Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:03

Казакстанга Сириядан кайткандардын абалы


Казакстанда Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар үчүн атайын борборлор иштеп жатат.
Казакстанда Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар үчүн атайын борборлор иштеп жатат.

24 жаштагы актөбөлүк келин эки баласы менен Сириядан кайтарылган.

Узун көйнөк кийген, жоолукчан, арык чырай келин Актөбөдөгү «Шанс» реабилитациялык борборунун бөлүмүнө жума сайын келет. Башында оор турмуш шарттарына кабылган балдарга баш калкалоочу жай катары курулган борбор эми Сириядан кайтарылгандарга социалдык-психологиялык жардам көрсөтүп, укуктарын коргоп келет.

Борбордун адистери бул келинге да документ алууга көмөк көрсөтүшүүдө. Келиндин документтери Сирияда талкаланган үйүнүн урандылардын алдында калган экен. Беш жаштагы уулу менен үч жаштагы кызынын да туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок.

Келин эки баласы менен «Жусан» операциясынын алкагында быйыл майда Сириядан Казакстанга кайтарылган.

«Азыр ата-энемдин үйүндө турам, - дейт ал. - Эртең менен эрте кетип, кеч кайткан күндөрүм болот. Анда балдарымды атам менен байкелерим карайт. «Шанс» борборуна жума сайын келем. Теологдор менен жолугушам, маалымат борборуна барам. Акимиат менен мечиттеги иш-чараларга катышам. Азыр кийим тигүүчүлүк курста окуп жатам».

Сириядан кайтарылган келин психолог менен сүйлөшүүдө.
Сириядан кайтарылган келин психолог менен сүйлөшүүдө.

Эми болушунча коомго аралашып, жай турмушун куруп кетүүгө аракет кылган келин Сирияга кеткенче бул шаарда коллежде окуган. Ал кезде селки дизайнер болууну каалаган. Капыстан эле Интернеттен бирөө менен таанышып, анан аны ээрчип Сирияга кеткен экен.

«Балдарымдын атасы Жезказгандан, - деди маектешибиз. - Ал Египетке диний билим алууга кетип, ал жактан Сирияга барган. 2013-жылы мен 18 жашка толдум. Ошондо паспорт алып, Бишкек аркылуу Түркияга, кийин Сириянын Алеппо шаарына учтум. Ал жакта биз никеге турдук. Күйөөм 2016-жылы ноябрда Раккада каза болду. Ал 22 жашта болчу. Оор жаракат алып, төрт күн эс-учуна келе албай ооруканада жатты. Кийин менен жесирлердин үйүндө жашап жүрдүм».

Келиндин айтымында, ал жакта согуш талаасында каза болгондордун жесирлерине айына 50 доллар, балдарына 35 доллардан беришчү. Үй-бүлөлөрдү азык-түлүк, кийим-кече менен камсыздашчу. 2018-жылдын башында мындай жардам күтүүсүз токтотулуп, келин эки баласы менен кыйын абалда калат.

Караганда облусунун Жезказган шаарында жашаган кайын энеси уулу каза болгондон кийин келини менен неберелерин мекенине кайтарууга аракет кылып, Казакстандагы органдарга кат жазып кайрыла баштаган. Анда Сириянын түндүк-чыгышындагы Багуз айылында жүргөн келини менен байланышып, ага балдарды качкындар лагерине алып баруууну тапшырган. Быйыл февралда келин балдары менен ал-Холь лагерине жетип, эки айдан соң Казакстанга кайтарылган.

«Дүйнөбий өлкөгө - Казакстанга кайтарымды билгенде, өзгөрүшүм керек экенин түшүндүм. Балдарымдын келечегин ойлоп, алар билим алышы керек экенин түшүндүм. Уулум азыр мени менен реабилитациялык борборго келип турат. Педагогдор менен окуп жатат. Кызым кичинекей. Ал атасына окшош, адамдар менен бат тил табышат. Балдар тез эле бул жакка көнүп кетишти».

24 жаштагы актөбөлүк келин эми дизайнер болуу тилегин ишке ашырып, кийимдердин жаңы моделдерин тиккиси келет. Жезказгандагы кайын энеси неберелери менен көрүшүп кеткен. Документтерди колуна алса, маркум күйөөсүнүн туугандарына барып, балдары менен жай турмушун улап кетүүгө ниеттенет.

«Шанс» борборунун Актөбөдөгү бөлүмү.
«Шанс» борборунун Актөбөдөгү бөлүмү.

«Шанс» борборунун Актөбөдөгү бөлүмүн жетектеген Айдана Нурмагамбеттин айтымында, «Жусан» операциясынан кийин шаарга Сириядан кайтарылган он аял менен 25 бала жеткирилген. Балдардын эң улуусу 12 жашта, эки кенжесине үч ай. Ата-энеси бирдей согуш талаасында каза болгон беш баланы жакын туугандарына беришкен.

«Майдан бери балдарды мектепке даярдоого аракет кылык. Быйыл он бала биринчи класска барат. Калгандарын бала бакчаларга берип жатабыз. Жакшы жагы - балдар жаңы жерге тез көнүшөт. Ар биринин ийгилиги үчүн биз кубанычтабыз. Мисалы, 11 жаштагы Ботокөз аз убакытта эле көп сабактарды өздөштүрүп кетти. Эми 5-класска барат. Ботокөз буга чейин мектепте окуган эмес. Сирияда жүргөндө апасы алына жараша окуп, жазганды үйрөткөн экен».

«Шанс» реабилитациялык борбору Сириядан кайткандар менен тыгыз иштешет. Адамдарга психологиялык, юридикалык, медициналык жардам көрсөтүлөт. Андан тышкары адистик тандоодо, жумушка орношууда көмөк көрсөтүлөт. Программага кандайдыр убакыт чектелген эмес, башкысы - Сириядан кайтып келгендер толугу менен коомго аралашып кетиши керек.

Социалдык педагог Ырзагүл Жакудолла май айында Актау шаарындагы реабилитациялык борборго барып, Сириядан кайтарылган адамдар менен иштөө боюнча даярдыктан атайын өтүп келген.

«Сириядан кайткан казакстандыктарды башында Актаудагы борбордо кармашчу, - деди Ырзагүл. - Кийин аларды өздөрүнүн шаарларына жөнөтө башташты. Бул аймактагылар үчүн кыйынчылык жаратты, бизде буга чейин согуштук аймактардан кайткандар менен иштөө боюнча тажрыйба жок эле. Сириядан кайткан мекендештерибиздин көз жашын токтото албайт элек. Бизге 12 жаштагы жетим кыз келген. Ал үйгө бомба түшүп, апасы, бир туугандары каза болгондо аларды өзү көөмптүр. Согушту көрбөгөн адамдарга мындайды угуш оңой эмес».

Борборго күндө ондогон аялдар келет. Аларды көбү жесирлер, айрымдары күйөөсүн таштап, балдары менен Казакстанга келе берген.

«Башында аялдар коркуп, ишенбей жүрчү, ачыла алышчу эмес. Жакында психодиагностикадан байкадык, көбүнүн психологиялык абалы жакшырып калды. Стресстен чыгып калышты. Балдар болсо башында кебетебизден эле коркушчу. Аялдар толук жамынып жүргөн өлкөдөн келип, ачык жүргөн бизден чочулашчу. Сирияда туулуп-өскөн балдар бир жылда төрт мезгил болорун да билишпейт. Казакча, орусча жакшы билишпейт. Араб тилине, сириялык диалектке өтүп кетишет», - дейт психолог Жайсан Ибадуллаева.

Былтыр июлда Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети «Азаттыктын» казак кызматына Сирия менен Иракта 800дөй казак жараны бар экенин билдирген. Анда 500ү жашы толо элек балдар, 120дай эркек, дагы 250дөй аял бар деп кабарланган.

Быйыл казак бийлиги «Жусан» операциясынын алкагында Сириядан 516 жаранын алып чыкканын, алардын 360 балдар бар экенин билдирген. Өкмөт Сириядан кайтарылгандарды атайын борборлорго жайгаштырып, «Шанс», «Ансар» сыяктуу өз алдынча борборлордун адистерин жардамга тартууда. Сириядан кайтарылгандардын кээ бирине кылмыш иштери да козголгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG