Израилдин армиясы Газа шаарын өз көзөмөлүнө алуу үчүн жердеги операциясын баштады. Гуманитардык уюмдар ансыз да абал курчуп турган Газа апаат коркунучуна кептелет деп тынчсызданууда. Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратууну сунуштаган 30дан ашык депутаттын кайрылуусу парламенттин тиешелүү комитетине келип түштү. Депутаттар эмне себептен эртелеп шайлоону көздөшүүдө? "Аю" холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун 10 миллиард сомдук мал-мүлкү мамлекетке алынышына байланыштуу талкуулар күчөдү. Бир кезде өлкөдөгү эң бай адамдарын бири саналган Абдыкеримовдун ишинин жагдайлары кандай?
Борбор Азия
Чүйдүн Ак-Бешим айылында эки баласын өлтүрүүгө шектелип кармалган эне камалды. Үрөй учурган бул окуянын себептерин билүүгө "Азаттык" аракет кылып көрдү. Израил армиясы Газа шаарын бомбалоону күчөттү. Ал арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды курчутпоого үндөдү. "Аю" холдингдин негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго таандык 10 миллиард сомго тете мүлк мамлекетке алынды. Атайын кызмат ишкерге салык жашырган деген кине койгон.