Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:55

Кечки радио эфир | 26.02.2025 | Украина менен АКШ кен байлыктар келишими боюнча мунаса тапканы кабарланды


Бир нече маалымат каражаттары булактарга таянып, АКШ жана Украина кен байлыктар боюнча мунаса табышканын жазышты. Президент Дональд Трамп бир нече күн мурун Киевге берилген жардамдын ордун толтуруу максатында ошондой келишимге кол коюуну сунуш кылган. Бирок укриан лидери Владимир Зеленский баштапкы долбоорду четке какканы ортодогу мамилелер кескин начарлап кеткен. Украинанын Экономика министрлиги сейрек кездешүүчү металлдар боюнча сүйлөшүүлөрдүн кайсы баскычка жеткени тууралуу маалымат берүүдөн баш тартты. Ал маалда Украина жана Орусия бири-биринин аймактары аткыланганын билиришүүдө.

Шерине

XS
SM
MD
LG