Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:28

Бишкекте Алымбек датканын урматына арналган волейбол боюнча кыз-келиндер турнири өтүп жатат


Мелдештин катышуучулары.
Мелдештин катышуучулары.

Бишкекте бүгүн 10-майда Асан бий уулу Алымбек датканын урматына арналган волейбол турнири өтүп жатат. Уюштуруучулар билдиргендей, волейболду сүйгөн кыз-келиндер арасында жети дубанды камтыган турнир “Ден соолукка кам көрүү — сергек жашоодон, спорттон башталат”, “Жашоо — кыймыл, кыймыл — жашоо” жана “Ырыс алды — ынтымак” деген ураандар алдында өтүүдө.

Таймашка Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Баткен, Талас, Алай командалары катышууда.

Байге фонду 115 миң сомду түзгөн мелдештин жыйынтыгы менен I, II, III жана IV орунду ээлеген командаларга диплом, кубок жана акчалай сыйлык тапшырылат. Мындан тышкары “Мыкты оюнчу”, “Мыкты байланыштыруучу” жана “Мыкты чабуулчу” номинациялары боюнча да жеңүүчүлөр аныкталат.

Турнирдин негизги максаты — улуу тарыхый инсан Алымбек датканын эл үчүн кылган кызматына урмат көрсөтүү жана эскерүү, дени сак улутту калыптандыруу жана аялзатынын спортко кызыгуусун арттыруу, аймактар арасында ынтымакты, биримдикти бекемдөө жана сергек жашоого үндөө.

"Бул иш-чара тарыхыбыздын улуу инсандарынын бири болгон, акылман, алысты көрө билген, элинин биримдиги үчүн өмүрүн арнаган Асан бий уулу Алымбек датканын урматына арналган турнир. Алымбек датканын мурасы — ынтымак, биримдик, ак ниет кызмат жана элге берилгендик. Анын жолун улантуу биз үчүн тарыхый жоопкерчилик. Спорт — ошол ынтымакты, биримдикти чыңдаган күчтөрдүн бири. Бул сыяктуу спорттук иш-чаралар коомдо сергек жашоону жайылтууга, спорттун массалык өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, элдин ортосунда достук жана маданий карым-катнаштын өсүүсүнө чоң өбөлгө, көпүрө", - деп айтылды турнир тууралуу маалыматта. (KE)

Шерине

XS
SM
MD
LG