Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:44

Кечки радио эфир | 01.03.2025 | Трамп менен Зеленский Ак үйдөгү жолугушуу боюнча журналисттерге комментарий беришти


АКШнын президенти Дональд Трамп 28-февралдын кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Ак үйдөгү жолугушуусу жөнүндө журналисттерге комментарий берип, “бул жолугушуу анча ийгиликтүү болгон жок” деди. “Менимче, ал өз мүмкүнчүлүктөрүн абдан жогору баалап койду”, - деди АКШ президенти. Трамп Украинанын согуш аракеттерин улантуу умтулуусун колдоону каалабай турганын, анын ордуна “туруктуу тынчтык” орнотууну көздөй турганын кошумчалады. Украин лидери Зеленский FoxNews телеканалына курган маегинде Трампты да, Америка элин да урматтай турганын билдирди. Ал мындай “ачык сүйлөшүү” мурдараак өтсө болмок экенин, анда “эки тараптып бири-биринин позициясын жакшыраак түшүнүүгө шарт түзүлмөктүгүн” айтты. Зеленский Fox News телеканалына маегинде Ак үйдөгү кайым айтышууга карабастан АКШ менен мамиле жөнгө салынарына ишенерин билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG