Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

Кытай лидери Путинди Украина боюнча "адилеттүү" тынчтык келишимин түзүүгө чакырды


Си Цзинпин менен Владимир Путин. Кы
Си Цзинпин менен Владимир Путин. Кы

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин Москва менен Киев согушту токтотууга байланыштуу "адилетүү жана бекем" келишим түзөрүнө үмүт кылат. Бул тууралуу Bloomberg басылмасы жазды.

Басылма Бээжин тынчтык келишими бардык кызыкдар тараптардын диалогунун аркасы менен ишке ашарына ишенерин жазды. Маалыматка караганда, кытай лидери мындай пикирин бейшембиде орус президенти менен Москвада жолукканда билдирген.

Bloomberg жазгандай Си Цзинпиндин бул билдирүүсү АКШ лидери Дональд Трамптын сүйлөшүүлөргө Бээжинди аралаштыруу ниетинен кийин айтылган.

Трамп бейшембиде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Украина менен Орусия тынчтык келишимине жакынкы күндөрү жетишерин кайталаган. Ал бул маселенин айланасындагы сүйлөшүүлөргө Бээжинди аралаштыруу "күтүлгөн нерсе" экенин билдирген.

Си Цзинпин - 9-май - Улуу Жеңиштин 80 жылдыгын белгилөө үчүн ушул аптада Кремлдин чакыруусу менен Москвага чогулуп жаткан жыйырмадан ашык чет элдик лидерлердин эң таасирдүүсү.

Рейтер жазгандай, анын майрамдык иш-чараларга катышуусу чыңалган геосаясий кырдаалда, Орусия асыресе АКШнын кысымына туш болгон маалда Путинге дем берет.

Бейшембиде эки өлкөнүн лидерлери алгач тар чөйрөдө, андан соң өкмөт мүчөлөрү жана ишкерлердин катышуусунда кеңейтилген курамда сүйлөшүү өткөрдү.

Алар глобалдык коопсуздук, энергетика жана инвестиция маселелерин талкуулады. Жыйынтыгында инвестицияны өз ара коргоо боюнча жаңыланган макулдашууга кол коюлду.

Путин менен Цзинпин ондогон жолу жолугуп, 2022-жылдын февралында Орусия Украинага толук масштабдуу кол салуу алдында стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишимге кол коюшкан. Бээжин Москванын эң ири соода өнөктөшү жана ага Батыштын экономикалык санкцияларынын кесепеттерин жеңүүгө жардам берип келет. (AiA)

Шерине

XS
SM
MD
LG