"Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.
24 жаштагы актөбөлүк келин эки баласы менен Сириядан кайтарылган.
Орусияда илимий кызматкерлерге чет өлкөлүктөр менен байланышууга чектөөлөр киргизилди.
Тажикстанда ВИЧ, кургак учук оорусун жашырып, дарыланбагандар 230 доллар айып төлөйт.
Москвалыктар 17-августта да митингге чыгууга даярданып жатышат.
Москвада оппозициянын митингине 50 миңден ашуун адам чыкты.
Украиналык деңиз аскерлеринин апелляциялык арыздары Москва шаардык сотунда каралат.
Москвада кыргыз жаранынын өлтүрүлүшү боюнча шектүү катары 17-19 жаш курактагы улутчулдар кармалды.
Орусиянын Красноярск крайындагы аскердик кампада 40 миңдей снаряд менен ок-дары сакталчу.
Кыргызстандык сүрөтчү Татьяна Зеленская Москвада өткөн массалык жүрүштөр тууралуу.
Орусиянын Сибиринде үч миллион гектардан ашык токой бир нече аптадан бери өрттөнүп жатат.
Уралдагы кыргызстандык ишкердин өлүмүндө уюшкан кылмыштуу топтун изи чыкты.
Орусияда борбор азиялыктар иштеген «Яндекс.Еда» сервисине 1 миллион рубль айып тагылды.
«Western Union» системасы Орусиядан тышка акча которууга чектөө киргизди.
Министри Нурболот Мирзахмедовдун кеңешчиси Нурбек Жолборсов коррупцияга шек саналып, эки айга камалды.
Татарстандын баш калаасындагы «Миргазиян» мечитинин имамдары менен сыйынуучулары ФСБнын видеокамераларын орнотууга көнбөй келет.
Тажик бийлиги абакта каза болгондорго ууланган нан кандайча жол менен жеткени тууралуу суроого жооп бере элек.
Орусияда азык-түлүк кымбаттап, калк тапканынын дээрлик жарымын күнүмдүк тириликке жумшап жатат.
Өзбекстандын Юстиция министрлиги 7-10-июлда абактагы Гүлнара Каримова үй-бүлөсү менен жолукканын билдирди.
Миграциядагы жашоо адамды психологиялык жактан басынтып, ден соолугуна залакасын тийгизет. Чет жакта кара жанын карч уруп иштеп жүргөн мигранттарга, жугуштуу жана өнөкөт ооруга чалдыккан мекендештерге ким кам көрөт?
Якутиялык бакшы Александр Габышев «Путинди бийликтен кетирүү үчүн» Москвага жөө-жалаңдап сапар тартты.
Дагы жүктөңүз