Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:57

"Кысылып, кыйналып жатышат". Бишкекте айрым мектептерде бир класста 50дөн окуучу билим алууда


Бишкектеги мектептерде окуучулардын саны көп болуп, маселе жаралганы парламентте көтөрүлдү. Депутат Дастан Бекешев өкмөттү бул көйгөйгө көңүл бурууга чакырды. Айрым учурда балдардын саны бир класста 50дөн ашып жатканын мугалимдер дагы жашырышкан жок.

Бишкек мэриясынын билим берүү департаменти окуучуларды 3-4 нөөмөткө чейин бөлүп окутууга аракет кылып жатышканын маалымдады.

Борбор калаанын тургуну Элнуранын эки баласы мектепке барат. Окуучулардын көптүгүнөн балдары партага батпай, кысылып кыйналып кетишти дейт ал:

"Балдарым денеси, отурган жери ооруп калып жатканын айтып келүүдө. Класстар жетишсиз, 2 отургучка үчтөн окуучу отурат экен. Анан балдарым буту ооруп кеткендиктен туруп алып жатабыз деди. Баламдын классында 48, кызымдыкында 44 окуучу бар".

Бишкек шаарындагы орто мектептерде кошумча квота берилип, класстар ачылганы менен балдардын саны азайган эмес.

Алсак, шаар четинде жайгашкан Байдылда Сарногоев атындагы №100 жалпы билим берүү орто мектебинин башталгыч класстарында бери дегенде 40тан бала билим алып жатканын аталган окуу жайдын директорунун орун басары Жазгүл Өмүралиева билдирди:

Жазгүл Өмүралиева
Жазгүл Өмүралиева

"12 жылдык билим берүүгө карата быйыл бизде 1-2-класстан жалпы 15 класс ачылды. Ар бир класста окуучулардын саны 40тан жогору. Окутуу орус тилинде жүргөн класстар боюнча 2-класстан экөө, 1-класстан бирөө ачылды. Бирок 1-класста бала абдан көп болуп жатат. Азыркы учурда 50 бала бар".

Атын атагысы келбеген дагы бир жергиликтүү тургун борбордогу мектептерге буга чейин эле балдар батпай келгенин белгилеп, кесепетинде мугалимдер ар бир балага тиешелүү деңгээлде көңүл бура албай, көптөгөн окуучулар көңүл сыртында калып, билим жагынан аксап жатышканын айтты:

"Мисалы биз төртүнчү класска көчтүк, билим деңгээлибиз экинчи класстыкындай болуп калды да".

Агартуу министрлигинин Мектептик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Фариза Солтогулова балдарга сапаттуу билим берүү үчүн бир класста окуучулардын саны 36дан ашпашы керек экенин белгиледи:

Фариза Солтогулова
Фариза Солтогулова

"Класста окуучулардын саны нормадан ашып кетсе балдар билим сапатын көргөзө албайт. Бул мугалимдин дагы ден соолугуна таасир берет. Норма боюнча шаардагы мектептерде бир класста 36 окуучудан болуш керек. Ал эми айыл жергесинде 25 окуучудан ашпашы зарыл".

Фариза Солтогулова өлкө боюнча 2900дөн ашуун мектеп бар экенин, 214 миңдей бала мектепке жаңы кабыл алынганын айтып, учурда дагы 90 миңдей бош орун бар экенин белгиледи. Ал ашыгы менен толуп калган класстардын маселесин Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү департаменти чечиши керектигин айтты.

Ал эми аталган департамент борбор калаадагы мектептерде окуучулар класстарга батпай жатканын моюндап, 1-класстарды бала бакчалардын имараттарына жайгаштырып, калгандарын 3-4 нөөмөткө чейин бөлүп окутуу каралып жатканын кошумчалады.

Гүлира Молдоисаева
Гүлира Молдоисаева

"Айрым мектептер биринчи класстарды жакын жайгашкан мектепке чейинки билим берүү башкармалыктарына дагы жайгаштырып жатат. Азыркы учурда 1000ге жакын окуучу бала бакча имаратына жайгашты. Ошондой эле окуу убактысын 7:30га жылдырып, мектептер 3 нөөмөткө өткөнгө пландап жатышат", - дейт Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башкы адиси Гүлира Молдоисаева.

Билим берүү тармагы боюнча адис Асылбек Жооданбеков бул тармактагы көйгөйдү чечүү үчүн мамлекет менчик мектептерди ачууга жеңилдик түзүп, жаңы мектептерди курушу керек деген пикирде:

Асылбек Жооданбеков
Асылбек Жооданбеков

"Тилекке каршы, мамлекет 34 жылдан бери калктын санынын өсүшүнө карата мектеп куруп жетишпей жатат. Ошондуктан өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында бир класста 50 баладан бар деп көп жылдан бери айтылып келет. Мисалы үчүн №12, №66, №70 мектептерде, тилекке каршы, бир класста 50дөн деген сан көп жылдан бери айтылып келе жатат. Мамлекет эң биринчи кезекте курулуш иштерин жасаш керек жана жер-жерлердеги мектептердин сапат маселесин көтөрүшү зарыл".

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Абдывахап Нурбаев азыркы тапта өкмөттүн жетиштүү санда мектеп курууга алы жетпей турганын эске салып, жеке мектептердин санын арттыруу үчүн аларга жер бөлүп берүү керек деген ою менен бөлүштү:

"Дүйнө жүзүндөгү көп өлкөлөрдү карап көрсөк, жеке менчик мектептер 10 пайызга чейин түзөт экен. Бизде болсо 2,5 пайызды гана түзөт. Жаңы инновациялар, жетишкендиктер жеке менчик мектептерден башталат. Буга чейин Агартуу министрлиги Бишкек шаарына эле 50 миң бала мектептеги нормадан ашыкча деп айтты. Демек, Бишкек шаарына 50 мектеп жетпейт. 50 мектеп куруш үчүн 50 гектар жер керек. Ага 150 миллион доллардай акча кетет. Мамлекеттин азырынча мүмкүнчүлүгү жок. Мектептер курулуп жатат дейт. Бирок эскилери эле жаңыланып жатат. Жаңы жерге жаңы мектеп курган өтө аз. Элдин саны көбөйүп, быйыл 7 миллион 300гө жетип жатабыз. 5 миллион маалында канча мектеп болсо, ошол бойдон. Жеке менчик мектеп курам десе мамлекет жерди бекер бөлүп берсе, билим берүү мекемелери көбөйүп, мамлекеттик мектептердин жүгү азайып, бул билим берүү системасынын сапатын көтөрмөк. Менчик мектептердин акчасын азайтыш үчүн санын көбөйтүш керек. Саны көбөйгөндө баасы түшүп, сапаты көтөрүлөт. Жеке менчик мектептерге имарат жана жер маселесин чечип берсе жакшы болот".

Орто мектептердеги көйгөй парламенттин жыйынында дагы көтөрүлүп, депутат Дастан Бекешев "эгер мамлекет жаңы мектеп куруп жетишпей жатса, анда ага ылайыктуу имараттарды ижарага алышы керек" деген сунушун айтты.

Агартуу министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө 1,5 миллиондон ашуун окуучу орто мектептерде билим алууда.

Мектеп 12 жылдык окууга даяр, мугалим 24 миң сом айлык алат
please wait

No media source currently available

0:00 0:28:27 0:00
  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG