27-июлда Москванын думасына шайлоого талапкерлиги кабыл алынбагандарды колдогон жүрүштө 1,5 миңге чейин адам камакка алынган. ОМОН менен Росгвардиянын кызматкерлери каршылык акциясына чыккандарга күч колдонушкан.
Бишкектен Москвага байкоо салган сүрөтчү Татьяна Зеленская бул окуяларды өз сүрөттөрүндө чагылдырган.
«Азаттык»: - Бул сүрөттөр кандайча тартылып калды?
Татьяна: - Мен жаштарды колдоп жатам. Мен Орусияга өзгөрүүлөрдү каалайм. Бийлик алмашышы керек. Азыр Москвада көчөгө чыгып жаткан жаштар ошол өздөрү каалагандай өлкөдө жашашына тилектешмин.
«Азаттык»: - Сүрөттөрүңүз эмнени чагылдырат? Кандай маанай берет?
Татьяна: - Менин сүрөттөрүмдө жайкы кийимчен, рюкзак асынган, колдорунда телефондору бар кыздар, балдар чагылдырган. Алар көтөрүлүшчүлөр! Бул жаштар ачык асман алдында, чырактардын жарыгында кумурскадай тизилип, аларга айбат көрсөтүп келаткан ОМОНдордон эч коркпой, түз, ишенимдүү баратышат. Азыркы көтөрүлүшчүлөр дал ушундай. Алардын колундагы куралы – телефон. Азыр адилеттүүлүккө жетиш үчүн маселе тууралуу билдирүү керек.
«Азаттык»: - Өзүңүз саясий-социалдык чөйрөдө жигердүүдүсүзбү?
Татьяна: - Мен эки жолу 8-мартка карата Аялдар маршына чыккам. Дагы барам. Жүрүш - бул өзүңдүн жарандык позицияңды билдирүү, өзгөрүүлөргө түрткү болуу деп эсептейм. Менин куралым - бул менин сүрөттөрүм. Марш, митинг, демонстрацияга чыгууга ар бир адамдын укугу бар.
«Азаттык»: - Орусияда болуп жаткан окуяларды Бишкектен байкап отуруп, сизде кандай сезимдер пайда болуп жатат?
Татьяна: - Мен алар менен тилектештикти сезем. Алар туура кылып жатышат деп эсептейм. Мен Москвада болсом, эки балам бар экенине карабай мен да көчөгө чыкмакмын. Эгерде сен корко баштасаң, анда сен жеңилдиң деп эсептейм. Мисалы, бизди өздөрүн «Кырк чоро» деп атап алгандар Теңдик жүрүшүнө тоскоолдук кылып, чагым салгысы келгенде мен ошол жүрүшкө сөзсүз барышым керек экенин түшүндүм.
«Азаттык»: - Кыргызстанда эки жолу ыңкылап болгон. Бул окуяларды салыштырасызбы?
Татьяна: - Кыргызстанда болгон эки төңкөрүш тууралуу менде карама-каршы сезимдер болот. Биринчиден, мен ал кезде чындыгында болуп жаткан окуяларды жакшы түшүнчү эмесмин. Саясатка кызыкчу эмесмин. Экинчиден, бул окуялардан кийин Бишкектин көркү кетип, шаар талкаланып, талоончулук болгону мени көбүрөөк өкүндүргөн. Анткени бул менин шаарым. Ошон үчүн азыр Орусияда болуп жаткан толкундоолор менен Кыргызстанда болгон окуяларды салыштыра албайм.
«Азаттык»: - Чыгармачыл адамдар, негизи эле искусство өлкөдөгү саясий окуялар менен канчалык үндөш болушу керек?
Татьяна: - Ар бир адамдын жарандык позициясы болушу керек. Ал эми адам ага кызыкпаса, аны бир нерсеге мажбурлоо, милдеттендирүү, көндүрүү да туура эмес. Мен тааныган сүрөтчүлөрдүн көбү саясатка, социалдык маселелерге аралашкысы келбейт. Алар өзүнүн чыгармачылык дүйнөсүндө жашашат. Мен деле ошондой болчумун. Бирок акыркы кезде коомдогу адилетсиздикке карата сезимталдык пайда болду. Албетте, чыгармачыл адамдарда күчтүү куралдар бар. Мисалы, мен Арменияга барганда ал жакта саясий, социалдык өзгөрүүлөргө искусство чоң таасир эткенин байкагам. Ошол эле кезде чыгармачыл адамды эч качан бир нерсеге мажбурлоого мүмкүн эмес экенин түшүнүш керек. Мындай каалоо чыгармачыл адамдын ички жан дүйнөсүндө жаралышы керек.
«Азаттык»: - Орусияга бийликтеги өзгөрүүлөрдү каалайт экенсиз. Ал эми Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөрдү самайсыз?
Татьяна: - Кыргызстандын өз жолу бар. Кошуналарынан айырмаланып турат. Орусияны же башка бир мамлекетти ээрчибеши керек. Мамлекеттин эркиндиги, эгемендиги баалуу, аны жоготпош керек. Өлкөдө бир гана билим берүүгө басым жасалышын самайм. Кыздарыбыз эркин, бактылуу болушун каалайм. Мен негизи кыргыз кыздар кыйын, тың деп ойлойм, аларды кыстабай, күйөөгө бербей, эркине жөн койсо, алар көп нерселерди жасай алат деп ишенем. Кыргызстандын келечеги кең, жакшы өзгөрүүлөр болот, бул келечекти мен, менин балдарым көрүп калат деп ишенем. Менин Кыргызстандан кетким келбеши керек!