Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:37

Кытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы, жасалма интеллектти пайдаланган экстремисттер


8-13-июль аралыгында дүйнө басылмаларына чыккан айрым макала-баяндарга сереп.

Алдынкы технологиялар экстремисттерге курал болуп бере алат

Deutsche welle “Ислам мамлекети”, “Ал-Каида” террордук уюму жана башка топтор жасалма интеллектти (ЖИ) экстремисттик пропагандасын жайылтуу үчүн кантип пайдаланганын, жолдоочуларын санарип куралдарды пайдаланууга шыкактаганын, бөгөттөрдү кыйгап өтүүнүн жолдорун үйрөткөнүн талдап чыккан. 10-июлдагы материалын Катрин Шаер 2013-жылы чыккан белгилүү мультфильмдеги каармандын сөздөрү өзгөртүлүп, “куралыбыз күчтүү, катарыбыз калың, Алланын аскерлери болуп көрбөгөндөй даяр” деп ырдаганын көрүүгө болот деп баштайт. Бул мисал экстремисттик топ алдыңкы компьютердик технологияларды жана жасалма интеллектти кантип пайдаланганын көргөзүүдө, - деп санайт журналист.

Автор жасалма интеллект деген түшүнүккө санарип технологиялардын түрлөрү кирерин, анын жардамы менен ири көлөмдөгү маалыматтарды талдап чыгууга, жаңы тексттерди жаздырып, түрдүү визуалдык эффекттерди жасаса болорун түшүндүрөт.

Америкалык изилдөөчү Дэниел Сигл жазгандай: “Акыркы кезде ылдам жеткиликтүү болуп бараткан жасалма интеллекттин технологиялары экстремисттик уюмдардын интернеттеги таасир этүү операцияларына жардам берүүдө”.

Андан ары бир жыл ичиндеги конкреттүү мисалдар тизмектелген.

Алсак, февралда The Washington Post гезити “Ал-Каида” менен байланышы бар топ жасалма интеллект тууралуу онлайн семинар өткөрөрүн жарыялаганын жазган. Кийинчерээк ошол эле уюм жолдоочулары үчүн чат-ботторду кантип колдонуу керектигин түшүндүргөн колдонмо чыгарган.

Мартта Москвадагы концерт залындагы кол салуудан кийин “Ислам мамлекети” террордук уюмунун колдоочуларынын бири ошол окуя тууралуу жалган маалымат камтылган программа даярдап чыгарган.

Ага чейин Испаниянын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери “Ислам мамлекетин” даңазалаган, алардын пропагандасын тараткан тогуз кишини кармаган. Маалыматка караганда, алардын бири жасалма интеллекттин жардамы менен иштеген тиркемелерди пайдаланып, мультимедиа тармагын тейлечү экен.

Журналист экстремизмди изилдеген эсперт Мустафа Аяддан комментарий алган. Анын айтымында, жасалма интеллектти колдонуу менен экстремисттик топтор жолдоочуларын өз концепциясынын айланасында активдештирүүнү көздөшөт.

“Ислам мамлекетинин” күлкү келтирген жана чындыктан алыс материалдары да алардын тарапкерлери үчүн жаңы саамалык болушу ыктымал жана өз ара тез бөлүшүп, тарап кетет", - деп эсептейт Аяд.

Макалада мунун бардыгы террордук уюмга байкоо салып келаткан адистерди таң калтырбашы белгиленет. Себеби 2014-жылы эле, кеңири тааныла баштаганда алар душмандарын коркутуу, өз катарына адамдарды жалдоо үчүн үгүт видеолорун тартып келген.

Эксперттер пропагандадан тышкары экстремисттер өз катарына жаңы адамдарды азгыруу үчүн түрдүү тилдерде сүйлөгөндү билген ChatGPT программаларын пайдаланышы ыктымал деп эсептешет. Андан тышкары жасалма интеллекттин инструменттерин кибер чабуулдарды ишке ашыруу, реалдуу турмуштагы кол салууларды пландоого колдонсо болот деген кооптонуулар айтылат.

Кытайдын Тажистандагы жашыруун базасы

Британиялык The Telegraph басылмасы 10-июлда Кытай талибдерден жаралган коркунучту басаңдатуу үчүн Тажикстанда жашыруун база куруп жатканын жазды. Маалыматка караганда, дээрлик 10 жылдан бери жүрүп жаткан курулуш тууралуу маалыматты спутниктерден тартылган сүрөттөр бышыктап турат.

Кытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы
Кытайдын Тажикстандагы жашыруун базасы

Журналист София Цян дээрлик 4 миң чакырым бийиктикте, тоолордун койнунда, мурдагы советтик бекетти улап салынган ал жайда күзөт мунаралары тургузулганын, эки өлкөнүн аскерлери жайгашканын сүрөттөйт. Бирок тараптар аскердик объект тууралуу кабарларды расмий тастыктаган эмес.

Автор жазгандай, Бээжин чек ара аймактарында аскердик жайларын көбөйтүүнү көздөп, Гималайда Индия тарапка жылып жатат. Ушундай эле көрүнүш Тажикстанда кайталанышы мүмкүн деген кооптонуулар жок эмес.

Андан ары 4-июлда Кытайдын лидери Си Цзинпин ортодогу өөрчүп бараткан байланыштарды бекемдөө максатында Дүйшөмбүгө үчүнчү мамлекеттик сапар менен барганы баяндалат.

Журналист сөзгө тарткан саясат таануучу Парвиз Мулложановдун айтымында, Ооганстандагы абал кыйындагандан бери Кытай тажик өкмөтүнүн тынчсыздануусунан пайдаланып, коопсуздук тармагындагы алакаларды тереңдетүү аракетин көрүүдө.

1300 чакырымдык тажик-ооган чек арасындагы кырдаалга байланышкан камтама “Талибан” бийликке кайтып келген 2021-жылдан бери күчөдү.

Мулложановдун маалыматына караганда, Кытай Дүйшөмбүнү “коргонуу тилкесин түзүү” планынын алкагында ок-дары жана технологиялар менен камсыздап келатат.

“Бирок шардана кылынбаган башка, узак мөөнөттүү максаттар менен пландар болушу мүмкүн”, - деп кошумчалайт эксперт.

Журналист Бээжин “Талибан” дайындаган элчини биринчи болуп тааныганын, кыймыл менен алака-катышты түзүү аракетин көргөнүн белгилейт.

- Муну менен бирге, - деп улантат гезит, - Шинжаңдагы уйгур мусулмандарды куугунтуктап келаткан Кытай Борбор Азия менен Европада экономикалык мүдөөлөрүн ишке ашыруу максатында дүйнөнүн ал бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурууну көздөйт.

Андан ары Кытайда “терроризмге каршы күрөштүн” аркасы менен бир миллиондой мусулман тарбиялоо лагерлерине жөнөтүлгөнү эске салынып, Тажикстан бийлиги хижаб кийүүнү чектегени, “улуттук маданий баалуулуктарды коргоо” максатында деп, бир топ башка мыйзамдар кабыл алынганы айтылат.

София Цян мечиттерди жабуу, эркектерди сакалдарын алдыртуу өңдүү саясат “терроризм менен күрөшкө” канчалык салым кошо алары белгисиз, бирок ислам дини коомго сиңген өлкө үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келиши ыктымал деп улантат.

Макалада ошондой эле Кытай Тажикстанга салган инвестициялар, кендерди иштетүүнү коштогон экологиялык көйгөйлөр, Дүйшөмбү менен Тегерандын кызматташтыгы тууралуу да кеңири сөз болот.

Казакстандагы жабык шаарды деңиз курортуна айландыруу аракети

AFP агенттиги 7-июлда Казакстандагы мурдагы жашыруун шаарды деңиз курортуна айландыруу аракеттери жөнүндө баяндады. Приозерск шаарынан даярдаган репортажын Бруно Калуаз жергиликтүү тургундардын жашоо-турмушун сүрөттөөдөн баштаган. Алардын бири – Алексей Верещагин инвестиция жок болгондуктан, 150 бөлмөлүү мейманкананы өз алдынча оңдоп-түзөп чыгууну чечкен.

“Калаанын борборунда советтик мезгилдегидей кооз мейманкана болсо деп кыялданам. Ошон үчүн бул жерди акырындык менен калыбына келтирип жатам”, - деп айтып берди советтик армиянын ардагери.

- “Орусия мейманканасы” деген жазуу Владимир Лениндин портрети менен кошо чатырда чаң басып жатат, - деп улантат кабарчы.

Верещагин бул жай ремонттолгондон кийин туристтер Балхаш көлүнүн жээгиндеги кооз жерлерде эс алууга мүмкүнчүлүк аларын кошумчалайт.

Приозерсктогу ээн калган мурдагы аскердик база
Приозерсктогу ээн калган мурдагы аскердик база

Туризмдин өнүгүүсү менен бир кездери жабык шаардын тагдыры кескин өзгөрмөкчү. Приозерск ал жакта жашыруун аскердик объектилер жайгашкандыктан, СССРдин тушунда жадакалса карталарда көргөзүлчү эмес.

Сары-Шаган полигону 1956-жылы ракетага каршы куралды сыноо үчүн курулган. Шаардын мэри агенттикке билдиргендей, полигондун бир бөлүгү азыркыга чейин орус өкмөтүнүн ижарасында кала берүүдө.

Бруно Калуаз 15 миң киши жашаган калаада “кансыз согуш” мезгилин эске салган атрибуттар сакталып калганын жазат. Мисалы, Приозерскиге кире бериште С-75 ракеталарынын копияларын, өңү өчкөн советтик аскердик үгүт плакаттарын көрүүгө болот.

Журналист мурдагы полигонго да барып келген. Ээн калган ракета шахталарын, демонтаж болгон радарларды карап отурган жергиликтүү тургун Иван Сабитовдун айтымында, бул советтик объектилер жок кылынганы менен башка базалар дагы деле иштеп жатат.

Орусиянын Стратегиялык ракета күчтөрүнүн аскерлери ошол аймакта жайгашкан жана кошуна мамлекет шаардын айланасында "стратегиялык коргонуу техникасын, анын ичинде баллистикалык ракеталарды сыноо үчүн инфраструктура түзүлгөнүн" айтууда.

Орус базасы жайгашканына карабай, мэр Мансур Ахметов шаарды деңиз курортуна айландырууга далалаттанып жатат.

Автор долбоор президент Касым-Жомарт Токаевдин өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 3,2% гана түзгөн туризм тармагын өнүктүрүү аракеттерине төп келерин белгилейт.

XS
SM
MD
LG