Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:42

Кеген аркылуу Кыргызстан менен Казакстан ортосунда автобустук каттам жанданат


Сентябрдан тартып “Кеген” көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу Каракол-Алматы-Каракол автобустук каттамдары ачылат.

Бул тууралуу кыргыз президенти Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Аскат Алагөзов кабарлады. Маалыматка ылайык, мындай чечим эки өлкө лидери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин сүйлөшүүлөрүндө кабыл алынган.

Бул каттам жыл бою иштейт. Учурда эки өлкөнүн Транспорт министрликтери каттамды уюштуруу боюнча иш алып барып жатат.

Алагөзов 25-августтан тартып “Каркыра-унаажол” көзөмөл өткөрмө пункту күнү-түнү иштей баштаганын да кошумчалады.

Алматыдан Караколго Кеген аркылуу автобус каттамы эгемендик жылдарында иштебей калган.

Шерине

XS
SM
MD
LG