Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:56

Тууганы зордуктаганы айтылган 4 жашар кыздын апасы арыз жазуудан баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту Чүйдүн Ысык-Ата районунда жакын тууганы зордуктаганы айтылган 4 жашар кыздын апасы арыз жазуудан баш тартканын билдирди.

Буга байланыштуу Ысык-Ата районунун үй-бүлөнү жана баланы коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери кыздын мыйзамдуу өкүлү катары дайындалган. Райондук милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен иш козгоп, наристеге кордук көрсөткөн өспүрүмдү 18-августта кармаган.

Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, 18-августта 4 жашар наристени жакын тууганы зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн. Кыздын ата-энеси ажырашып кеткендиктен, апасы балдарын Ысык-Атага туугандарына таштап, Бишкекке иштегени кеткен.

Наристе Ысык-Ата райондук ооруканасынан кароодон өтүп, ага зомбулук болгону аныкталган. Кыздын апасы окуя тууралуу уккандан кийин микроинсульт алып Ысык-Ата райондук ооруканага жаткырылып, кийинчерээк шаарга которулган.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева балдар менен иш алып барган мамлекеттик органдарды профилактикалык иштерди күчөтүүгө чакырды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG