"Азаттыктын" редактору, журналист. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында дүйнөдө кеңири жайылган саясый жана тарыхый бейне түзүү, мемуар жазуу, анын тарыхка салымы тууралуу жазуучу, академик Осмонакун Ибраимов менен маек курабыз.
Президент Садыр Жапаров УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алды. Бул чечимин ал "мамлекеттик түзүмдөр ортосундагы биримдикти чыңдоо аракети" деп атады.
Кыргызстанда 1980-1990-жылдардагы толкун тууралуу, жаңылануу, өзгөрүүнү эңсеген кыймылдар тууралуу азыноолак сөз кылып жүрөбүз. Ошол доордогу чакырыктардын күүсүнөн азыр дагы чыга албай, ошол эле аң-сезим менен жүргөн жокпузбу? Эгемендик алган 35 жылда кандай коом кура алдык?
Эгемендик алган 35 жылда кандай коом кура алдык? Азыркы жаш муунга ким өрнөк, эмне баалуу? “Куугунтук курмандыктары” подкастында белгилүү коомдук жана саясий ишмер Эмил Каптагаев.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында репрессия мыйзамы кантип ишке ашууда? Изилдөөчүлөр КГБ архивдерине кире алдыбы? Ушул тууралуу репрессия курмандыктарын актоо боюнча комиссиянын жана жумушчу топтун мүчөлөрү, тарыхчылар Аида Кубатова жана Рыскул Жолдошов менен талкуулайбыз.
2025-жылы Кыргызстан узак жылдарга созулган чек ара талашына чекит койду. Постсоветтик мейкиндикте калктын жыштыгы боюнча алдыда турган жана этностук жактан татаал саналып келген Фергана өрөөнү ондогон жылдар чек ара чатактарынын чордону болуп келген.
Кыргызстанда “Кара кыргыз” аталган сериал 27-декабрдан тарта көрсөтүлө баштайт. Тасма тарыхый инсандарга арналган.
XX кылымдын соңу постсоветтик өлкөлөрдүн тарыхындагы өзгөчө доор болуп калды.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында 90-жылдар, эркиндик эңсеген, тил, тарых, улут маселесине күйүп-бышкан, эгемендикке талпынган муундун күрөшү тууралуу академик, белгилүү коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдыганы Эркебаев менен талкуулайбыз.
Кыргызстан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн белгилеп жатат.
Кыргызстандын мектептери үчүн тарых китеби кандай жазылат? Жаш муунга тарыхты кантип окутуп жатабыз? Тарыхты окутууда идеологиялык басым жокпу?
Мектептердеги тарых окуу китеби кандай жазылат, жаш муунга тарыхты кантип окутуп жатабыз? Бул суроолорду тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин, Кыргыз билим берүү академиясынын доценти Мурат Иманкулов менен талкуулайбыз.
Нобел сыйлыгынын адабият боюнча быйылкы лауреаты мажар жазуучусу Ласло Краснахоркаи болду. Нобел комитетинин билдирүүсүндө "Сыйлык анын кыямат шартында искусствонун күчүн ырастаган ынанымдуу жана көсөм чыгармачылыгы үчүн берилди" деп айтылды.
Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Баян-Өлгий аймагындагы кыргыздар, археологиялык эстеликтер тууралуу Фейсбук баракчасына байма-бай маалыматтарды чыгарууда.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаңы гимндин текстинин беш варианты тандалып алынганын билдирди. Мындай чечим 25-июлда гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынганы айтылды. Эми ал тексттердин музыкасына кайра сынак жарыяланмакчы.
Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи аптасында 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктары эскерилет. XX кылымдагы кыргыз тарыхындагы эң чоң трагедия тууралуу жүз жыл өткөндөн кийин дагы ачыкка чыгып жаткан архив маалыматтар бар.
Дүйнөдө кино көрөрмандар түштүк кореялык “Кальмар оюндары” тасмасынын үчүнчү сезону тууралуу кызуу сөз кылып жаткан чакта, кыргызстандык белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасы Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” аталды.
Таанымал режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара Кызыл Сары” тасмасы Шанхайда өткөн эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” аталды. Режиссер “Азаттыкка” кеңири маек куруп, Баткенде тартылган соңку тасмасы, келечек пландары менен бөлүштү.
Дагы жүктөңүз