"Азаттыктын" редактору, журналист. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Өзгөндүн Куршабында 1920-1930-жылдардагы репрессия курмандыктары жапырт көмүлгөн жайга эстелик орнотулуп, "Кекилик-Учар бейити" деп аталган мемориалдык жай ачылды. Бул жайдын таржымалы жана Кыргызстандын аймагында репрессияда атылган кишилердин сөөгү жапырт көмүлгөн жайлар тууралуу сөз кылабыз.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтмүшүн кайра карап чыгууга далалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу талкуулайбыз.
Кыргызстанда ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул күндү утурлай эле 1920-1930-жылдары сталиндик репрессияда “эл душмандарынын жакыны” катары куугунтукталып, лагерлерге камалган аялдардын тагдырлары тууралуу эки китеп жарык көрдү.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында эгемендик жылдардан кийин өзүнүн тарыхына, тилине, маданиятына жаңыча мамиле кылып, өтүмүшүн кайра карап чыгууга далаалат кылып жаткан Борбор Азия өлкөлөрү тууралуу өзбекстандык тарыхчы Бахром Ирзаев, кыргызстандык тарыхчы Сабыр Арстанов менен талкуулайбыз.
Жусуп Кангелди уулу ың-жыңсыз кеткен сталиндик репрессиянын курмандыктарынын бири. Эмне үчүн Жусуп Кангелди уулу тууралуу көп маалымат белгисиз болуп келген? Анын Кара Кыргыз автоном облусун түзүүдөгү ролу жана чек араларды аныктоого кандай тиешеси болгон?
Кыргыздын төл гезити “Эркин Тоо” (азыркы “Кыргыз Туусу”) бир кылымдык мааракесин белгилөөнүн алдында турат. Айрым тарыхчылар өзүнүн аталышы менен “Эркин Тоо” адеп жарык көргөндө кылымдар бою эркиндикти эңсеген элдин мүдөөсү, үнү, үмүтү катары кабыл алынганын жазышат.
1920-1930-жылдардагы репрессияда “эл душмандарынын” жакындары катары миндеген аялдар куугунтукталып, лагерлерге камалган. Совет өлкөсүнүн аймагында аялдар камалган төрт лагер болсо, анын бири Кыргызстандын аймагында уюштурулган.
Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстандын чек аралары кесилишкен Фергана өрөөнүндө суу - экологиялык, экономикалык же социалдык эле маселе эмес, геосаясий мүнөзгө да ээ. “Азаттык” радиосунун "Сел менен кургакчылыкка эмне себеп?" деп аталган атайын долбоорунун алгачкы чыгарылышын сунуш кылабыз.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында ХХ кылымдын 30-жылдары кулакка тартылып, кыргыз жеринде орун-очок алган азерилер тууралуу айтып беребиз.
Белгилүү тарыхый инсандар Алымбек датка менен Курманжан датка тууралуу ондогон эмгектер жазылып, кыргыз акын-жазуучулары роман, поэмаларды арнашкан. Документалдуу жана көркөм тасмалар да тартылды.
Азап-тозокту башынан кечирип, немис туткунунан, андан кийин Сибирдеги советтик лагерден Ала-Тоого аман-эсен жеткен кыргыздын уулу Сатар Алманбетовдун тагдыры тууралуу тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен маек курабыз.
Кыргызстанда төрт айыл аймагы менен 13 айылдын аталышын өзгөртүү чечими кабыл алынды. Соңку жылдары Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө жер-суулардын тарыхый аталыштарын кайтаруу аракеттери кайра жанданууда.
"Ата-Бейит" улуттук тарыхый мемориалдык комплексинде кандай сырлар катылган?
1916-жылы Үркүндө Кытайга жер оодарып кеткен кыргыздардын баскан жолу картага түшүрүлдү.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында коопсуздук кызматынын отставкадагы полковниги, бир нече даректүү изилдөөлөрдүн автору Талант Разаков жана белгилүү жазуучу, тарыхчы Арслан Капай уулу Койчиев менен ХХ кылымдын башындагы окуялар, кыргыздардын өз алдынчалыкка жетүү мүдөөсү, ошол доордун каармандарынын бири Төрөкул Жанузаков тууралуу кеп кылабыз.
Кара-Кыргыз автоном облусунун негизделгенине быйыл 100 жыл болот. XX кылымдагы кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү үчүн кыл чайнашкан күрөш. 1924-жылы Кара-Кыргыз автоном облусу кантип түзүлгөн? Республика түзүү идеясынын артында кимдер турган?
Дагы жүктөңүз