Кечки радио эфир | 28.02.2025 | Пакистанда медреседеги жарылуудан алты киши каза тапты
Пакистандын түндүк-чыгышында медреседе жума күнкү намаз маалында бомба жарылганда алты киши каза тапты. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди. Ал жер ооган талибдерин машыктыруу аянтчасы катары белгилүү. Жарадар болгон бир нече кишинин арасында медресенин жетекчиси, “Талибан” кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири Маулана Сами уль-Хактын уулу Маулана Хамид уль-Хак бар деп маалымдалды. Регионалдык полициянын өкүлү Нажибур Рахмандын айтымында, анын абалы оор. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.
Шерине