Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Жүзүн жапкандар 20 миң сом айыпка жыгылат. Дин боюнча жаңы мыйзам, милициянын аракети


Кыргызстандын бир катар аймактарында милиция никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөндөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Аалымдар кеңеши шариятта никаб парз эмес экенин айтса, укук коргоо органдары жүзүн ачып жүрүү боюнча талаптар коомдук коопсуздукту сактоо максатында киргизилгенин билдирди.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жапкан кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Жапаров 5-апрелде никаб, паранжы кийгендерге түшүндүрүү иштери жүрүп жатканы жана аларга айып салынары боюнча пикирин билдирип, хижаб кыргыз тилиндеги жоолук деген эле сөз экенин жана буга каршылык жоктугун, болгону аны салынгандар жүзүн ачык алып жүрүшү керектигин айтты.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (муфтият) никаб, паранжы динде парз эмес экенин, аялдар аны кийбесе күнөөкөр болбой турганын билдирген кайрылуу таратты.

“Коомдун салтына жана үрп-адатына бөтөн болгон нерсеге фатва берилбейт. Никаб биздин коомго бөтөн көрүнүш. Бүгүнкү реалдуулукта никаб кийген эже-карындаштарыбыздын атын жамынып, аялча кийинген бүлгүнчүлөрдүн коомдук коопсуздукка шек келтирүү ыктымалдыгы жок эмес. Ошондуктан тааныла тургандай жүз ачып жүрүү маанилүү”.

Хижаб жана никаб жөнүндө фатваны Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңеши 2024-жылы 8-июлда чыгарган. Аалымдар кеңешинин мүчөсү жана фатва комитетинин төрагасы Абдулла Асранкулов кабыл алынган фатваны төмөндөгүчө түшүндүрдү:

Абдулла Асранкулов
Абдулла Асранкулов

“Хижаб - бул жоолук, аялдардын кийими. Ар бир мусулман аялга хижаб кийүү парз. Эгер кийбесе күнөөкөр болот. Никаб - паранжы сыяктуу, жүзүн жаап жүрөт. Никабдын өкүмү парз эмес, никаб тагынбаган аял күнөөкөр болбойт. Хижабга тыюу жок. Парздарды аткарууга мамлекет тарабынан кеңири мүмкүнчүлүк бар. Ошон үчүн биз адатыбызга дагы карашыбыз керек”.

Апрелдин башында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам боюнча Жалал-Абад шаарынын жана Сузак районунун аймагында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирип, коомдук жайларда никаб кийип жүргөндөргө эскертүү берилип, мыйзамды бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылары белгилеген. Ушундай эле түшүндүрүү иш-чаралары 8-апрелде Ош облусунда дагы өттү.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов жаңы мыйзамда никаб деген сөз жок экенин, жүзүн ачып жүрүү боюнча талаптар коомдук коопсуздукту сактоо максатында Укук бузуулар кодексине толуктоо катары киргизилгенин белгиледи.

Ага ылайык, медициналык көрсөтмөлөр, эмгектенүү жана кызматтык иш, спорттук иш-чараларга катышуу, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүрүүгө тыюу салынат.

Айбек Иминов
Айбек Иминов

“Бул мыйзамды бир эле мекеме иштеп чыккан жок. Тиешелүү мамлекеттик органдар, Жогорку Кеңеш сунуштарын берип, коомдук талкууга коюлуп, укук коргоо органдарынын иш тажрыйбасынын алкагында киргизилген талап болду. Себеби, адамдар жүзүн жаап алса, идентификациялоо, өздүгүн аныктоо татаал болуп калат. Ар кандай кырдаал болушу мүмкүн, соттук жараяндар болушу мүмкүн. Бетин жаап алса, ким келгени белгисиз, аныктаганга мүмкүн болбой калат. Ушуларды эске алуу менен гана коопсуздук максатында мамлекеттик органдарда жүзүн жапканга болбойт деген талап киргизилген”, - дейт Иминов.

Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 127¹-беренесинин талабына ылайык, мамлекеттик мекемелерде жана коомдук жайларда жүзүн жаап алгандар болсо, жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат.

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын башкы тескөөчүсү Маматисак Омурзаков коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде жүзүн жаап жүргөн бир гана аялдар эмес, мырзалар дагы административдик жоопкерчиликке тартыларын эскертти:

Маматисак Омурзаков
Маматисак Омурзаков

“Ички иштер министрлиги дароо эле айыптарды салбай, биринчи кезекте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп атабыз. Азыр Ош, Жалал-Абад облустарында эмес, республиканын бардык аймагында элге мыйзамдын талаптарын жеткирүү боюнча иштер жүрүүдө. Ал диний кызматкерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге жүргүзүлүп жатат. Райондук деңгээлде райондук администрациянын өкүлдөрү, айыл жергелеринде айыл өкмөттүн кызматкерлери катышып жатат. 3-4 айга чейин түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, андан кийинки убактарда айып пул салып баштайбыз. Мындан сырткары, бул жалаң эле диний чөйрөдөгү адамдар эмес, жүзүн жашырып, беткап кийген кишилер дагы коомдук жайларда жүрсө же мамлекеттик ишканалардын имараттарына кирсе, текшерип, аларга дагы айып пул салынат”.

Диний эксперт Эржан Сулайманов айып пул өтө эле бийик көрсөтүлүп калганын айтууда.

Эржан Сулайманов
Эржан Сулайманов

“Протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынып баштаганда, тилекке каршы, ошол жарандарда мамлекетке каршы сөзсүз түрдө таарыныч, ишенбестик жаралат. Себеби, адамдын өмүрүнө кооптуулук жараткан жолдо жүрүү эрежесин бузууга 320 сом же 1000 сом айып пул каралса, мында 20 миң сом айып пул каралып жатат. 20 эсе катаал болуп калган. Айып пул, жаза өзү адилеттүү болушу керек”.

“Дин тармагын жөнгө салуу учурдун талабы”

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам 2024-жылы декабрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, 2025-жылы 21-январда президент Садыр Жапаров ага кол коюп, мыйзам 1-февралдан тарта күчүнө кирген.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына караганда, буга чейинки мыйзам 2008-кабыл алынган, жаңысы ошонун негизинде иштелип чыгып, 40 берене камтылган.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов жаңы кабыл алынган мыйзамдын урунттуу жерлерине токтолду:

“Диний ишмердүүлүк термини кеңейтилди. Ал жерге диний окутууларды жайылтуу, диний сабак берүү, ошондой эле диний кайрымдуулук иштерин жүргүзүү, окуп жаткандарды каржылоо маселеси, интернет тармагында диний маалыматтарды чыгаруу дагы диний ишмердүүлүк катары белгиленди”.

“Борбордук башкаруу органы” деген түшүнүк киргизилди. Кайсы гана диний конфессия болбосун, өздөрү борбордук башкаруу органын түзө алат. Мисалы, Кыргызстан мусулмандарынын борбордук башкаруу органы - бул муфтият деп жазылды. Муфтият аркылуу диний окуу жайларды түзүү, насаатчыларды макулдашуу, диний объектилер, окуу жайлардын, диний уюмдардын программаларын кароо муфтият аркылуу жөнгө салынат”.

Өткөн жылы 8-ноябрда президент Садыр Жапаров дин аалымдары менен жолугуп, Кыргызстан “светтик мамлекет болгондон кийин дин иштерине кийлигишпей турганын, ал эми диний ишмерлер мамлекеттин ишине кийлигишпей турганын” эске салып, жарандар “Хизб ут-Тахрир”, “Йакын Инкар” сыяктуу экстремисттик радикал топторго кошулуп кетпеш үчүн алдын ала чара катары муфтияттын жана Аалымдар кеңешинин ролун бекемдөө зарыл экенин айткан.

Мыйзамда 6 субьектиге диний ишмердүүлүк жүргүзүүгө укук берилди. Алар: диний уюм, диний окуу жайлар, диний обьекттер, чет мамлекеттен келген миссионер, диний кызматкер (чет мамлекеттеги диний уюмдун биздеги өкүлү) жана диний насаатчы.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлү Айбек Иминов жаңы мыйзамга “диний насаатчы” деген түшүнүк кошулганын, анын максатын түшүндүрүп берди.

“Мыйзамга “диний насаатчы” деген термин киргизилди. Буга чейин мыйзамда мындай түшүнүк жок болчу. Мисалга, чет мамлекеттен окуп келген, диплому бар, дин жаатында адис, бирок расмий бир кызматта, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндө иштебейт. Бирок өзүнүн динин жайылткысы келип, дин жаатында ишмердүүлүк кылгысы келген жарандар диний насаатчы катары муфтияттын макулдугун алып, дин комиссиясынан бир жылдык күбөлүк алышат. Анан жеке баракчасынан болобу, интернет тармагынан болобу, өзүнүн диний ишмердүүлүгүн жүргүзгөнгө укук алат”.

Айбек Иминовдун айтымында, диний насаатчылыкка уруксат алуунун талаптары бар. “Ал үчүн милдеттүү түрдө диний диплому болушу керек.

"Муфтияттын уставында белгиленген, мамлекет тарабынан колдоого алынган салттуу исламдын ханафий мазхабына, матрудий акыйдасына туура келиш керек. Ал аныкталып, тастыкталгандан кийин бир жылдык уруксат берилет”, - деди Иминов.

Диний эксперт Эржан Сулайманов мындай талаптар жарандардын пикирин эркин айтуу укугун чектебейби деген суроо салды.

“Мисалы, мен социалдык медиада кандайдыр бир диний көз караштагы пикир бөлүшүп калам. Анда мен “мыйзамсыз диний үгүттөөчү катары айыпталып калбаймынбы, менин сөз эркиндигим чектелип калбайбы, мага мындай пикир билдирүүгө чектөө киргизилип калбайбы” деген кооптонуу бар. Бул жагы түшүнүксүз болуп жатат. Мисалы, Фейсбукта катардагы Эшмат диний үгүт кылышы мүмкүн да. Ал анын эркиндиги. Кээ бир ушул сыяктуу маселелерди так жөнгө салуу керек. Адамдар диний пикирлерин билдире алат деп. Ооба, мен мечитке кире калып эле имам болуп кала албайм. Ооба, менин атайын билимим болушу керек. Бирок социалдык медиада, Ютубда, Фейсбукта ар ким диний пикирин билдирүүсү анын сөз эркиндигине кирет. Ушул жагы чектелеби, чектелбейби деген суроолорго так жооп ала албай келебиз”.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жаңы мыйзам динге чектөө киргизүү эмес, дин тутуу эркиндигин камсыздоо максатында кабыл алынганын айтып келүүдө.

“Бул мыйзам кандайдыр бир динге чектөө киргизүү үчүн эмес, тескерисинче дин тутунган жарандардын эркиндигин камсыздоого багытталган. Ошол максатта каттоо маселеси жеңилдетилди. Мисалга, буга чейин мечиттер диний уюм катары каттоодон өтүп келишкен. Жалпы статистиканы бергенде төрт миң мечит төрт миң уюм болуп айтылып келген. Ушунча диний уюм барбы деп коомчулукта чочулоо пайда болчу. Эми бул мыйзамдын алкагында мечиттер эки жылдын ичинде кайра каттоодон диний объект катары өтүшү керек. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын объектиси катары каттоодон өтөт. Уставдын кереги жок болот. 500 кишини чогултуп келиши керек деген талап дагы жок болот”, - дейт Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын бөлүм башчысы Айбек Иминов

“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга ылайык, эми диний объектилерди, медреселерди, чиркөөлөрдү курган кайрымдуулук фонддор дин комиссиясынан диний кайрымдуулук фонд катары каттоодон өтүшү абзел.

Мындан ары Кыргызстандагы диний окуу жайлардын баардыгы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында гана түзүлүп, негизги жоопкерчилик муфтиятка жүктөлөт.

“Биздин буга чейинки мыйзам боюнча кайсы гана диний уюм болбосун өзүнүн диний окуу жайын ачканга укуктуу болгон. Жаңы мыйзам кабыл алынганы бардык диний окуу жайлар бир гана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын алдында ачылышы керек. Буга чейин ар бир жамаат, ар бир уюм өзүнө тиешелүү окуу жай ачып алып, өзүнүн программаларын, идеялогияларын окутуп келген. Эми болсо бирдиктүү гана идеология, бирдиктүү гана программа болсун деп, бардыгы муфтияттын алдында киргизилди”, - деп түшүндүрдү Айбек Иминов.

Чет өлкөдөн диний билим алып келген жарандар Кыргызстандын аймагында диний ишмердүүлүк жүргүзүү же билим берүү үчүн өлкө ичинде бир жылдык же алты айлык мөөнөттө квалификациясын жогорулатууга милдеттүү болот. Ансыз диний кызматтарга орношо албайт.

Укук бузуулар кодексинде дин тутуу эркиндиги жана диний мыйзамды бузуу боюнча атайын 142-берене берене бар. Буга чейин ал жерде төрт гана берене каралган болчу. Жаңы мыйзам алкагында, 8 беренеге көбөйтүлдү. Биринчиси, түрмөлөрдө, мамлекеттик органдарда, карылар үйлөрүндө дин комиссиясынын макулдугу жок диний кызматкерди алып келип, дин боюнча сүйлөтө турган болсо, жеке жактарга 20 миң сом айып, юридикалык жакка 65 миң сом айып каралган.

Диний окуу жайдан сырткары үйлөрдө болобу же башка жерлерде сабак бере турган болсо, укук бузуулар кодекси аркылуу жаза, айып пул каралган. Диний адабияттарды, материалдарды, аудио материалдарды диний объектилерден сырткаркы жерлерде, коомдук жайларда таркатса, үймө-үй кыдыра турган болсо, жеке жактарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом каралган.

Дин комиссиясынын эсептик каттоосунан өтпөстөн диний ишмердүүлүк кыла турган болсо, Укук бузуулар кодекси боюнча айып пул каралган.

Диний уюмдар өткөрө турган иш-чараны 10 күн мурда Дин комиссиясы жана жергиликтүү бийлик органдары менен макулдашышы керек. Макулдашуусуз, уруксатсыз өткөрүүгө болбойт.

“Диний ишенимдер кыргыз элинин маданият, каада-салттарына каршы келбеши керек”, - дейт Айбек Иминов.

Үймө-үй кыдырып, даабат айтууга тыюу салынат

Буга чейин даабатка чыгуу процедурасы Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын үгүт-насаат бөлүмү аркылуу жөнгө салынып келген. Жаңы мыйзамда үймө-үй кыдырып, диний материалдарды, китептерди таркатканга, ошондой эле өзүнүн динин жайылтканга мыйзам аркылуу чек коюлганын, даабатка эми жарандар кандай чыгары тууралуу Иминов мындай маалымат берди:

“Бизде 12-13төн ашык конфессия бар. Ошолордун бардыгына тиешелүү. Ошол эле маалда диний объектилерде, уруксат берилген башка жайларда кенен-кесир кыла берсе болот. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында атайын үгүт-насаатты жүргүзүүнүн тартиби боюнча жобо иштелип чыгып жатат. Кандай үгүт-насаат кылыш керек, кимдер чыгышы керек, эмнени сүйлөш керек, баары тартипке келтирилет. Азыркы тартиптер боюнча, даабатка чыкканга эч кандай тыюу жок. Муфтияттын макулдугу менен мурункудай эле 3 күндүк, 40 күндүк даабатка чыга берет. Бирок мыйзамдын алкагында, үймө-үй кыдырганга уруксаат берилбейт. Көчөгө чыгып, ары өтүп, бери өтүп бараткандарды мечитке чакырса болот”.

Жаңы мыйзамга ылайык диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердик менен алектенүүгө тыюу салынат.

“Саясий чөйрөдө диний жамааттын добуштарын, же болбосо алардын колдоосуна жетиш үчүн диний терминологияны кечээ айтпай жүрүп, бүгүн колдонуп баштаган саясатчылар бар. Байкап жүрөбүз. Ошондой саясий чөйрөдө дагы дин жамынган саясий спекуляцияга бөгөт коюлду да. Бирок бул саясатчылар дин тутпайт дегенди билдирбейт. Саясатчылар катардагы атуулдар, адамдар катары дин тутат, тута алат”, - дейт диний эксперт Эржан Сулайманов.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык.


  • 16x9 Image

    Наргиза Асекова

    Наргиза Асекова “Азаттыктын” Бишкектеги кеңсесинин журналисти. Кыргыз-Орус Славян университетинде журналистика адистигине ээ болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG