Орусиянын Красноярск шаарында 22-сентябрда полиция бастырып кирген банкеттик залда өзбек ырчысы Жалолиддин Ахмадалиевдин концерти өтүп жатканы белгилүү болду. Рейд жүргүзгөн күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн бири алып баруучунун микрофонун алып, документтерди текшерүүгө даярдоону талап кылган.
Полиция 620 адамды текшерип, алардын 210у чет элдиктер экени аныкталган. 26 жаран кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн ИИМдин райондук бөлүмүнө жеткирилип, ичинен сегиз өзбек жараны Орусияда мыйзамсыз жүргөнү тастыкталган.
Кармалгандардын арасында кыргыз жараны дагы болгонун Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Азамат Кайбалиев билдирди:
"Алардын арасында Кыргыз Республикасынын бир жараны да болгон. Мунун үстүнөн административдик укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн. Учурда аталган жарандын Орусия Федерациясынан чыгарулуусу күтүлүүдө. Маселе Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчилигинин көзөмөлүндө турат".
Орусиянын Ички иштер министрлиги рейд миграциялык мыйзамдарды бузгандарды жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо максатында жургүзүлгөнүн билдирген.
Тинтүүнүн натыйжасында тыюу салынган буюмдар жана заттар табылган эмес. Бул окуяга байланыштуу Өзбекстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу кайрылуу жасап, Өзбекстандын төрт жаранына карата административдик айып салуу, ошондой эле дагы төрт жаранды өлкөдөн чыгаруу үчүн Красноярск аймагындагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга жайгаштыруу чечими кабыл алынганын тастыктап, майрамдык иш-чарада рейд жургүзгөн укук коргоо органдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү талап кылды.
“Башкы консулдук Красноярск крайындагы укук коргоо органдарынын мындай рейддеринин мыйзамдуу негиздери болушу керек жана маданий эс алууга тоскоол болбошу керек деп эсептейт. Ага карабастан Өзбекстан Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Орусиянын бул аймагынын күч түзүмдөрүнүн аракеттерине юридикалык баа берүү үчүн Красноярск аймагынын укук коргоо органдарына бардык керектүү документтерди даярдаган”, - деп айтылат Өзбекстандын Новсибирск шаарындагы Башкы консулдугунун маалыматында.
Орусиядагы этностор аралык маалымат борборунун жетекчиси, укук коргоочу Нурзида Бенсгиер 10-сентябрдан кийин, тагыраагы мигранттардын документтерди мыйзамдаштыруу үчүн берилген мөөнөт соңуна чыкканы полиция тарабынан текшерүүлөр күч алганын билдирип, Красноярск аймагындагы концертке келип, укугу тебеленген чет элдиктер жарандык сотко кайрылса болорун айтты:
“Бул жерде бир нече укуктук маселелер жаралууда. Бир жагынан концертке келгендер булар керектөөчүлөр, экинчи жагынан иш-чараны уюштурган уюм да чыгымга учурады. Бул жоготуулардын ордун ким толтурат? Бул маселени кесиптештер менен талкуулаганбыз. Концерттин уюштуруучулары жарандык доо арыз менен кайрыла алабы? Ал эми айыпталуучулар кимдер болмок — Ички иштер министрлиги, ФСБ, Улуттук гвардиябы же кимдер? Бул жерде мыйзамдуу карама-каршылык бар”.
Орусиядагы мигранттарга укуктук жардам көрсөтүп келген юрист Эрлан Токтосунов миграция маселелер боюнча башкармалыктын рейд жүргүзүүгө укугу бар экенин айтып, бирок салтанаттуу иш-чарага келип, тинтип кеткени аша чапкандык деп эсептейт. Юрист учурда Орусияда мигранттардын мыйзамдашуусу боюнча тиешелүү органдардын ишмердүүлүгү жөнгө салынбаганы үчүн мигранттар кыйналып жатканын белгиледи:
"Биздин жарандар азыр мамлекеттик кызматтар аркылуу катталууда. Айталы, тек-жайы тууралуу маалыматтарды мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө берсе, келишимдерин ошол жакка киргизип, каттатса, бирок ошол эле учурда УВМ деп коет, Миграция боюнча башкармалык, ошолордун маалымат базасынан мамлекеттик кызматтар жөнөтүлгөн документтер чыкпай жатат. "Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө биздин эч кандай тиешебиз жок. Ага жөнөткөндөрүңөр боюнча биздин ишибиз жок" деп биздин мигранттарды алып барып эле четтен камап аткандары кездешип атат. Башкача айтканда, өздөрүндө укуктук базасы туура эмес иштегендиктен, биздин мигранттарыбыз дагы кыйналып жатышат".
Орусиялык укук коргоочу Нурзида Бенсгиер кадрлардын тартыштыгынан улам мигранттарды мыйзамдаштыруу татаалдашып жатканын айтты:
“Чынында эле ушундай болгон. Анткени адамдар Орусияда жүрүүсүн мыйзамдаштыргысы келген. Документтерин жөнгө салгысы келген. Бирок мамлекет мүмкүнчүлүк берген жок. Мамлекеттик кызмат толук камсыз болгон эмес. Мунун чындыгында көптөгөн себептери бар. Бизде Ички иштер министрлигинде жана башка мамлекет үчүн өтө маанилүү органдарда кадрлар жетишсиз".
Ал эми юрист Эрлан Токтосунов убагында стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин ортосундагы эмгек рыногун, адамдардын эркин жүрүүсүн камсыз кыла турган Евразиялык экономикалык биримдиктин келишимдери аткарылбай жатат деп эсептейт:
“Кыргыз Республикасынын жарандары ЕАЭБ талаптарын аткарып кирип жатышат. ЕАЭБ келишиминин негизинде өзүнүн талаптары бар, ошол талапка жооп бере тургандай кылып барып атса, негизсиз киргизбей коюп атат. Биздин кыргыз жарандары эч бир террористтик актыларга, же бир экстремисттик иш-аракеттерге аралашкан кылмыш иштери деле жок".
Соңку бир жыл ичинде Орусияда мигранттарга шартты катаалдаткан бир катар мыйзамдар кабыл алынды. Ошол эле учурда милиция, укук коргоо органдарынын кысымы күчөдү. Кремль муну “мыйзамсыз миграцияга каршы жасалган рейд” катары сыпаттайт. Орусиянын ички иштер министринин орун басары Александр Горовойдун 23-сентябрда берген маалыматында өлкөдө 670 миңге жакын чет элдик жаран мыйзамсыз жүргөнү айтылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан статистикага ылайык, 2025-жылдын январына карата 608 миң 88 кыргызстандык жаран чет өлкөлөрдө миграцияда жүрөт. Анын ичинен 376 миң 907 адам Орусияда миграциялык каттоого алынган. Буга чейин Кыргызстандын жарандары Орусиянын чек арасынан кире албай артка кайтарылган учурлар болгон.
Шерине