"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Орусияда Кыргызстандын жараны "Крокус Сити Холлдогу” кандуу кол салуу жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кармалып, ага "Терроризмди ачык актоо” беренеси менен кылмыш иши козголду. Анын эмне жөнүндө жана ким менен сүйлөшкөнү азырынча белгисиз.
Апта ичинде дүйнөлүк басылмаларга чыккан окуяларга сереп.
Тергөөнүн далилдери жок болсо да, Путин кол салууну кайрадан Киевге байланыштырды.
25-мартта Тажикстандын бийлиги Москвадагы терактка шектелген төрт кишинин бири Фаридун Шамсиддиндин жакындарын суракка алды. "Крокус Сити Холлго" жасалган кандуу чабуулга шектелгендерди кармоо, суракка алуу учурундагы кыйноолор Орусиянын социалдык тармактарында талкууланып жатат.
Кыргыз бийлиги издөөдө жүргөн мурдагы бажычы Райымбек Матраимовду Бакудан алып келүү боюнча аракеттер жүрүп жатканын билдирди. Буга чейин былтыр өлкөдөн чыгып кеткен Матраимовдун кайда экени белгисиз болуп келген.
Батыш ички репрессиялардын, Украинадагы согуштун фонундагы шайлоодо Путиндин жеңишин сындаса, Москва менен шериктеш өлкөлөр орус лидерин куттукташты. Путиндин 5-мөөнөтүндө геосаясий кырдаал канчалык өзгөрүшү мүмкүн? Москва Борбор Азияга, башка постоветтик өлкөлөргө таасирин күчөтөт деп күтсө болобу?
Эл аралык бир катар медиа "Кызыл китепке" кирген Кыргызстандагы аркардын генетикалык материалын мыйзамсыз пайдаланган америкалык жаран сот жообуна тартылып жатканын жазды. Артур Шубарт АКШда өз алдынча кой менен аркарды аргындаштырууга аракеттенген деп айыпталууда.
Владимир Путин Орусиядагы президенттик шайлоодо, алдын ала эсептөөлөр боюнча, добуштардын 87% ээ болду. Маалыматтарда бюллетендердин 98% саналып бүткөн. Бул Путиндин бешинчи жолку президенттик мөөнөтү болот жана ал өлкөнү 2030-жылга чейин башкармакчы.
Орусиянын президентин шайлоо боюнча Кыргызстанда төрт шайлоо тилкеси ачылды. Анын бири - Бишкектеги орус элчилигинин имаратында. Ал жерде элдин узун кезеги пайда болду. Орус оппозициясы Путиндин саясатына каршы тарапкерлерин добушканаларга чак түштө, саат 12ге келүүгө чакырышкан.
Владимир Путин 2000-жылы Орусияда президенттик кызматка расмий киришкен. Ал кезде Батышта Орусиянын жигердүү лидери катары таанылса, 24 жылдан кийин кантип Эл аралык кылмыш соту камакка алууга ордер чыгарган саясатчыга айланды? Мындай кырдаалга эмне түрткү болду?
Бээжин АКШнын ТикТокко байланышкан мыйзам долбоорун сындады. Конгресстин Өкүлдөр палатасы 13-мартта өлкө аймагында кытайлык популярдуу тиркеменин ишин чектөөнү караган документти жактырган. АКШда кыска видеолорго адистешкен ТикТокту 170 миллиондон көп киши колдонот.
Газага деңиз аркылуу 200 тонна жардам алып бараткан кеме сапарын улантууда. БУУнун агенттигинин өкүлү Израилди эл аралык коомчулуктун гуманитардык аракеттерине тоскоолдук кылбоого чакырды. Ал арада Израил парламенти согушту каржылоо үчүн бюджетке кошумча каражат киргизүүнү жактырды.
Ооганстанда талибдердин медреселеринде окуган эркек балдар мугалимдерден сексуалдык ыдык көрүп, таяк жешет. Атын атабаган 10-17 жаштагы окуучулар ошондой учурлар жөнүндө “Азаттыктын” ооган кызматынын (“Азади” радиосунун) кабарчыларына айтып беришкен.
Wall Street Journal (WSJ) 6-марттагы санында дрондор менен Америкада чыгарылган компьютер чиптери Кытайдан Борбор Азия аркылуу Орусияга ташылып жатканын баяндап, бул факт Москванын согуш машинасын камсыздаган жолдорду бууп салуу канчалык кыйын экенин көргөзөт деген жыйынтык чыгарган.
Кыргыз бийлиги Кызыл-Омпол уран кенин казууну пландап жатат. Геосаясий кырдаалдан жана экологиялык маселелерден улам бул радиоактивдүү затка болгон талап өсүүдө. Кошуна Казакстан менен Өзбекстан уран запастары боюнча дүйнөдө алдыңкы саптарда турат. Алар атүгүл АЭСтерди курууну караштырууда.
Жикчил Приднестровье аймагынын бийлиги Молдованын кысымынан коргоону сурап Орусияга кайрылды. Кишинев Тирасполдун билдирүүсүн “пропагандачыл” деп айыптады. Украинадагы согуш башталгандан бери Москва регионду түштүк-батышта жаңы фронт ачуу үчүн пайдаланышы мүмкүн деген кооптонуу айтылып келатат.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 27-февралдагы жыйында Борбор Азиядагы бейөкмөт уюмдар Орусияга каршы "пропаганданы күчөткөнүн, аларга каршы чара көрүлүп жатканын" билдирди. Москвадагы аткаминердин сөзү Кыргызстанда талкууланып жаткан талаштуу мыйзамдар артында Москва турганын далилдейби?
Дагы жүктөңүз