Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:43

Гүлнара Каримованын абалы оорлоду


Гүлнара Каримова
Гүлнара Каримова

Өзбекстандын Юстиция министрлиги 7-10-июлда абактагы Гүлнара Каримова үй-бүлөсү менен жолукканын билдирди.

Министрлик медициналык жардам көрсөтүү, абактагы шарттар боюнча эч бири арызданбаганын, нааразылык билдирбегенин белгиледи:

«7-июлдан 10-июлга чейин соттолгон адам үч күн бою үй-бүлөсү менен жолугушууда болду. Ага жолугушууга үчүн соттолгондорго берилүүчү атайын жай бөлүндү. Жолугушууга эч ким тоскоол болбой, үй-бүлө мүчөлөрү алып келген бандеролдорго чектөө коюлган жок» деп жазылган билдирүүдө.

Гүлнаранын кызы Иман Каримова "Инстаграмдагы" iman.k17 барагына апасы менен жолукканын, анын абалы дагы деле начарлап жатканын жазган. Министрлик билдирүү таркаткан соң "Инстаграмдагы" баракчасына бир нече адам жазарын айтып, мурун жазгандарын өчүрүп койгон.

Гүлнара Каримова кармалып турган Ташкенттеги аялдар абагы.
Гүлнара Каримова кармалып турган Ташкенттеги аялдар абагы.

Ташкент облусундагы Заңги-Ата районунда №21 аялдар абагында жазасын өтөп жаткан Гүлнара өткөн айда чет өлкөлүк банктардагы 686 миллион доллардан баш тартууга даяр экенин билдирген.

Өзбекстандагы банк эсептериндеги 1,2 миллиард доллар акчасы өкмөттүк бюджетке өткөнүн айтып, өлкө президенти Шавкат Мирзиёевден өзүнөн ырайым сураган.

24-июнда Швейцариянын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримовага козголгон кылмыш иштин жүрүшүндө камакка алынган 130 миллион франк (133 миллион доллар) Өзбекстанга кайтарыларын маалымдап, кийин бул процессти токтоткон.

Муну адвокаты Грегуар Манжа колонияда Каримованын абалы начарлаганына, ага керектүү медициналык жардам берилбей жатканына байланыштырган.

Бул тууралуу Гүлнаранын кызы Иман Каримова да "Инстаграмга" жазып чыккан:

«Швейцария соту ага медициналык жардам көрсөтүлбөй, камактагы шарты башкаларга караганда начар экенине тынчсызданууда. Бул анын чечими эмес, Өзбекстанга мурда эскертилген. Акчаны кармап турган өлкөнүн мыйзамдары боюнча абактагы мындай шарттар адам укуктарын бузууга жатат. Швейцариялык адвокат жана Өзбекстанга келген процесстин башка катышуучулары баарын өздөрү көрүп кетүүдө».

​Июнда абактагы Каримовага кысым көрсөтүлүп, медициналык жардам берилбей жатканы тууралуу маалымат таркай баштаганда Өзбекстандын акыйкатчысы Улугбек Мухаммадиев түрмөдө Каримова менен жолукканын, ага эч кандай медициналык жардамдын кереги жоктугун айткан.

​46 жаштагы Гүлнара Каримова 2017-жылы атасы көз жумгандан кийин Өзбекстанда «Салык төлөөдөн качуу», «Акча уурдоо», «Опузалоо» жана «Офшордук компаниялардын документтерин жок кылуу» беренелери боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы мартта үй камагынын тартибин бузган деген айып менен Ташкент облусундагы абакка которулган.

Мындан тышкары Каримовага 2015-жылы Швеция, Швейцария менен АКШда кылмыш иштери козголуп, "миллиард доллардай каражатты өздөштүрүп" алган деп айыпталган. Бул акчаны ага Өзбекстанда Интернет менен камсыз кылууну көздөгөн алты телекоммуникациялык компания пара катары бергени айтылган.

Швейцариянын Федералдык соту 8-майда Гүлнара Каримованын жакын тууганына өкүм чыгарган. Соттолгон адам 2004-2013-жылдардын аралыгында каражаттын тегин, багытын жашыруу аракетинде ар кандай ишканалардын атынан банк эсептерин ачып, акча которууларды бөлүштүрүп катканы аныкталган. Каражаттын чыныгы ээсин жашыруу үчүн банк кагаздарына жасалма кол коюлганы тастыкталган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG