Казакстан менен Өзбекстандын ортосунда суу ресурстарын бөлүштүрүү боюнча келишимдер бар. Бирок сугат системаларынын эскириши, макулдашылган иш-аракеттердин жоктугу суу каатчылыгын курчутуп, келечекте камсыздоо канчалык туруктуу болот деген кыжаалат ойду жаратат.
Бул маселелерди чөлкөмдөгү мамлекеттер кантип жөнгө салууга аракет кылууда? Көйгөйдү чечүүдө кандай кадамдар зарыл? Биз бул суроолорду климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперт жана “Казакстандын суу өнөктөштүгү” коомдук фондунун координатору Куралай Яхиева менен талкууладык.
Сырдарыя – Борбор Азиядагы эң узун дарыя. Төрт өлкөнүн аймагын – Кыргызстанды, Тажикстанды, Өзбекстанды, Казакстанды аралай агып, Арал деңизине куят. “Азаттыктын” журналисти жана сүрөт баяндамачы Пётр Троценко Сырдарыяны бойлой жайгашкан айылдарга барып, элдин жашоо-турмушу аркылуу дарыянын азыркы абалын айтып берүүгө аракет кылды.
“Биз суунун 50% коромжу кылып жатабыз”
- Сырдарыя бассейниндеги суунун абалы Борбор Азиянын айыл чарбасына канчалык таасир этет?
- Өзбекстан менен Казакстандагы Сырдарыя бассейни тууралуу сөз кылсак, анда сугат суусуз түшүм болбостугун айтуу керек. Казакстанда Сырдарыядан керектелген суунун дээрлик 70% айыл чарбасына кетет. Калгандары коммуналдык, өндүрүш жана башка муктаждыктарга сарпталат. Өзбекстандын айыл чарбасына керектөөсү мындан жогору, 90% жетиши мүмкүн. Анткени дарыянын жака белинде ири сугат аянттары бар эмеспи.
- Эмне үчүн сугатка көп суу короп жатат?
- Сырдарыянын төмөнкү агымында жайгашкан Кызыл-Ордо облусун мисалга алалы. Бул жерде совет мезгилине караганда сугат жерлердин аянты кыскарды. Өткөн кылымдын 80-90-жылдарына салыштырсак, 30% чейин азайган. Ошол эле маалда суу тартыштыгы жоюлган жок. Казылган каналдарда башынан эле суу коромжу болчу, азыр абал андан дагы начар. Элестетиңиз, биз сууну жеткиргенге чейин эле 50% жоготобуз.
- Маселени чечүүгө аракеттер барбы? Эгер болсо, кандай жолдорду сунуштап жатышат?
- Бул маселе мурдатан эле көтөрүлүп келген. Бирок Советтер Союзу урагандан кийин ири колхоз, совхоздун баары жоюлуп, анын ордуна майда жеке менчик чарбалар пайда болду. Алар каналдарды өз алдынча оңдоп-түзөгөнгө мүмкүнчүлүгү жетпейт эле. Көйгөйдү чечүү үчүн дыйкан чарбалар өндүрүш кооперативине биригип, суу жеткирүүдө ортомчулук милдет аткарышты. Аларды көзөмөлдөө механизми болгон эмес. Баалар өсүп, эл акча төлөсө дагы сугат каналдары оңдолгон жок. Башкача айтканда, алар сууну элге кайра сатып турган. Ошондуктан дыйкандар бул идеядан баш тартышты.
- Экологдор менен айыл чарбасы боюнча эксперттер арасында пахта менен күрүч талааларын кыскартса эле суу жетиштүү болот деген пикир үстөмдүк кылат. Ушундай жол менен чын эле суу ресурсун үнөмдөсө болобу?
- Суу жетишпесе, башка эгин айдайлы деп сунуштагандар көп. Бирок адистер буга макул эмес. Айталы, Кызыл-Ордо облусунда жер шорлуу келип, күрүчтөн башканы эгүү мүмкүн эмес. Кептин баары күрүчтүн сууда өскөнүндө. Күрүчтү эккенден үч күндөн кийин суу жайышат. Ошондон тартып бышып жетилгенче сууда турат. Cуу тузду жууп кетет. Ошондуктан күрүчтөн толук баш тарта албайбыз. Бирок которуштуруп айдоо деген түшүнүк бар. Анда негизги айыл чарба өсүмдүктөрү айдоо аянтынын 60% ашпаган бөлүгүн ээлеши керек. Демек, сиздин он тилке айдоо аянтыңыз болсо, анын алты тилкесине шалы, калганына башка айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап, бирөөнү бош калтыруу зарыл. Бош калган жерге көбүнчө жерди калыбына келтирүү үчүн көп жылдык чөптөр өстүрүлөт. Ошентип, айдоо талааларды алмаштырып, жылдан жылга көчүрүп пайдалануу керек. Мурда совхоз, колхоз сыяктуу ири чарбалар кайда, эмне эгүүнү пландап, которуштуруп айдашчу. Чакан дыйкан чарбалары пайда болгондон кийин ар ким өзүнүн утурумдук пайдасына карап эге баштаган. Натыйжада көпчүлүк дыйкандар бир убакта бирдей эгин айдап, аны бир эле каналдан сугарып, суу тартыштыгы жаралган.
Сугат маалында атайын график болушу керек. Бул жагынан жергиликтүү бийлик, суу чарба башкармалыктары иш алып барышы зарыл. Алар дыйкандар менен чогуу-чаран план түзүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш. Тилекке каршы, бизде мунун бири да жок.
“Өзбекстанда ар бир экинчи аткаминер - суу адиси”
- Пахта жана күрүчтүн айынан Арал деңизи соолуду деп айтууга канчалык негиз бар?
- СССР маалында күрүч жана пахта өндүрүшү рекорд үчүн сандардын артынан кубалап, башка маселелерге маани берилбей калган. Ошондуктан пландалгандан сырткары чоң аянттар колдонулчу. Маселен, колхоз 12 гектарга пахта эккен болсо, кагаз жүзүндө ал 10 гектар деп көрсөтүлгөн. Азыр Өзбекстан, Казакстанда күрүч менен пахтаны эгүүгө тыюу салыштын кажети жок. Болгону аянттарын кыскартуу зарыл.
Эгерде Сырдарыя бассейни жөнүндө айта турган болсок, Кыргызстан менен Тажикстан сууну дээрлик сугатка колдонбойт деле. Алар негизинен гидроэнергетикага керектейт. Бирок сууну топтой турган мезгилде аны агызууга туура келет. Анткени электр энергиясын алуу зарыл болот.
Башында Нарын-Сырдарыя ГЭСтер каскады ирригациялык режимге ылайыкталган, башкача айтканда, сууну агызуу сугат убактысына дал келген. Бирок ГЭСтер гидроэнергетикалык режимге өткөндө бул эсеп оңунан чыкпай калды. Натыйжада күздөн жазга чейин дарыяга суу агып келет да, тескерисинче, жайында суу жетпей калат. Сырдарыянын төмөнкү сайларында, анын ичинен Кызыл-Ордо облусунда суу ташкындаган учурлар болгон. Суу ташкындарынан коргоо үчүн, ошондой эле Казакстандын жай мезгилиндеги сугат болгон муктаждыктын бир бөлүгүн жабуу үчүн Көк-Сарай суу сактагычы курулган.
- Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда Сырдарыя бассейниндеги суу-энерегетикалык ресурстарды пайдалануу боюнча келишимдер бар. Иш жүзүндө аны сакташпайбы?
- Мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык, биз өзүбүзгө бөлүнгөн көлөмдөгү сууну алып жатабыз. Бирок ал суу зарыл учурда эмес, башка мезгилде келет. Бул маселени министрликтер жөнгө салып, жыйындарды, сүйлөшүүлөрдү өткөрүү керек. Мындай жолугушууларда Сырдарыянын жогорку агымынан Казакстанга качан жана канча суу берилип турары так макулдашылууга тийиш. Жеке өзүм ушул сыяктуу көптөгөн сүйлөшүүлөргө катыштым. Казакстанда Суу ресурстары жана ирригация министрлиги түзүлгөнүнө 1-сентябрда бир жыл болду. Буга чейин андай профилдүү министрлик болгон эмес. Ошол эле маалда Өзбекстандын президенти суу чарба адиси эмеспи. (Шавкат Мирзиёев 1977-1981-жылдары Ташкент институтунда ирригация жана мелиорация боюнча билим алган. Андан кийин техника илимдеринин кандидаты даражасына ээ болгон.) Анан калса Өзбекстанда ар бир экинчи аткаминер суу ресурстарына байланыштуу билимге ээ.
Казакстан суу ресурстарын пайдалануу боюнча сүйлөшүүлөргө көбүнчө вице-министрди же айыл чарба жана экология министрин жиберет. Алар маселенин чоо-жайын жакшы түшүнө бербейт. Алар орток жыйынтыкка токтоп, макулдашуу үчүн Өзбекстан сунуш кылган документтерге кол коюшту.
Адатта мындай сүйлөшүүлөргө тараптардан 20дай киши катышат. Арасында чек ара кызматынын өкүлү, ТИМден, акимчиликтен жана мамлекеттик аппараттардан өкүлдөр болот. Булардын арасында маселени жакшы түшүнгөн бир-эки эле суу адиси бар. Алар материалдарды, доклад жана сунуштардын баарын даярдайт.
Бирок мындай адистердин делегациянын башка мүчөлөрүнө караганда расмий даражасы кыйла төмөн болгондуктан, алардын пикирине эч ким кулак салбайт. Ал тургай чек ара суулары боюнча бир нече мамлекет катышкан жыйын болгон күндө дагы жалпысынан Өзбекстандын суу ресурстары боюнча сунуштары кабыл алынат. Анткени алардын министри - суу адиси (Суу чарба министри Шавкат Хамраев дагы Ташкенттеги ирригация жана мелиорация институтун бүтүргөн). Ал дагы ар бир сунушун далилдеп, негиздеп берет. 30 жылга жакын бизде суу ресурстары жана ирригация министрлиги болгон жок. Аны түзүшкөнү менен, азырынча адистешкен кадрлар бара элек. Бул эми өзүнчө сөз.