Кечки радио эфир | 25.02.2025 | Кыргызстан "Керемет банкты" АКШнын кара тизмесинен чыгарууга аракеттенүүдө
Кыргызстан АКШнын кара тизмесинен "Керемет банкты" чыгарууга аракет жасап жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди жана ушул максатта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кошмо Штаттарына дагы барып келгенин билдирди. Ушул жылдын башында АКШнын Каржы министрлиги жаңы санкциялар топтомун жарыялаганда анын ичинде “Керемет банк” дагы болгон. Орусия менен активдүү кызматташат деген негизде Кыргызстандагы ондон ашык компания дагы кара тизмеге илинген. Расмий Бишкек санкцияларды кыйгап өтүүгө көмөктөшүп жатат деген дооматтарды четке кагып келет.
Шерине