10-августта Сахаров көчөсүндө митинг уюштургандар 17-августта дагы бир жүрүшкө чыгыш үчүн мэрияга арыз беришти. Бул жолу бийликтен 30 миң адам катышчу тынч митингге уруксат суралган.
10-августта Москвада көчөгө чыккандардын саны 60 миңге жетип, сегиз жылдан берки ири нааразылык акциясы болуп калды.
Шайлоо жана шайлануу укугу үчүн күрөш
Москвалыктар үч жумадан бери шаардык кеңештин шайлоосуна өз алдынча талапкерлердин катышуусуна уруксат берүүнү талап кылып жатышат. Шайлоо 8-сентябрга дайындалган. Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди ат салышуудан четтетип койгон. Алардын арасында «Коррупция менен күрөш фондунун» юристтери Любовь Соболь менен Иван Жданов, саясатчы Илья Яшин, укук коргоочу Андрей Бабушкин бар.
Москва кеңешине шайлоодон четтетилип, 18-августка чейин камакта отурган Илья Яшин Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфиловага абактан кат жазган. Саясатчы шайлоодон четтетилгенин билгенден кийин «Твиттерде» тарапташтарын Москванын шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына чогулууга чакырганы үчүн 8-августта соттун чечими менен он күнгө камакка алынган.
«Элла Александровна, өзүңүздү кандай сезип жатасыз? Элдин каалоосун аткарыңыз. Москвалыктарга шайлоо укугун кайтарып бериңиз. Түшүнөм, мындай чечим сизге администрация алдында чоң мүшкүл жаратат. Балким, кызматыңызды да жоготосуз. Бирок мындай чечим үчүн мекендештериңиздин урмат-сыйына татыйсыз», деген ачык катын Яшин социалдык тармактарга жарыялаган.
Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилова Москва шаардык думасына шайлоону жылдырууга же токтотууга «эч кандай негиз жок» деп билдирген.
Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери менен кармаш
Буга чейинки митингдерге ар кандай эсеп менен 3 миңден 15 миңге чейин адам катышкан. Анда уруксатсыз митингге чыккандарды ОМОН менен Росгвардия катуу кысымга алып, 2,5 миңдей адам кармалып, айыпка жыгылган. Тергөө комитети кийин «Массалык башаламандык» беренеси боюнча 14 кишиге кылмыш ишин козгогон.
10-августтагы митингге Москванын жетекчилигинен расмий 100 миң адам катышчу иш-чарага уруксат берилген. Ага карабай «ОВД-Инфо» порталы жүрүштө 250дөн ашуун адам кармалганын кабарлады. Москвага тилектештигин билдирип Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону, Брянск шаарларында көчөгө чыккандар кармалды.
Көчөгө шайлоо эркиндиги үчүн чыккан москвалыктар эми күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерине каршы күрөшкө даярданууда. 10-августтан кийин Интернетте ОМОН менен Росгвардиянын кызматкелеринин анонимдүүлүгүнө каршы петиция түзүлүп, ага 120 миңден ашуун адам кол койгон. Адамдар нааразылык акцияларында тартипти сактоого чыккан күч кызматкерлердин баш кийимине же формасына жеке номуру жазылышын талап кылышууда.
Буга бийлик уруксат берген митингде бет капчан күч кызматкерлери жаш кызды сүйрөп баратып, анын бири кыздын күч менен өзөртө соккон видео Интернетте тарап, коомчулуктун нааразылыгын күчөткөнү түрткү болгон.
Видео тарагандан кийин «Агора» укук коргоо уюмунун башчысы Павел Чиков бул күч органынын кызматкерин тааныган адамга 100 миң рубль сыйлык жарыялаган. Ал эми жабыр тартуучу Дарья Сосновская полиция бөлүмүнө жеткирилип, ага митинг мыйзамын бузуу боюнча протокол түзүлүп, 20 миң рубль айып тагылган. Кийин ал дарыгерлерге кайрылып, Тергөө комитетине арыз жазган.
Росгвардия видеодогу кызматкерлер аларга тиешеси жок экенин билдиришүүдө.
Эркиндик үчүн күрөш
27-июлда Москвада сейилдеп жүрүп, уруксатсыз митингге чыккандарга кошулуп калган Ольга Проказова жана анын күйөөсү эми ата-энелик укуктан ажыратылышы мүмкүн.
Тергөө комитети «Баланын өмүрүнө коркунуч жаратуу», «Ата-энелик милдеттерди аткарбоо» беренелери боюнча иш козгоду.
Ольга ошол күнү шаардын борборунда бир жаштагы баласын көтөрүп күйөөсү, аталаш бир тууганы менен жүргөн. Тергөө комитети үй-бүлөнүн тууганы Сергей Фоминди «Массалык башаламандык» боюнча айыптап, издөөгө жарыялап койгон.
Саясий серепчилер Москвадагы митингдер Орусиядагы «жалпы нааразылык маанайды» чагылдырууда деп баалашат.
Ал эми Кремлдеги аткаминерлер москвалыктардын нааразылык жүрүштөрү үчүн Батышка доомат артууда.
Роскомнадзор мекемеси «Google» корпорациясын «бийлик уруксат бербеген жүрүштөрдү жарнама кылып жатат» деп айыптаган. Мындай доомат Германия өкмөтү тарабынан каржыланган «Deutsche Welle» телерадиокомпаниясына да коюлган.