Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

Трамп Украинада тынчтык орнобосо, Орусияга катаал санкциялар киргизилерин кайталады


Президент Трамп жана анын администрациясынын мүчөлөрү
Президент Трамп жана анын администрациясынын мүчөлөрү

АКШ Украинадагы согуш 2025-жылдын аягына чейин токтойт деп үмүттөнөт. Бул тууралуу президент Дональд Трамптын кабинетинин жыйынында АКШнын Украина боюнча чабарманы Стивен Уиткофф билдирди.

Орусия менен сүйлөшүүлөргө катышып, орус президенти Владимир Путин менен бир нече жолу жолугушкан Уиткоффтун айтымында, ушул аптада америка тарап Украинадагы жана башка жаңжалдарды жөнгө салуу боюнча жолугушууларды уюштурат.

Ал башка жаңжалдар деп Газадагы согушту, Израил менен Ирандын ортосундагы конфликтти атады.

"Биз аларды быйылкы жылдын аягына чейин жөнгө салууга үмүттөнөбүз",— деди Уиткофф.

АКШ президенти Украинадагы согуш тезирээк токтойт деп ишеним артарын айтып, так дата атаган жок. Эгерде Путин тынчтыкка умтулбаса, Орусияга каршы экономикалык санкцияларды салууга даяр экенин билдирди.

Ал Украина менен Орусиянын башчыларынын көзмө-көз сүйлөшүүсүнө жетишерин, анткени ошону менен баарына чекит коюуну каалай турганын кошумчалады.

Журналисттин Путин украин президенти Владимир Зеленскийди легитимсиз деп эсептеп, жолугушууну каалабай жатканы тууралуу суроосуна Трамп:

"Алар айта берет. Анын баары болбогон кеп. Баары публикага гана ойноп жатат", - деп жооп берди. Зеленский да "күнөөсүз эместигин", андан тынчтыкка умтулуу көрүнбөй жатканын, санкция менен бажы төлөмдөрү бир гана Орусияга эмес, Украинага да тиешелүү болорун белгиледи.

Трамп президенттик кызматка киришкенге чейин жана андан кийин согушту кыска аралыкта токтотууга кудурети жетерин айткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG