1-сентябрда Бишкек - Нарын - Торугарт автожолунун 51-чакырымында он кишинин өмүрүн алган кырсык болуп, беш машине кагышкан. Жыл башынан бери өлкөдө 3 миңдей жол кырсыгы катталып, 300гө чукул киши каза болду.
Кыргызстандагы мектептерге 17 миллиондон ашуун китеп жетпейт. Ал эми жалпы билим берүү уюмдарынын китепкана фонду окуучулардын 70% гана китеп менен камсыздай алат. Билим берүү министрлиги калганын электрондук китептер менен камсыздоону көздөйт. Быйыл жагдай кандай?
Ысык-Көлдө сел коркунучунан улам башка айылдарга көчүрүлгөн Туура-Суу айылынын тургундары үйлөрүнө кайтып келди. Буга чейин тоодогу Зындан көлү жырылып, Тоң суусунун деңгээли көтөрүлүп, айылды суу каптоо коркунучу жаралган эле.
"Азаттыктын" кабарчылары 18-19-августтагы катуу жааган жаандан кийинки селден жабыркаган Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарындагы тургундардын үнүн укту. Катуу селге байланыштуу Ысык-Көл жана Тоң райондорунда өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Париж Олимпиадасында кыргыз спортчулары эки күмүш жана төрт коло медал жеңип, өлкөнүн эгемен тарыхындагы эң жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Мыкты спортчулардын бала чагын, чемпиондорду тарбиялоонун сырларын билүү үчүн «Эже-синдилер” берүүсүнө Гүлнара Жумалиеваны жана Зарипа Касымбекованы чакырдык.
Эйжизм - адамдын жаш курагына карата дискриминация. Мындай дискриминацияга бир гана улгайган курактагылар эмес, жаштар дагы кабылышы мүмкүн. Бул ирет “Эже-сиңдилер” берүүсүндө кыргыз коомундагы жаш куракка болгон мамилени талкууладык.
Бишкектен 500дөй чакырым алыста, Кытай менен Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Ак-Шыйрак айыл аймагы 1937-жылы түптөлгөн. Бул айыл аймагына Ак-Шыйрак, Ыштык, Кара-Сай айылдары жана бир нече кыштоо конуштары кирет.
OCCRP - Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө менен алектенген борбор Кыргызстандагы медиа өнөктөшү Temirov LIVE редакциясы менен Фейсбуктагы пикир үчүн соттолуп кеткен Каныкей Аранованын иши боюнча иликтөө жарыялады.
“Бир айыл - бир продукт” долбоорунун алкагында Кыргызстандын айыл-аймактарында жашаган жигердүү жарандар чакан ишкерликти башташууда. Бири чучукту ыштап, сый тамактын жаңы түрүн жасап жатса, башкасы сүзмөнү түрдүү өсүмдүктөрдүн аралашмасы менен кайнатып, кыям чыгарууда.
Жарым жылдын ичинде эле дарыгерлер менен бейтаптар чырдашкан, керек болсо кол салууга чейин жеткен бир нече учурлар катталды. Ар бир окуя тараптардын бирин бири айыптоосу менен коштолот.
Бишкекте “Тез жардамдын” кызматкери сабалды деген окуя Ленин райондук милициясында тергеле баштады. 30-июнда социалдык тармакта көп кабаттуу үйдүн алдында эс учун жоготуп жаткан дарыгердин видеосу тараган. Алдын ала маалымат боюнча ал ошол үйгө чакыруу менен келген.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда автоунааны сел агызып, бир үй-бүлөдөн төрт адам мерт болду. Алардын экөө балдар. 28-июнда Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, он кишинин өмүрүн алган. Алар да бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болчу.
Доктор Камилла Уордроп Аллейн ракета куруу боюнча эң белгилүү адистердин бири. Ал NASAда дээрлик 30 жылдай иштеп, айга коно турчу ракеталардын экипаж отурчу бөлүгүн жасап келген. Ал Кыргызстанга келип, жаштар менен жолугуп, тажрыйбасы жана билими менен бөлүштү.
Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү жараяны башталды. Ишти Мамлекеттик идентификациялоо системасы алып барат. Ал системага УКМК, ИИМ, Салык кызматы, Бажы кызматы, байланыш операторлору жана идентификациялоо оператору кирет.
Кыргызстанда мобилдик телефондорду милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү жараяны башталды. Ишти Мамлекеттик идентификациялоо системасы алып барат. кмөттүн токтомуна ылайык, ал системага УКМК, ИИМ, Салык кызматы, Бажы кызматы, байланыш операторлору жана идентификациялоо оператору кирет.
Антибиотикти өзүм билемдик менен колдонуу - ден соолукка олуттуу зыян келтирет. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында былтыр январда эле 9 киши анафилактикалык шоктон жабыркап, бирөө каза тапкан. “Эже-сиңдилер” берүүсүндө антибиотиктерди көзөмөлсүз пайдалануунун кесепеттерин талкуулайбыз.
Кыргыз бийлиги Бишкектин четиндеги кум-шагыл чыккан карьерди экологиялык нормаларга таянып, ал жерди иштеткен компаниядан өз карамагына алган. Эми өкмөт өзү экологиялык эрежелерди бузуп, күрдөөлдүү өндүрүш түзүүгө киришкенине жергиликтүү тургандар жана экологдор нааразы.
Зордук-зомбулук көрсөткөн киши жаңжал чечилгенге үйдөн кетиши керек. Мындай демилге камтылган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары жактырбай, артка жөнөтүштү. Демилгеге каршы чыккан эл өкүлдөрү мындай чаралар кыргыздын салт-санаасына туура келбей турганын жүйө келтирүүдө.
“Биз, Асман, Байрактар жана искусство” дал ушундай аталыштагы көргөзмө Бишкектин чет жакасындагы Күн-Туу айылындагы Төлөн музейинде башталды. Анда азыркы доордогу экстремизм жана тоталитаризм, адамзаттын өзгөрүп бараткан баалуулуктарын чагылдырган ондогон эмгектер коюлду.
Дагы жүктөңүз