Кыргызстандагы Апрель окуясына 12 жыл болду. Бул күнү үй-бүлөлүк Бакиевдин режимине каршы чыккан демонстранттарга ок атылган. Жыйынтыкта Курманбек Бакиевдин бийлиги кулатылып, өлкөнү башкаруу Убактылуу өкмөттүн колуна өткөн. Ушул убакыт ичинде эмне өзгөрдү?
Кырсык
2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта ок тийген жарандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” коому соңку 12 жыл ичинде революция учурунда алган жараатынан улам 65 адам каза болгонун билдирди. Бакиевдин бийлигине каршы чыгып, кан төгүлгөн ыңкылапта жалпысынан 152 кишинин өмүрү кыйылды. Апрелчилер Жал кичи районундагы мамлекет берген үйдө турушат. Алардын айтымында, соңку жылдары Апрель ыңкылабына карата мамиле өзгөрүп жатат. Мындан тышкары алар 2010-жылдагы үмүттөрү да акталбаганына өкүнүшөт.