Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:12

Министр Кендирбаева “Сейтек STEM” мурдагыдай эле иштей берерин айтты


Догдуркүл Кендирбаева.
Догдуркүл Кендирбаева.

Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Азаттыкка” Бишкектеги “Сейтек STEM” мектеби 1-сентябрда окуучуларды кабыл алып, кадимки тартипте иштей турганын айтты. Мындан тышкары “Сапат” билим берүү мекемесинин министрликке өткөн эки мектеби да ушундай эле тартипте ишин улантарын билдирди.

Бирок министрликке кайсыл мектептер, кайсы чечим менен алынганы тууралуу суроого жооп берген жок.

Kaktus.media порталы 1000ден ашык окуучу окуган “Сейтек STEM” 13-августта Бишкектин Ленин райондук сотунун чечими менен жабылганын, мектепке Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мөөрү басылганын жазды.

Догдуркүл Кендирбаева жакында эле “Биринчи радиого” “Сапаттын” үч мектеби Агартуу министрлигине өткөрүлүп жатканын, бир мектепте юридикалык жактан тактоо иштери жүрүп атканын айткан. Бул окуу процессине таасирин тийгизбей турганын кошумчалап, бирок кайсыл мектептер мамлекетке алынганын анда да тактаган эмес.

“Сапат” билим берүү мекемеси окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

2024-жылы 31-декабрда Кыргызстандагы “Сапат” билим берүү мекемеси Түркиянын “Маариф” фондуна өткөнү белгилүү болгон. “Сапат” 1-январда лицейлеринин Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүлүшүндө мыйзам бузуу болгонун жана “өз укугун мыйзам негизинде, эл аралык укук талаптарына ылайык коргоо боюнча аракет көрөрүн” билдирген.

Түркиянын Билим берүү министрлигине караштуу “Маариф” фонду (Türkiye Maarif Vakfı) 2016-жылы түзүлгөн. Уюм 2021-жылы Бишкекте фонддун биринчи мектебин ачкан.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн. Фетхулла Гүлен 2024-жылдын октябрь айында 83 жашында АКШда каза болгон.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG