыгармаларына да тыюу салуу керек деп эсептелди.

"Негизинен республиканын район-шаарларындагы ачык аянттарда талантын тартуулаган көчө артисттерине эгерде алардын репертуары жогоруда айтылган категорияга кирген адамдардын чыгармаларын камтыса, аларды аткарбай коюу сунушталмакчы", – деди ал.

Константиновдун айтымында, маселе эми "Муниципалдык билим берүү кеңешинде" каралат.

"Биздин маданий мейкиндигибизди ар кандай чыккынчылардан тазалоо керек деп ишенем. Кыйын кезеңдерде өз өлкөсү, эли менен калган таланттар үчүн тазалоо керек", – деди ал.

Орус бийлиги акыркы жылдарда "чет элдик агент" деп табылгандарга карата мыйзамдарды катаалдаштырды.

Мындай тизмеге киргендер шайлоолорго катыша албайт, аларга билим берүү тармагында иштөөгө, коомдук иш-чараларды уюштурууга, атайын рубль эсеби жок киреше табууга тыюу салынган.

Тизмедегилердин ресурстарына жарнама берүүгө да болбойт. Бул үчүн орусиялыктарга эки жылга чейин жаза мөөнөтү каралган.

25-августта Орусияда "чет элдик агент" деп табылган чыгармачыл адамдардын китептерин саткан дүкөндөргө муниципалдык колдоо көрсөтүлбөйт деген чечим чыкканы белгилүү болду.

Шерине

XS
SM
MD
LG