Жыл жаңыргандан бери Кемин шаарынын жогору жагында майнинг ферма иштеп, мамлекеттин энергетикалык системасына туташып алган. Энергетика тармагына өзгөчө кырдаал жарыяланып, кышында жарык өчүрүлүп жаткан маалда Кыргызстандагы ири майнинг ферманын ишмердиги суроо жаратат.
Ондогон үлүшчүлөр парламенттин депутаты Эмилбек Жусупов негиздеген “Эмаком” курулуш компаниясына акча төгүп, батирлерин ала албай жатканын айтып чыгышты. Депутат азыр компанияга тиешеси жок экенин билдирүүдө. “Азаттык” үлүшчүлөрдүн үнүн угуп, “Эмаком” компаниясына курулуш чырлары жөнүндө териштирди.
Орусия эң жакын коңшусу Украинага басып кирип, согуш ачканына бир жарым жылга жакындады. 21-кылымда Европада болуп жаткан алаамат качан, кантип аяктары азырынча белгисиз.
«Азаттык» Украинада уруш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктап чыкты.
Кыргызстандын Ички иштер министирлиги Баткен облусундагы турак жайларды калыбына келтирүү ишине катышкан “Келечек ЛТД” курулуш компаниясынын өкүлү кармалганын, ал эми "Алмалы-Доор Курулуш" ишканасынын жетекчисине издөө жарыяланганын маалымдады.
Дагы жүктөңүз