Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:39

Москвада көчөгө чыккандар 50 миңден ашты


ОМОН кызматкерлери Москвадагы митингдердин катышуучусун кармап кетип жаткан учур.
ОМОН кызматкерлери Москвадагы митингдердин катышуучусун кармап кетип жаткан учур.

Москвада оппозициянын митингине 50 миңден ашуун адам чыкты.

10-августта Сахарово проспектисинде Москва шаардык кеңешине шайлоого катталбай калган оппозициялык жана өз алдынча талапкерлерди колдогон дагы бир митинг өттү. Бул жолу массалык иш-чарага Москванын жетекчилиги уруксат берген.

«Белый счетчик» бирикмесинин эсебинде акцияга 50 миңден ашуун адам келген. Кошумча өтүүчү жайлар аркылуу киргендер эсепке алынган эмес. Уюм бул акцияны оппозициянын акыркы сегиз жылдан берки эң ири жүрүшү катары белгилөөдө.

«Митингге 60 миңдей адам чыкты десек болот. Бул сегиз жылдын ичиндеги ири массалык митинг. Акыркы жолу Сахарово проспектисине 70 миң адам 2011-жылы 24- декабрда чогулган», деп билдирет «Белый счетчик».

«Яблоко» партиясынын өкүлү Лев Шлосберг акыры Москвадагы нааразылык маанайы бүтүндөй Орусияга таркайт деп эсептейт.

«Москвадагы каяша – жалпы орусиялык каяшанын символу, - деди ал. - Жарандар алардан бийликти алып койгонуна каршы. Бийлик элди бийликтен четтетип койду. Мен туруктуу митингдер менен бийликти кичине ооздуктаса болот деп ойлойм. Азыр орус бийлигинин психологиялык абалы өзгөчө. Бир чети коркунучта, дүрбөлөңгө түшүп жатат. Тышкы агрессия, каардануу, айрым кезде наарызылык көрсөтүп көчөгө чыккандарга жырткычтык мамиле алардын коркконун, коомдон, шайлоодон, жарандарынан коркконун көрсөтүүдө».

Орусиянын ИИМи расмий акциянын жүрүшүндө Москванын борборунда ар кандай укук бузуу үчүн 136 адам кармалганын кабарлады. Ал эми «ОВД-Инфо» порталынын маалыматы боюнча кармалгандар 220 кишиден ашты.

«Настоящее время» телеканалынын кабарчылары алардын көбү 20-25теги жаштар экенин белгилешет.

Митинг күнү полиция кызматкерлери активист Любовь Соболдун штабы менен Навальныйдын «Live» студиясында тинтүүгө алган. Соболь полиция бөлүмүнө жеткирилип, камакка алынган.

Митингге журналист Леонид Парфенов, актер Михаил Ефремов, жазуучу Людмила Улицкая менен бирге рэпер, ырчылар, ошондой эле Москвадагы шайлоодон талапкерлиги алынган активисттер менен мурунку митингдерде кармалгандардын туугандары чыккан.

«Биздин бийлик шайлоо өткөрөт. Эрежелерин өзү коет, ошол эрежелерди өзү аткарышат, ошол шайлоого өзү эле катышат. Анан шайлоону өзү эле жеңет. Ушундай өздөрү башкарган, жыйынтыгы мурунтан белгилүү шайлоого гана биздин бийлик макулдук берет. Алардын ойлогонундай болбой калса алар аябай капа болушат», - дейт журналист Леонид Парфенов.

Москвада 27-июлда, 3-августта бийликке нааразы болгондор уруксатсыз митингдерге чыгышкан. Анда полиция менен Росгвардия тарабынан эки миңдей адам кармалып, айрымдары абакта калтырылса, калгандарына айыппул салынган. Тергөө комитети акциялардан кийин «Массалык башаламандык» беренси боюнча он кишиге кылмыш иштерин козгогон.

Бул митингдин соңунда полиция «Коррупция менен күрөш фондунун» башчысы Иван Ждановдун штабынын жетекчиси Борис Золотаревскийди кармап кеткен. Ал сахнадан адамдарды президенттин администрациясынын алдына барууга чакырган.

Ишембиде оппозициянын митингдери Орусиянын бир катар шаарларында өткөн. Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону, Брянск шаарларында көчөгө чыккан ондогон адамдар кармалган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG