Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

"Эт кымбат, мал арык". Өкмөт бааны көтөргөндөргө чара көрөт


Эт базары. Кыргызстан.
Эт базары. Кыргызстан.

Кыргыз өкмөтү эттин баасын көзөмөлгө алып, үч айлык көзөмөл киргизмей болду. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматында, мындан ары аймактарда жана борбордо эттин баасы 650-690 сомдон сатылууга тийиш.

11-августтан тарта көзөмөл киргизүү чечими баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.

Борбор калаанын Ош базарында эт саткан жерде кардарлар сейрек. Сатуучулар баа көтөрүлгөндөн бери эл азайганын айтышууда. Ушул тапта базарда эт түрүнө, сапатына жараша 580 сомдон 750 сомго чейин сатылууда.

Бишкектин тургуну Дүйшөналы Эрешов 7 миң сом пенсия алган киши үчүн эт таңкыс тамакка айланганын айтты:

Дүйшөналы Эрешов
Дүйшөналы Эрешов

"Баалар асмандын башы. Пенсиябыз жетпейт. Темселеп келебиз, биз деле эт жегибиз келет да. Бүгүн карын алдык. Анан эмне кылабыз?! Эт, май жебесек дагы ошол карынды салып, сөөк жегендей болобуз".

Айрым сатуучулар жайында мал жайлоого чыкканда базарда эттин баасы көтөрүлөрүн белгилешет. Өзбекстан, Тажикстанга экспорт болуп жатканы дагы баага таасир эткен.

"Башка өлкөлөргө эт көп чыгып жатат. Койдун, уйдун эти аз, баа көтөрүлүп жатат. Мал байлагандар дагы чөп, жем кымбаттаганын айтышууда. Катуу ысыкта чөп күйүп, өспөй калат экен. Арпанын килограммы мурда 9 сомдон болсо, азыр 25 сомдон сатылып жатат. Чөптүн түгү 350 сомдон дешти", - деди сатуучу Азат Орозбеков.

Байсал Болотбеков
Байсал Болотбеков

"Азыр мал жайлоодо. Байланып, семиргени аз. Өзбекстанга жылкы дагы, уй дагы кетип жатат", - дейт сатуучулардын бири Байсал Болотбеков.

Августтун башында баа дагы көтөрүлгөндө өкмөт абалды жөнгө салуу үчүн малдын чек арадан кирип-чыгышын көзөмөлдөп, экспортко чектөө киргизүү чечимин кабыл алган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына бааны көзөмөлдөө тапшырмасын берген.

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев баага ортомчулар да таасир этип жатканын айтты:

Женалы Орозбаев.
Женалы Орозбаев.

"Биз азыр дүң бааны карап жатабыз. Мына 20-Хутор деп коебуз, эт даярдашат. Ошол жакта кунажын эти 560 сом, буканын эти 620 сомдон. Ага ортомчулар 100 сомдон кошкон учурлар болгон. Быйыл ошол айырманы азайтып жатабыз. Былтыр ортомчуларды жок кылабыз дегенде, мэрия ижара төлөбөй турган акысыз орундарды берген. Бирок айрым фермерлер ал жерде отурганга көнбөй, кайра эле ортомчулар менен иштегенди оң көрүшкөн".

Агенттик бекиткен баага ылайык, аймактарда жана борбор калаада уйдун эти 650-680 сомдон, койдун эти 670-690 сомдон сатылууга тийиш. Кийинки жумадан тарта мекеме кызматкерлери аймактарда рейд жүргүзөрү белгилүү болду.

Текшерүү учурунда этти айтылган баада сатпай, жобону бузгандар кармалса, 3 миң сомдон 13 миң сомго чейин айып салынат.

Айыл чарба министрлиги Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүндө жем-чөп, тоют, ветеринардык дары-дармектин баасынын өсүшү, санкциялардын улам импорттун көлөмүнүн азайышы, тирүү малдын экспортунун көбөйүшү эттин баасына таасир этчү факторлор экенин белгилейт.

Экономист Искендер Шаршеев өкмөттүн бааны көзөмөлдөө чарасы тууралуу буларды айтты:

"Негизи бааны ооздуктоо - жакшы эмес ыкма. Бирок, мамлекет ооздуктабай базардын өзү теңдесин десек, эл аралык стандарттагы ишканаларды ачуу керек. Мындай учурда эттин сапаты дагы башкача болуп, ички тартыштык жаралбайт. Азыр тартыштык өсүп жатат. Эл аралык мейкиндикте биздин продукцияны расмий эмес болсо да органикалык деп билишет. Коңшулар ошон үчүн продукцияны бизден алганга аракет кылып жатышат".

Экономист Жолдош Асибалиев өкмөт кымбатчылык себептерин тыкыр изилдеп, алдын ала чара көрүшү керек деген пикирде.

Жолдош Асибалиев
Жолдош Асибалиев

"Инфляцияны ооздуктап, 3-4 пайыз төмөнкү деңгээлде кармап туруш керек. Ошондо баа, анын ичинде эттин баасы дагы өспөйт. Экинчиден, себебин табыш керек. Эмне үчүн эттин баасы көтөрүлүп жатат? Себебин тапкандан кийин сатуучуга тийишпей, ага чейинки себептерди - тоют, суу ж.б. аныктап, жардам бериш керек. Өкмөттүн өзүнүн куралдары бар, аларды колдонуп, эттин кымбатташынын алдын алып, иш алып барууга тийишпиз".

Май айында Улуттук статистика комитети январдан бери уйдун этинин баасы 6%, кой этиники 10,9% жана жылкыныкы 7,1% жогорулаганын билдирген. Базарларда, соода жайларда мындан дагы кымбат сатылып жатканы айтылган.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекеттик ишканалар уйдун этин сырттан дагы сатып алууда.

Ушу тапта Өзбекстанда кой эти 1200 сом, Тажикстанда 1500 сом турат. Кыргызстан 2024-жылы коңшу Өзбекстанга 130 миңден ашуун бодо мал, миңден ашуун жылкы, 233 миң кой-эчки экспорттогон.

Быйылкы жылдын башынан бери бодо мал, жылкы жана үй канаттууларын Орусиядан импорттоо көрсөткүчү беш эседен 10 эсеге чейин өскөнү кабарланган.

1 кг эт 750 сом. Өкмөт бааны кантип көзөмөлдөйт?
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:17 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG