Бишкектин четиндеги Беш-Күңгөй айылында 35 гектардан ашуун жайыт жерлер сатылып кетип, кашарда мал кармаган жарандар үчүн жайыт тарып жатканын жергиликтүү тургундар айтып чыкты. Алар айткан тилкелерге ондогон үйлөр тургузула баштаган.
Зордук-зомбулук, миграция жана балдар үйү. Кыргызстанда балдар тушуккан көйгөйлөр арбын. Мындан улам алардын укугу жарытарлык деңгээлде корголуп жатат деп айтуу кыйын.
Өткөн жылы алимент боюнча эле сот аткаруучуларга 53 миңден ашык иш түшкөн. Анын канча пайызы жүзөгө ашырылганы белгисиз. Ошол эле маалда алимент төлөбөгөндөрдүн саны аз эмес.
“Беш-Күңгөй айылында 35 гектардан ашуун жайыт жер мыйзамсыз трансформацияланып, ондогон турак жай тургузулуп жатат”, - деген тургундар 10 жылдан бери арызданып жүрөт. Айыл-чарба министрлигине караштуу мекеме жайыт жерлер мыйзамсыз трансформация болгонун "Азаттыкка" билдирди.
Кыргызстанда 28 миңден ашуун чет өлкөлүк студент бар. Басымдуу бөлүгү медицина багытында билим алуу үчүн Индия жана Пакистандан келгендер. Анын 10 миңдейи ОшМУда. Алар жашаган жатаканаларды азыр милиция кайтарып, кабатырланууга негиз жок экенин билдирди.
Былтыр Кыргызстандагы электрондук коммерция рыногунун көлөмү болжол менен 200 миллион долларды түзгөн. Ири базардан интернетке көчүп жаткандардын арасында “Дордой” жана “Кара-Суу” базарларынын ишкерлери бар. Электрондук коммерциянын сырын өздөштүргөндөрдүн арасында кыз-келиндер арбын.
Кыргызстандагы айрым кризистик борборлор соңку жылдары эркектер өз аялын менчигиндей көрүп, каалагандай зордук-зомбулук көрсөткөн окуялар көп катталып жатканын айтып келет. Мындай көрүнүштүн күчөшүнө коомчулуктагы кайдыгер, көңүлкош мамиленин таасири канчалык?
Муфтияттын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 130 диний окуу жайы бар. Ага диний институттар, медреселер жана диний окуу борборлору кирет. Кыздардын медреселери 34. Жалпысынан диний окуу жайларда билим алган кыздар 6 миңден ашат.
Кыргызстанда 130 диний окуу жайы бар. 34ү кыздардын медреселери. Алар куран жаттоо жана илимий болуп, эки түргө бөлүнөт. Кыздарды 9-11-класстан кийин кабыл алышып, 3-4 жылдык билим беришет. Медреселерде диний жана кесиптик билим менен чектелишип, светтик предметтерди киргизүүгө мүмкүн болбой келет.
Москвада бул жолку айт намазы мигранттарга каршы маанай күчөп турган шартта өтүп, борбордук мечитке мигранттар адаттагыдан аз келгени кабарланууда. Ал эми Кыргызстанда быйылкы Орозо айт намазы коопсуздук маселесинен улам мечиттерде гана окулду.
Сокулукта зордукталган 13 жаштагы кыздын жакындарына басым болуп жатат. Бул тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, Акыйкатчы укук коргоо органдарын бул маселеге көңүл бурууга чакырды. Милиция окуя боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын кабарлады.
Эмне себептен эл каржы пирамидасына алданууда? Каржы тармагындагы шылуундукту антип аныктаса болот? "Эже-сиңдилер" берүүсүндө каржы пирамидаларынын зыяны жана алдамчылыктын түрлөрү талкууланды.
Сокулукта зордукталган 13 жаштагы кыздын жакындарына басым болуп жатканы тууралуу маселе парламентте көтөрүлүп, акыйкатчы укук коргоо органдарын буга көңүл бурууга чакырды. Милиция бул окуя боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын кабарлады.
"Массалык башаламандыктарга чакырууга" шек саналып кармалган «Темиров LIVE» медиасынын учурдагы жана мурдагы журналисттеринин бөгөт чарасы Бишкек шаардык сотунда карала баштады. 27-мартта жараяндын биринчи күнүндө сот үч журналистти камакта калтырды.
14нөн 15-февралга караган түнү Асель Жанарбек кызы дайынсыз жоголгону тууралуу маалымат чыккан. Издөө иштери 1 айдан ашып, 18-мартта Асель Жанарбек кызынын жансыз денеси табылган.
Санарип көз карандылык. Бул азыркы коомдо кичинесинен тартып, чоңуна чейин тиешелүү көйгөй. Тактап айтканда, телефонду тиктеп, социалдык түйүндөрдөн чыкпай, гаджеттерди ашыкча колдонуу чүрпөлөргө дагы кедергисин тийгизүүдө. Кесепетинде бөбөктөрдүн тили кеч чыгып, менталдык жактан өнүгүүсү кечеңдеп
Москванын жака белиндеги "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон кол салууда эки кыргызстандык жабыркаганы тууралуу маалымат тактала элек.
Кыргызстанда Charge fast же “Тез заряд” компаниясына акчасын алдаткандар арбын экени ачыкка чыкты. Бүгүнкү күндө милицияга 600дөн ашуун арыз түшкөн. Бишкектин Биринчи май райондук милициясы финансылык пирамиданы уюштурууга шектелип беш жаран убактылуу кармоочу жайга камалганын билдирди.
Ажарышкан айымдар боюнча жакында эле өкмөт башчы Акылбек Жапаров дагы билдирүү жасап, кыз-келиндердин жүрүм-турумун көзөмөлгө алууга үндөдү.
Дагы жүктөңүз