Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:58

Экономика

Украинаны ким коргойт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:30:08 0:00

Дүйнөнү дүң кылган кайым айтыштан кийин америка лидери Трамп менен украин президенти Зеленский кайра тил табышкандай болду. Зеленский сүйлөшүүгө даяр, ал эми Трамп кен байлыктар тууралуу келишимге кол коюуга макул экенин билдирди. Ошол эле маалда АКШ Украинага аскердик жардамды убактылуу токтотуп койду. Сейрек кездешүүчү кен байлыктар тууралуу келишим согуштун токтошуна өбөлгө болобу? АКШнын жардамы жок Украина орус армиясына канчалык туруштук берет? Европанын чама-чаркы кандай? Украинанын тегерегиндеги соңку окуяларга Орусия кандай реакция кылып жатат?

Кривой Рог: Орусиянын соккусунан төрт киши набыт болуп, ондогон адам жараат алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:36 0:00

Украинанын Кривой Рог шаарында шаршембинин кечинде урулган соккудан каза тапкандар төрт кишиге жетти. Ондогон адам жараланды. Жарым-жартылай урап калган имаратта мейманкана орун алган. Орусия окуяны комментарийлеген жок. Ал арада АКШ Украина менен чалгын маалыматтарын бөлүшүүнү убактылуу токтотконун билдирди. Ага чейин Вашингтон аскердик жардам берүү да убактылуу токтотулары кабарланган. Киев Вашингтон менен кыйла солгундаган мамилелерди калыбына келтирүүгө аракет көрүүдө.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG