Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:23

"Ак халатчандар эмне үчүн кордук көрүшү керек?" Бишкекте дарыгерлер бийликке кайрылды


Бишкектеги Улуттук госпиталдын жамааты аталган оорукананын дарыгерлери сабалган окуяларга байланыштуу бийлик башчыларына видео кайрылуу жолдошту.

Социалдык тармактарга 18-июлда жарыяланган билдирүүдө медициналык кызматкерлерге басым жасалып, ур-токмокко алган учурлар көбөйгөнү, жабыркагандар өч алууга кабылуудан айбыгып арыз жазуудан баш тартууга мажбур экени, айрыкча кол көтөргөн күч органдарынын кызматкерлери жазасыз калып жатканы айтылат.

"Акыркы убакта медицина кызматкерлерине карата кысым, коркутуп-үркүтүү, кесиптик ишмердүүлүккө ачык тоскоолдуктар кескин көбөйдү. Айрым кесиптештерибиз иш учурунда ур-токмокко алынууда. Бирок жабыр тарткан кызматкерлер укук коргоо органдарына арыз менен кайрылуудан баш тартып жатканына баары күбө. Анткени алар эртең өч алуу, ар кандай куугунтук, басымга кабылуудан коркуп, үн катпай унчукпай коюуга аргасыз болушууда. Мисалы жакында эле Лор бөлүмүндө болгон окуяны элдин баары билет. Ал эми кечээ эле болгон окуяда элдин көзүнчө дарыгерди ур-токмокко алган күч органдарынын кызматкерлери жоопко тартылбады. Бул окуя мыйзам баарына бирдей эмес экенин, медицина кызматкерлеринин укуктары тебеленип жатканын ачык далилдейт. Кымбат убактысын, түн уйкусун элдин саламаттыгына арнаган ак халатчандар эмне себептен басмырланып, кордук көрүшү керек. Мамлекет дарыгерди коргобосо анда биз кайсы тартипке, кайсы мыйзамга ишенебиз?".

Билдирүүдө дарыгерлер көз карандысыз, адилет иликтөөнү, жогорку кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берүүнү, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасагандарга чара көрүүнү талап кылышкан.

Бишкектеги Биринчи май райондук млициясы Улуттук госпиталда 16-июлда дарыгер сабалган окуя тууралуу түшүндүрмө берген. Анда жаңжалды териштирүү маалында тараптар элдешип алганын маалымдаган жана чырга милиция кызматкерлери аралашпаганын белгилеген.

Социалдык тармактарда дарыгерге кол көтөргөн адам Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери экени тууралуу маалыматтар чыккан. Атайын кызмат буга байланыштуу үн ката элек.

Буга чейин Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев соңку окуялардан улам ички ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылган. Ал Фейсбуктагы баракчасына дарыгерлерге кол салууга күнөөлүү деп табылгандар жоопко тартылышы керектигин жазды:

"Дарыгерлерди сабаган адамдар жазасыз калып жатат. Эгерде биз ар намысты жана абийирди коргобосок, эң негизгиси медицина кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылбасак анда медиктерди жоготобуз. Мен ички иштер министрине, УКМКнын төрагасына кайрылам. Дарыгерге кол салган күнөөлүү адамды мыйзам чегинде жоопко тартуу зарыл. Биз бейтапты коштоп жүргөндөргө, саламаттыкты сактоо мекемелеринин медициналык бөлүмдөрүнө кирүүгө тыюу салабыз. Алар бейтапты алып келип, дарыгерлерге өткөрүп бергенден кийин сыртта жыйынтыкты күтүшөт. Оорукананын ичине кирбейт".

Окуя Улуттук госпиталдын шашылыш медициналык жардам бөлүмүндө 16-июлда кечинде болгонун башкы дарыгер Бакыт Төлөгөнов ырастады.

Бакыт Төлөгөнов
Бакыт Төлөгөнов

“Кечээ саат 8дер чамасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалган үч жаранды алып келиптир. Алардын жолдомосу бизге эмес, №4 шаардык ооруканага жазылган экен. Биздин кызматкерлер: “Биз төртүнчү шаардык оорукананын жолдомосу менен кабыл ала албайбыз, бул деген соттук иш, жолдомону бизге жаздырып алып келгиле” деп суранышат. Кызматкерлер аны туура эмес кабыл алып, ызырынып, адекваттуу эмес реакция көрсөтүшкөн. Андай реакцияга биздикилер жооп беришкен эмес. “Ансыз карай албайбыз" дегенге болбой ур-токмокко алган экен. Аны бөлүштүрөйүн деп экинчи дарыгер келип, ал дагы ур-токмокко калыптыр. Кызматкерлер УКМКныкы экени белгилүү болду. Мындан ары тергөө иштери жүрүп, адилеттүү жыйынтык чыкса болду”.

Оорукананын травматологу жана нейротравматологу жабыркаган. Буга карабастан, дарыгерлер түнкү нөөмөттө бейтаптарды кабыл алууну улантканын Улуттук госпиталдын башкы дарыгери айтты:

"Абалы орто, кечинде аларды алмаштырууга дарыгерлер жок. Операция боло турган бейтап бир сааттан ашык күтүп калды. Башка дарыгер жоктугунан ошол эле токмок жеген кызматкерибиз кайра операцияга кирип, эртең менен төрттө чыкты".

Бакыт Төлөгөнов бул окуядан кийин дарыгерлер Аскер прокуратурасына чакырылганын кошумчалады:

"Эртең менен кызматкерлеримди алып алып прокуратурага барып келдик. Түшүндүрмө жазып, сурагына жооп бердик. Аскер прокуратурасында эки сааттан ашык отурдук. Болгонун болгондой айтып бердик. Аскер прокуратурасы болобу, башкасы болобу туура баа берип, жыйынтык чыгарат деп ишенебиз".

Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматынын тескөөчүсү Алмаш Бекбоева ооруканадагы чууну милиция текшергенин, тараптар элдешип алганын маалымдады.

Алмаш Бекбоева
Алмаш Бекбоева

"Ошол жерде чыр-чатакка аралашкан жарандардын өздүгү аныкталып, текшерүү иштерин жургүзүү учурунда ал жарандар бири-бирине арыз жазуудан баш тартышкан. Ошондой эле социалдык тармактарда ал жерде милициянын кызматкери катышкан деген маалымат тараган. Ал маалымат чындыкка дал келбейт".

Буга чейин 9-июлда дагы аталган госпиталда ушул өндүу окуя катталып, ординатор менен бейтаптын жакындарынын ортосунда чыр чыккан. Милиция дарыгерге каршы арыз түшкөнүн билдирген, “майда бейбаштык” беренеси менен иш козгоп, сот үч суткага камоо чечимин кабыл алган. Ординатор бейтаптын жакындары аны сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.

Ал эми 2024-жылы кышында ушул эле оорукананын неврология бөлүмүндө суткалык нөөмөттө турган медайым Жаркынай Таалайбекованы бейтаптын жакындары аны чачтан алып, сабаган.

Аталган бөлүмдүн башчысы Нурлан Оморов жабыр тарткан дарыгер жумуштан чыгып, чет өлкөдөгү ооруканадан иш таап кеткенин билдирди. Ошол окуядан кийин неврология бөлүмүндө укук коргоо органдарына чукул кабар бере турчу атайын кнопка орнотулганын кошумчалады:

Нурлан Оморов
Нурлан Оморов

"Бул система бир жарым жыл мурда коюлган. Чукул кабар берүүчү кнопка. Ар кандай учурлар болуп, системаны андан бери 4 жолу колдондук. Кечээки окуя тууралуу айта турган болсом, негизи бизди коргой турчу органдарда иштеген кишилерге ишенип жатсак, дарыгерлерге кол салганы туура эмес болуш керек".

Дарыгерлер сабалды, министр жардам сурады
please wait

No media source currently available

0:00 0:17:48 0:00

Улуттук госпиталда 12 бөлүм бар. Чукул жардамга чакырчу кнопка бирөөндө гана орнотулган. Башкы дарыгер Бакыт Төлөгөнов бейтапкана стратегиялык обьект катары кайтарылса жакшы болмок деген ойдо.

Улуттук госпиталда ага чейин дагы бир дарыгер сабалган учур катталган. Оорукананын ординатору менен бейтаптын жакындарынын ортосундагы чыр талаш-талкуу жараткан. Милиция дарыгерге каршы арыз түшкөнүн билдирген, "майда бейбаштык" беренеси менен иш козгоп, сот аны үч суткага камап койгон жана бул нааразылык жараткан.

Ординатор бейтаптын жакындары аны сабаганын, мээси чайкалып ооруканада жатканын билдирсе, экинчи тарап аны орой мамиле кылып, тилдеди деп милицияга кайрылган.

Бул окуяга байланыштуу Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жамааты билдирүү тараткан. Анда жамаат Башкы прокуратурага, ИИМге, УКМКга кайрылып, окуяны бейтарап текшерип берүүнү өтүнгөн.

  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG