Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

1937: Репрессияда атылгандардын сөөгү "Ала-Арчага" да жашырылганбы?


Тарыхчылар эл оозундагы маалыматтарга таянып, 1938-жылдын кыш, жаз айларындагы репрессия курмандыктары Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнү жайгашкан жерде массалык түрдө жашырылган деп эсептейт. Ал жерде мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыковдун, Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү табылышы мүмкүн.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов бул жайды изилдөөгө бийликтен уруксат сураган.

Кыяс Молдокасымов
Кыяс Молдокасымов

“Кара Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгына карата көптөгөн иш-чаралар өттү. Өткөн жылы “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” президенттин жарлыгы да чыкты. Бул документте мамлекеттик ишмерлер Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевди Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар деп эсептеп, алардын элесин урматтоо ар бир жарандын парзы катары каралышы керектиги жазылган. Бул беш инсандын экөөнүн сөөгү Чоң-Таштан табылып, “Ата Бейитке” сөөгү кайра коюлду. Калган үчөө - Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаевдин сөөгү кайда жашырылганы азырга чейин дайынсыз. Ошону тактап койсок деп көп аракет кылдык. "Ала-Арча" көрүстөнүнө 1937-1938-жылдардагы сталиндик репрессиянын курмандыктарынын сөөгү жашырылган деген маалымат мурдатан эле айтылып келген. Бирок эми ушунча чоң аймактын кайсы жеринде экени белгисиз эле. Азыр эми көрүстөндө бош жаткан аз эле тилке калды. Ошол репрессия маалында бул жерде кароолчу болуп иштеген уйгур кишинин көзү өтүп кеткен. Бирок ал киши “сөөктөр жашыруун көмүлгөн” деп айтып кетиптир. Андан сырткары, бул маңдайда жөөттөрдүн өзүнчө бейити бар. Ортодо канал болгон экен. Жөөттөр арасында дагы “каналдын берки бетинде жаңы бейит пайда болуп калды” деп айткандар болуптур. Ошондой айтылган сөздөргө таянып биз сөөк жашырылган болушу мүмкүн деген жерди аныктадык. Археологдорду алып келсек, алар дагы карап көрүп, массалык көмүлгөн сөөктөр болушу мүмкүн экенин айтып жатышат”, - деди Молдокасымов.

Тарыхчы өткөн жылдын аягында президент Садыр Жапаровго ушул жерди казууга уруксат сурап кайрылганын айтып жатат. "Президент “тапшырма берем” деген эле, ошону күтүп жатабыз” деди ал.

Абдыкерим Сыдыков (1889-1938)
Абдыкерим Сыдыков (1889-1938)

"Ала-Арчада" сөөгү жаткан болушу мүмкүн” делген эки тарыхый инсан тең Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделишине, XX кылымдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүүдө эмгеги зор болгон.

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдыкерим Сыдыков (1889-1938-ж.) Кыргыз автоном тоолуу облусун түзүүнүн демилгечиси.

1933-жылы камакка алынып, “улутчул-контрреволюциячыл уюмдун жетекчиси болгон” деп айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. 1938-жылы Социал-Туран партиясынын уюштуруучуларынын бири катары айыпталып, 49 жашында өлүм жазасына тартылган. Өкүм 1938-жылдын 18-февралында ишке ашырылганы айтылып жүрөт.

Биз тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү “репрессия маалында сөөктөр жашырылган” деген жерге барып келдик. Изилдөөчүлөр божомолдогон жер бир аз чөгүп, чуңкур болуп турганын көрүүгө болот. Тарыхчылар өлкө бийлиги уруксат берсе эле казуу иштерин баштоого даяр турат.

“Казып баштаганда эле сөөктөр чыгат деп ишенип турабыз. Анткени эл оозунда айтылгандар, биздеги маалыматтар сөөктөр ушул жерге жашырылганын көрсөтөт”, - деди Молдокасымов.

Подкастты толугу менен бул жерден көрүңүз:

Абдыкадыр Орозбеков Кара Кыргыз автоном облусунун Аткаруу комитетинин төрагасы болуп турган. Репрессияланган учурунда 48 жашта болгон. 1937-жылы сентябрда камакка алынып, сегиз айдан кийин тергөө учурундагы ур-токмоктон өлгөнү тууралуу маалыматтар бар.

Орозбековдун абакта кандай жагдайда каза тапканын көргөн күбөнүн өз оозунан уккандарын белгилүү санжырачы, 95 жаштагы Сыргак Сооронкулов мындайча эскерди:

1889 - 1938
1889 - 1938

“Таласта эл башкарган Жунусов Манапбай, Баратбай дегендер сталиндик репрессия маалында, 1937-жылдары камакка алынып, кийин бошотулган экен. Мен ошол Манапбайы менен жакшы сүйлөшүп калар элем. Анда мен жашмын, ал киши мени жакшы көрүп көп сүйлөшөт. Ошол кишинин айтымында, азыркы Логвиненко менен Токтогул (Бишкектеги) көчөлөрүнүн кесилишинде, жолдун түштүк ыптасында орустар курган чакан үйлөр бар экен. Ошол жерде медициналык окуу жай үчүн жатакана курулуптур. Репрессия маалында камакка алынгандарды ошол жатакана деп курулган имаратка камашыптыр. Манапбай ошол жерге камалганын айтып берген. “Бир камерада толтура киши отуруптур. Төрдө олтурган киши “Кел, менин жаныма өт. Сени тааныдым, бул таластык жигит” деп калды. Көрсө, ошол киши Абдыкадыр Орозбеков экен” деп айтып берген. “Чекеден суракка алып кетишет. Бир мерте Орозбеков тергөөчүнүн сурагына кетип адаттагыдан узакка чейин келбеди. Анан эле опур-топур болуп калды, эки аскер Орозбековду колдон-буттан алып сүйрөп келди. Аябай сабашкан экен. Бирок тирүү экен, эки сааттай жатып калып, анан өзүнө келди. “Ден соолугум болбой калды, мени талкалап коюшту. Ичимден соо жерим калбады, аябай тепкилешти. Жаңылыштык өзүмдө болду, иш оңолгондо өзүм болбой калдым, балдар” деди. Ошентип каза болуп калды. Анан төрт аскер кирип келип, көтөрүп чыгып кеткен. Ошол бойдон дайыны чыккан жок” деп айтып берген эле”.

Буга чейин Орозбековдун урпактары дагы жазыксыз репрессияланган атасынын сөөгү кайда көмүлгөнүн табууга жардам сурап өлкө жетекчилигине кайрылган эле.

Небереси Жылдызкан Орозбекованын айтымында, 1937-жылы сентябрда үйүнөн жумушуна кетип, ошол жактан камакка алынган.

Жылдызкан Орозбекова
Жылдызкан Орозбекова

“1937-жылы жайында гезиттерге “Абдыкадыр Орозбеков Совет бийлигине каршы иштеп жатыптыр” деген маалыматтар чыгыптыр. Ушул эле жылы 20-сентябрда ал ишине кетип баратып атам Өзгөрүштү бекем кучактап, эки бетинен өөп, “мен НКВДга барып, Совет бийлигине каршы эмес экенимди, ак экенимди далилдейм” деп чыгып кетет. Чоң атам ошол кезде Фрунзедеги (азыркы Бишкек) азыркы Тарых музейинин ордунда жайгашкан Карл Маркс көчөсүндөгү 57-үйдө жашаган. НКВДнын имараты болсо ошол үйдүн маңдайында болгон (азыр “Раритет” китеп дүкөнү жайгашкан имарат). Анда НКВДнын камералары болгон экен. Ошол кеткен боюнча үйүнө кайра кайтып келген эмес. Тергөөчүлөр 1937-жылы 23-сентябрда үйүндө тинтүү өткөрүп, буюм-тайымдардын баарын чачып, эжебиз менен атамдын (анда окуучу балдар экен) окуу куралдарынан бери чачышыптыр. Совет бийлигине каршы документтерди издешкен дешет. Чоң атам менен карым-катнашта болгондор, бирге иштеген, чогуу жүргөндөр, Кадамжайдын Охна айылынын аксакалдарынан бери камашкан. Кичине гана байланышы болсо, үйгө келип кеткендер болсо, ошолордун баарын камашкан. Чогуу жашаган тууганы жумуштан келе жатса ошол жерди кайтарып турган аскерлердин бири ымдап, “кирбе” деген белги берген экен, ошону менен ал камалбай аман калыптыр”.

1937-1938-жылдары репрессия курмандыктарынын сөөгү жапырт көмүлгөн деп айтылып жаткан “Ала-Арча” көрүстөнүндөгү изилдөөлөргө азырынча уруксат бериле элек. Эгерде бул жай изилденип, далилдүү фактылар аныкталса, анда Кыргызстандын аймагында репрессияда атылгандар жапырт көмүлгөндөр аныкталган үчүнчү жай болуп калат.

Өткөн жылы Өзгөндүн Куршабында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, “Кекилик-Учар бейити” деп аталган мемориалдык жай ачылды.

Эгемендиктин алгачкы жылында 1938-жылы “улутчул, эл душманы” деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү Чоң-Таштын чет жакасынан табылып, кайра жерге берилген. Табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. "Ата-Бейит" деген атты жазуучу сунуштаган экен. "Ата-Бейит" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден бир көрүстөнү.

Cталиндик репрессияда Кыргызстандан 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы ар кандай булактарда айтылат.

Сталиндик репрессия маалында жалпы СССР калкынын 1,7 миллиону камалып, алардын миллионго жакыны атууга кеткен. Советтер Союзунун курамындагы 11 республиканын жашоочулары өз жеринен зордоп көчүрүлүп, ушундай эле кысымга 48 улуттун өкүлү жарым-жартылай кабылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG