“Куугунтук курмандыктары” подкастында тарыхчы, окумуштуу Гүлзада Абдалиева менен ушул тууралуу талкуулайбыз.
- Гүлзада эже, саламатсызбы. Үркүн - 1916-жылдагы Улуттук боштондук көтөрүлүштүн курмандыктары келерки апталарда эскерилет. Жарандык коомдун өкүлдөрү, ыктыярчылар, тарыхчылар ошол Үркүндө качкан эл басып өткөн жол менен жүрүш жасап, эскерүү иш-чарларын жыл сайын өткөрүп келүүдө. Сиз менен кайра Кытайдан кайткан учур кандай болгонун сүйлөшөлү. Кайсыл жол менен кантип кайтып келишти? Ушул боюнча жаңы архив маалыматтарды тапканыңызды айтып калдыңыз.
- Чынында 1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшү кыргыз элинин тарыхындагы трагедиялуу барактардын бири. Бул боюнча тарыхчылар арасында изилдөөлөр токтой элек. Жеке эле тарыхты сүйүүчүлөр эмес, ар бир кыргыз атуулу үчүн маанилүү саналат. Ошондуктан архивди казып, жаңы маалыматтар менен толуктап жүрөбүз. 2024-жылы Казакстандын Жаркент шаарындагы архивден маалыматтарды таптык. Бул жердеги архивде 1917-жылы кыргыздардын Кытайдан кайра мекенине кайтып келиши боюнча маалыматтар табылды. Азыр Жаркенттин архиви Талды-Коргон шаарына көчүрүлгөн экен. Ошол жерге барып келдик.
Кыргыздар Кытайга үч багыт менен качканын айтып жүрөбүз. Массалык түрдө Бедел ашуусу аркылуу качып, Ак-Суу жана Үч-Турпанга барышкан. Каркыра жайлоосу аркылуу качкандар Музарт суусу аркылуу өтүп, Текеске барышкан. Бул азыркы Кытайдагы Иле-Казак автоном облусунун аймагы. Аймактагы Текес ооданынын Көк-Терек айылында, Могул-Кγрө ооданынын Шаты айылында, Кулжа шаарына караштуу Нылкы айылдарында Үркүндө качып өтүп, кийин калып калган кыргыздар бар. Көпчүлүгү Иле келишиминин негизинде мекенине келишкен. Жаңы түптөлүп жатса дагы совет өкмөтү 1920-жылы Иле аймагынын жергиликтүү бийлиги менен келишим түзүп, качкындардын мекенине кайтып келишине шарт түзгөн.
Орус падышачылыгы кулагандан кийин, 1917-жылы Убактылуу өкмөт алгачкылардан болуп качкындарды кайтаруу аракетин көргөнүн дагы айта кетели. Убактылуу өкмөттүн учурунда изилдөөлөр жүргөн. Мухамеджан Тынышпаев (1879-1937-жж.) канча киши качкандыгын, канчасы набыт болгонун изилдеп, 1917-жылы 1-майда баяндама жасаган. Кыргыздарды мекенине кайтаруу боюнча иш-аракеттер жүрүп, акча каражаты бөлүнгөн. Ал каражаттар жабыр тарткан келгин орус дыйкандарына, качкын кыргыздарга да берилген. Бирок качкындар мекенине кайтып келгенде коопсуздук жагына кепилдик болгон эмес. Белгилүү тарыхчы Кушбек Үсөнбаев изилдөөлөрүндө “кыргыздар кайтып келгенден кийин дагы жазалоого кабылганын” жазган. Мындай маалыматтарды Жусуп Абдракманов дагы өзүнүн эмгегинде белгилеген. Манасчы Саякбай Каралаев ушундай катаал мамиле туш болгонун эскерген.
- Казакстандан табылган архивдерде дагы кандай жаңы маалыматтар бар экен?
- Жаркенттеги Талды-Коргонго көчүрүлгөн архивде Иле келишиминин негизинде Хоргос аркылуу келген кыргыздардын тизмесин таптык. Айрыкча Пишпек жана Пржевальск уезддеринен келгендеринин аты-жөнү такталган экен. Бул жерде “Список беженцев” деп турат. Үй-бүлө курамы, бир бүлөдөн канча киши болгону, канчасы кайтып келгени, курагы дагы көрсөтүлгөн.
Мөкүш Шабданов тууралуу дагы маалыматтар жүрөт. Ал кыргыздарды кайтарууда чоң ишти аркалаптыр. Шабдандын балдары Мөкүш, Кемел, Исамидин дагы 1916-жылдагы көтөрүлүштө Кытайга качышкан. Ошол жактан кыргыздардын кайсыл аймактарга барышканын жакшы билишкен. Ошондуктан Иле келишиминин негизинде качкындарды алып келели дегенде булардан көмөк сурашып, аларды Кытайга жиберишкен экен.
Айрым кулчулукка сатылып кеткен кыргыздарды кайра сатып алуу маселеси да каралган. Шабдандын балдары кайра Кыргызстандын аймагына кайтып келип, элден түлкүнүн терисин жана бал жыйнашыптыр. Совет өкмөтү акча каражатын жана алтын бериптир. Кытай жеринде кулчулукка сатылган кыргыздарды ошентип бошотуп, мекенине кайтарышкан. Чек арада кайтып келген кыргыздарды текшеришкен. Карызы бар-жогун аныктап, жалданып иштеген болсо аларды сатып алуу керек болгон.
Совет бийлигинин чоң маани бергенин айтып өтпөсөк болбойт. Качкындар үчүн бир суткага 450 рубль бөлүнгөн, балдарга 250 рубль. Бул ошол кездеги чоң акча болгон.
Качкындар үчүн атайын ысык тамак уюштурулуп, ал жерде 55 күн багышкан. Дарыгерлер көзөмөлүнө алып, мончолорду дагы уюштурушканы архивдеги маалыматтарда көрсөтүлөт.
Мындай лагерлер өлкөнүн түндүк аймактарында 1926-жылга чейин уланган. Айрым маалыматтарда, түштүк аймагында 1934-жылга чейин тамак-аш уюштурган атайын жерлер болуптур.
- Буга чейинки сиз менен маегибизде Марал-Башы деген жерде кул базар болгонун, кичинекей кыздарды, өспүрүмдөрдү, кыз-келиндерди, эркек балдарды дагы сатышканы тууралуу сөз кылганбыз. Кулчулуктан сатып алышыптыр деп жатпайсызбы, ошолор тууралуу кеңири маалыматтар бар бекен?
- Талды-Коргондогу архивде үй-бүлө мүчөлөрү, жаш курагы көрсөтүлгөн. Бирок кулчулукка сатылгандар тууралуу маалыматтар берилген эмес. Биздин Кытайга болгон экспедициябызда ошол кездеги сатылган кыздар, турмушка чыккандар боюнча изилдегенбиз. Алар кайтып келишкен эмес. Ал кыздар “биз маралбашылыкпыз, анткени ошол жерден биз үй-бүлөбүздөн ажырганбыз” дешчү экен. Алар ошол Марал-Башыны үй-бүлөсүнөн, ата мекенинен ажырган жер катары билишкен. Кийин алар үй-бүлө күтүшсө дагы Марал-Башыны унутушкан эмес. Архивдик булактардан карасак, абдан көп эскерүүлөр бар. Бул эми өзүнчө жараат, эс тутумда калган травма десек болот.
Ошол эле экспедициябызда дагы ушундай топторду көрдүк. Маселен, "Көлдүк деген уруудан болобуз" дегендер болду. Мындай уруу барбы деп ойлодум. “Бул кандай уруу” деп сурасак, “Көлдүк деген уруунун бугусунанбыз, сарыбагышынанбыз” деп айтып беришти. Көрсө, Ысык-Көлдөн качып барган кыргыздардын бир тобу экен. Жогоруда айткандай эле, бул эс тутумда калган жараат.
Талды-Коргонго бараткан жолдо абдан ойго баттым. Ушундай алыс жолду (автоунаа менен баратып кыйналасың), жөө-жалаңдап кантип басып өтүшкөнүн элестеттим. Жаркентте атайын лагерь болуптур. Ошол жерден тыңып, анан жолго чыгышкан. Архивде кайтып келаткан кыргыздарды НКВДнын кызматкерлери тоногону жөнүндө да маалыматтар бар экен. “Аларга чара көрүлсүн” деп Мөңкүш Шабданов даттанган экен. (Төмөнкү сүрөттө көрсөтүлөт)
- Мал-жандыктары менен келишкенби?
- Иледе өткөндөрдүн мал-жандыгы болгону тууралуу маалымат жок . Бирок 1934-жылы Алайдан кирген чек арада ветеринардык пост болуп, малы менен өткөндөрдү текшеришкен экен. Иледен өткөндөр тууралуу андай маалыматтарды жолуктурган жокмун.
- Демек, Кытайга качканда Сөөктү, Музартты, Бедел ашуусун ашканын айтып келебиз. Кайра мекенине кайтканда бул багыттар менен келишкен эмес турбайбы?
- Жок. Анткени, совет бийлиги кыйынчылыгы жок, чыгымга учурабай турган, татаал эмес жолдор аркылуу өткөргөн. Хоргос аркылуу келишкен. Мурдагы изилдөөлөрдө Торугарт аркылуу келишкенин айтканбыз.
- Жаркенттин архивин толук эле карадыңыздарбы же дагы иликтеш керекпи?
- Албетте, ал жерде айлап олтуруп иштей турган маалыматтар бар экен. Бул жолу биз жалпы таанышып, кайсыл фонддон, кандай делолордон алсак боло турганын изилдеп келдик. Архивде иштеп жаткан казак кесиптештер көп маалымат бар экенин айтышты. Казактар өздөрүнө таандык бөлүгүн чоң эмгек кылып жарыялаптыр. Аларда дагы Кытайга качышкан да. Ошону тактап, тизмелерин түзүп, китеп кылып чыгарышты. Тилекке каршы, бизде андай иш жүрө элек. Кимдер келди, ошол кезде канча жашта эле деген маалыматтарды тактай алабыз. Маселен, кайсыл айылдан келгени да көрсөтүлүптүр. Тору-Айгыр деп жүрөт, Кең-Суу деп көрсөтүлгөн. Пишпек жана Пржевальск уезддеринен келгендер тууралуу маалыматтар көп экен.
- Китеп, томдуктар деп жатпайсызбы. Бул окуяларды визуалдаштыруу керек го дейм. Карталарды чийип, сүрөт жана башка материалдар менен Үркүндү кийинки муундардын эс тутумунда кала тургандай окуп, үйрөтүү зарылдыгы жаралды окшойт.
- Албетте, бул замандын талабы. Анткени биз окутуп жаткан студенттер дагы талап кылышат. Визуалдык материалдар менен көп нерсени жеткире алабыз. Ошол биз сөз кылып жаткан тизмелердин баарын түзүп, киргизсек да болот. Ушул тууралуу ойлонуп жүрөм. Ысык-Көлдүн кайсыл аймагынан Кытайга качса дагы, баарынын тизмеси болгон. Ошолорду өзүнчө түзүп койсок, анын бүгүнкү күндөгү урпактары деле көрмөк да.
Дагы бир тизмени түзсө болот, бул 1916-жылы Орусиянын аймактарына орук жумуштарына баргандар. Орусиянын 32 аймагына барып, татаал шарттарда иштегендер тууралуу маалыматты көптөр биле бербейт. Ал жерде дагы кайсыл аймактан барганы, жашы, кайра кайтып келгендегиси, кандай шартта иштегендиги бүт бар.
- Кыргызстандын кайсыл аймактарынан барышыптыр?
-Оштон, Жалал-Абаддан көп барышкан. Талас, Чүй боюнча маалыматтар бар. Биринчи дүйнөлүк согуш жана кыргыздардын орук жумушуна тартылышы боюнча бир аспирантыбызга бердик, изилдесе көп маалыматтар ачыкка чыгышы мүмкүн.
- Сиз өзүңүз Кытайга бир нече жолу барып келдиңиз. Ал жакта калып калган кыргыздар менен сүйлөшкөндө эмне деп айтышат? Ошол трагедиялардан көкүрөгүндө кетпеген так калгандыр...
- 2002-2015-жылдар аралыгында Кытайга бир нече жолу барып келдим. Биз Көк-Терек деген айылга барганда 99 жаштагы аксакал менен маек курдук. Жерлиги Түптөн экен. Ошол киши Үркүндө качып келип, Кытайдын аймагында калып калгандардан. Түп жөнүндө, Ысык-Көл жөнүндө, кантип качып келгендерин атасы айтып бергенин эскерди. Ушунчалык таасирдүү кылып айтып берди. Биз 1916-жылы Кытайга качып өтүшкөнүн айтабыз. Чынында айрымдар Биринчи дүйнөлүк согуштун алдында эле көчүп өтө башташкан экен. Шаты деген жерде Жети-Өгүздөн качып баргандарга жолуктук. Алар ата-энелеринен уккандарынан улам Ысык-Көлдү, Жети-Өгүздү укмуш сүрөттөшүп, аябай кусаланышат. Таң калтырганы, Артыштагы, Кызыл-Суудагы кыргыздарда самоор колдонушпайт. Ал эми качып барган Илидеги кыргыздарда самоор колдонушат. Демек, бул дагы Орус оторчулугунун бир белгиси, өзүнчө макала жазса болот. Айрым орус сөздөрү сакталып калган.
- Алар өз-өзүнчө отурукташканбы же ошол жердеги эле айылдарга аралашып кетишкенби?
- Мисалы, Кулжа шаарынын жанында Нылкы деген жерде миң кыргыз бар экен. 1916-жылы качып барган кыргыздар, ага чейин ал аймакта болбоптур. Бирок алар кыргыз тилин унутуп, казак тилинде сүйлөп калышыптыр. Анткени тегереги бүт казактар болуп, кыз алып, кыз берип, аралашып кетишкен. Цин жана Орус империясынын ортосундагы чек ара бөлүнгөндө аймактагы кыргыздар эки тарапта калышкан. Мен айтып жаткан Шаты кыштоо болуп, жайлоого Ысык-Көл тарапка көчүшкөн экен. Айрымдар ошол Үркүндө туугандары бул жакта болуп, ошону пааналап көчүп келишкенин да айтып беришти.
Кытайдагы Шаты, Көк-Терек тарапта Сайкал ашуусу деген бел бар экен. Бул жер 1916-жылдагы Үркүндөн кийин Кыргыз ашуусу аталып калган. Беделде массалык кыргындын белгилери табылып, сөөктөрдү таап жатпайбызбы. Мына ушул Сайкал деген жерде дагы чоң кыргын болуп, кийин жергиликтүү калк сөөктөрдү көмүшкөн экен. 80-жылдарга чейин эле бул ашууда казан-аяктын, уук-түндүктүн калдыктары массалык жатканын айтып беришти. Биз бара албадык, анткени ал жерде алтын иштеткен ишкана курулуп, чет жактан келгендерге барганга болбойт деп айтышты.
- Буга чейинки маекте да сөз кылганбыз. Үркүндө жетим калган балдардын тагдыры дагы өзүнчө чоң тема эмеспи...
- Токмок жана Пишпекте балдар үйү болгон. Биз жакында эле Чүйдүн Кайыңды айылындагы Алыкул Осмонов атындагы музейде болуп келдик. Ошол жактан жетим балдардын сүрөттөрүн алып келдим. Алыкул Осмоновдун дагы ата-энеси 1916-жылдагы Үркүндө качабыз деп каза болгон. Алыкул Пишпекте, кийин Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланып жатпайбы. Бул боюнча дагы изилдесе көп маалымат чыгат. Маселен, Тазабек Саманчиндин тагдыры дагы ушундай.
(Айрым кыскартуулар менен берилди. Толук вариантын видеосунан көрө аласыздар)
Шерине