Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

Молдованын Эгемендик күнүндө Кишиневго Франция, Германия жана Польшанын лидерлери барышты


Молдовага Эгемендик күнү Франция, Германия жана Польшанын лидерлери барышты. 27-август, 2025-жыл. Кишинев шаары.
Молдовага Эгемендик күнү Франция, Германия жана Польшанын лидерлери барышты. 27-август, 2025-жыл. Кишинев шаары.

Келерки айда курч атаандаштыкта өтө турган парламенттик шайлоо алдында Молдованы көз карандысыздыктын 34 жылдыгы менен куттуктап Кишиневго Франция, Германия жана Польшанын лидерлери барышты. Шаршембиде кечинде француз президенти Эммануэль Макрон, немец канцлери Фридрих Мерц жана поляк премьери Дональд Туск Кишиневдогу Улуттук ассамблея аянтында Молдованын президенти Мая Санду менен чогуу куттуктоо сөздөрүн айтаары белгиленген. Молдованын президенти өлкөнүн Евробиримдикке кошулуу багытын жактайт. Парламенттик шайлоо өнөктүгүнө Орусия кийлигишип, өз колдоочуларын өткөргөнгө аракет кылаары айтылып келаткан чакта Европалык лидерлер Сандуга колдоо билдирүү максатында барышты. 31-август - румын тили күнү, Кишиневго Румыниянын президенти Никушор Дан бармакчы.

Шерине

XS
SM
MD
LG