Ушул тапта айрым ата-энелер балдарын 1-класска киргизүү үчүн мектептен орун издеп жүрүшөт. Алардын бири Көк-Жар конушунун тургуну жаздан бери баласын мектепке онлайн каттата албай, айласы кеткенде түз эле мектепке, билим берүү башкармалыгына кайрылганын айтты:
“Азыр бош болсом эле, каттатып каламбы деген ниет менен кирем, бирок дагы деле “орун жок” деген билдирүү эле чыга берет. 15-августка чейин карап отурушум керек экен. Ага чейин болбосо, биздин балабыз мектепке кирбейт экен. Биз орношо албай жаткан мектептин директору дагы: “Азыр бир класска 45-50 окуучудан туура келип атат. Эртең мага келип, эмнеге бир партада үчтөн, төрттөн бала отурат деп ыйлактайсынар”, - деп айтып атат”.
Агартуу министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Кусеинова быйыл 1-2-класстарга 289 600дөн ашуун окуучу келет деп күтүлүп жатканын, алардын 171 миңи катталганын, өлкөдө дагы 118 миң орун бош турганын билдирди. Ал мектепке каттоо август ичи толугу менен жүрөрүн кошумчалады:
"Кайрылуулардын негизинде дагы кайсы мектеп канча бала кабыл ала аларына мониторинг жүргүзүлүп жатат. Ошого жараша август айында дагы кошумча квота берилет. Ата-энелер жалпыга маалымдоо каражаттарын карап, жарыяларды окуп, жетишкенге аракет кылыш керек. Себеби дегенде андан ары кайрадан кошумча квота берилбейт. Негизи орундар бар".
Айнура Кусеинова эгер 1-класстарга барчу балдар мектепке батпай кала турган болсо, анда бала бакчалардын имараттары колдонулушу мүмкүн экенин айтты.
«Ички миграция болгондон кийин эгерде сентябрь айына чейин жарандар башка региондордон көчүп келе турган болсо, балдардын саны көбөйө турган болсо, кошумча вариант катары бала бакчалардын имараттарын карап жатышат. Эгер балдар мектепке батпай бараткан учурда бала бакчанын имаратында убактылуу окутуп турушу мүмкүн».
Буга чейин жылына 140-150 миңдин тегерегиндеги жеткинчек 1-класска кирчү. Быйыл бул көрсөткүч дээрлик эки эсеге өсүп жатат. Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Биринчи радиого берген маегинде калк жыш жайгашкан борбор калаада көйгөй бар экенин белигледи:
«Бишкек шаарында көйгөй бар. Анткени Бишкек аркылуу жан баккан ички миграциянын көптүгү, ошондой эле титулдук, же болбосо жаңы типтеги мектепке тапшырабыз деп, бирок мектептин мүмкүнчүлүгү жок, класстар толгон, каалоочулар көп болуп, ошонун ортосундагы компромисстик вариантты издеп жатабыз. Августта каттоонун 3-этабы ачылат. Биринчи баскычын каттоо менен жүргүздүк. 2-баскычын каттоосу жокторго жүргүздүк. 3-баскычты дагы каттоосу жок, кошумча кайсы жерге отургузабыз деп бүт баарын пландап жатабыз. Мыйзам боюнча, бул миссияны аткарууга жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары милдеттүү. Алар балдар билим ала турган мекемелерди уюштурушу керек. Билим берүү министрлиги мугалимдер, алардын айлыгы, программалар, стандарттар, окуу китептери менен толугу менен камсыз кылат. 3-баскычта Бишкек шаарында дагы 2 миң квоталуу орун бар».
Ошол эле учурда атын атагысы келбеген Көк-Жар конушунун тургуну үйүнүн жанында турган мектепке баласын киргизе албай, эми алыс жайгашкан мектепке кантип ташыйм деп кабатыр:
«Орун калган жок, толуп калды» деп койду. Анан «Эмне кылабыз?» десек, «жакын арада кайсы мектепте орун бар болсо, ошол мектепке жазылып, каттала бересиңер» деди. Жакын арада андан башка мектеп жок. Керек болсо жакыныраак жайгашкан мектептерде орун жок экен. Тээ Көк-Жардын башындагы айыл жакта болушу мүмкүн. Бирок мен өзүмдүн жанымдагы бир карыш мектепке бере албай, анан ал жакка баламды кантип ташымак элем. Алыскы мектепке ташый албайм десем, Билим берүү департаментинен «силер милдет кылбагыла, мамлекетке жүгүңөрдү артпагыла» деген жооп болду. 12 жылдык жаңы билим берүү системасын киргизгенден мурда биринчи мектебиңерди даярдап албайсынарбы дедим. Бир мектепке канча окуучу батат? 1-2-класс бир келгенде батабы? Эгер батпаса, системаны эмнеге киргизесиңер? Бир бала бакчадан болжол менен 7-8 группа чыгып атат. Эгерде 11 жылдык окуу системасы болгондо төрт эле группа кетмек да. Ошол төрт группа мектептерге жөн эле батмак. Азыр 7-8 группа чыгып, анын баары бир мектепке тыгылып атат».
Билим берүү тармагы боюнча эксперт Кеңешбек Сайназаров мектептерде окуучуларга орундардын жетишсиздиги буга чейин эле болуп келгенин эскертип, жаңы системага өтүүдө өкмөт бардык тобокелчиликтерге даяр болушу керектигин белгиледи:
«Ошол мектеп системасына мына 1 жарым ай калды, даярданбай турган болсоңор, чоң чыр чыгышы мүмкүн деген кулак кагыш да. Альтернативдүү ыкма катары толбой калган мектептерге дагы бөлүштүрөбүз деп атат да. Ак-Батадагы мектептерде 3-4 смена окуган күндөр дагы болгон эле да. Айласыздан ошол экинчи сменаны ачканга туура келип калат. Бул көйгөй буга чейин эле болуп келген. Билесиңер, Бишкекте, Бишкектин тегерегинде, Новопавловканын кээ бир мектептеринде бир класста 60тан окуучу отурган учурлар бар эле да. Бишкектин мектептеринин сыйымдуулугу 175 миң окуучу ала турган болсо, 300 миңге жакын окуучу келип аткан да. Өкмөт жаңы мектептерди куруу боюнча колунан келишинче ишин аябай алгылыктуу алып барып атат деп ойлойм. Бирок анын баары жетишсиз».
- 12 жылдык окуу тартиби быйыл сентябрда башталат. 2025-2026-окуу жылында 6 жашка толгон балдар 12 жылдык мектептин 1-классына кабыл алынат.
- Бала бакчага барган жана мектептеги “Наристе” программасын өткөн 7 жаштагы балдар 12 жылдык мектептин дароо 2-классына алынат. Мектепке кабыл алуу 1mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлүүдө.
Шерине