Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Тажикстанда дартын жашыргандар айып төлөйт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстанда ВИЧ, кургак учук оорусун жашырып, дарыланбагандар 230 доллар айып төлөйт.

Тажикстанда кургак учуктун ачык формасы жана ВИЧ менен ооруп, бирок дарылануудан баш тарткандарга административдик жаза күчөтүлдү.

Эми тиешелүү кодекстин 119-беренеси боюнча андай жарандарга 1650 - 2200 cомониге (175-230 доллар) чейин айып салынат. Өлкөнүн аймактарында бул бир айлыктын жарымынан көбү. Мыйзамга киргизилген өзгөртүү августтан баштап күчүнө кирди.

Тажикстанда 2016-жылдан бери кургак учук менен ооругандарды мажбурлап дарылашат. Бирок оорусун жашырып, дарыгерлерге кайрылбагандар бар.

«Мен жакында эле үйлөндүм. Эки ай эле болду. Аялым билип калса эмне болот? Үйүлөбүз бузулушу мүмкүн. Оң капталым ооруй баштаганда эле районго баргам. Рентгенге түшкөм. Ошондо кургак учук жуктурганымды айтышкан», - дейт Хатлон облусундагы бир кыштакта жашаган Рустам.

«Тажикстанда кургак учук менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү» долбоорунун координатору Сафар Наимов кысымга туш болбош үчүн адамдардын көбү оорусун жашырарын айтты:

«Илдетти кыздар көбүрөөк жашырышат. Алар медициналык мекемелерге барбай, элдик дарыгерлерге кайрылып же үйдөн эле дарылана башташат. Анткени эл ушак кылат деп чочулашат. Аларга эч ким үйлөнбөй коюшат деп коркушат. Дарыгерлер бир келин күйөөсү кургак учук менен ооруй турганын билип калып, ажырашып кеткенин айтып беришкен».

Акыркы жылдары Тажикстанда ВИЧ менен кургак учук жуктургандар кескин көбөйүп кетти. Расмий эсеп боюнча өлкөдө 7 миңден ашуун адам ВИЧ менен, дагы 10 миңдей адам кургак учук менен катталган. Адистердин айтымында, оорулардын жайылышына эмгек миграциясы жана айылда элдин жыш отурукташканы себеп болууда.

«Мурда ооруну жакындарынан жуктуруп алгандар көп болсо, азыр басымдуу бөлүгүн мигранттар түзөт. 2014-жылды мисалга алсак, анда 5017 оорулуу адамдын 927си - 18 пайызын мигранттар түзгөн», - дейт Калкты кургак учуктан коргоо борборунун жетекчисинин орун басары Зоир Абдуллоев.

Мамлекеттик кызматкерлер административдик жаза киргизүү дарылануудан баш тарткандарды жана илдеттин таркашын азайтат деп эсептешет. Ал эми эксперттер айып менен жазалоо аз камсыз болгон оорукчандардын абалын начарлатарын эскертишет.

Тажикстанда быйылтан баштап кургак учук менен күрөшүүнүн беш жылдык программасы жарыяланууда. Жаңы ооруканаларды куруу, медициналык борборлорду дары-дармек, техника менен камсыздоо иштери толук аткарылса, мындай чаралар өлкөдө жугуштуу илдетин жайылышын 40-50 пайызга чейин кыскартары күтүлүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG