Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:15

Колымага айдалган кыргыз, лагерден табылган документтер


Айгүл Осмонова Орусиянын Магадан аймагынан алынган архив маалыматтарды чогулутуп, “ГУЛАГдын курмандыгы атам жана чоң атам” деген китеп жазды.
Айгүл Осмонова Орусиянын Магадан аймагынан алынган архив маалыматтарды чогулутуп, “ГУЛАГдын курмандыгы атам жана чоң атам” деген китеп жазды.

1938-жылы Орусиянын Колыма аймагына лагерге айдалган Осмон Элебесов тууралуу 80 жылдан кийин урпактарынын колуна архив документтер тийди. Ал юридикалык билими бар, өз доорунун алдыңкы ишмерлеринин бири болгон. 1938-жылы камакка алынып, 10 жылга лагерге айдалып, ошол жакта сөөгү калган.

Осмон Элебесовдун небереси Айгүл Осмонова Орусиянын Магадан аймагынан архив маалыматтарды чогултуп, “ГУЛАГдын курмандыгы атам жана чоң атам” деген китеп жазды. Режиссер Асанкожо Айтикеев даректүү тасма тарткан.

"Азаттыктын" "Куугунтук курмандыктары" подкастында эмгек түзөтүү лагерлерине айдалган кыргыздар жана Осмон Элебесовдун тагдыры тууралуу кеп кылабыз.

- Орусиянын Колыма аталган аймагы 1930–1950-жылдардагы репрессия маалында абактардын эң тозоку чордонуна айланган жер катары айтылып жүрөт. Убагында орустун диссидент жазуучусу Александр Солженицын Колыма жергесин “ызгаардуу сууктун жана ырайымсыздыктын уюлу” деп мүнөздөгөн экен. Айгүл Осмонова, сиз жазган эмгекти барактап чыгып, арадан канча жыл өтсө дагы бардык архив документтерди чогултканыңызды өтө жогору бааладым. Кепти сизден баштайлы, чоң атаңыздын таржымалын айтып бериңиз.

Айгүл Осмонова: Чоң атам Осмон Элебесов 1895-жылы Ысык-Көлдүн Чоӊ-Жергез айылында туулган . Бул айыл илгери Түргөн болуштугуна карап турган, азыркы Ак-Суу районунда. Партия тарыхы институтундагы документтерден өз колу менен толтурулган өмүр баянын таап алдым. Ошондо “Атам Элебес “ыстарчын” (старшина – падышалык доордогу кызмат) болгон” деп жазыптыр. Атасы 1906-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебине алып келип окутуптур. Андан кийин Караколдо Г. А. Колпаковский атындагы аскердик окуу жайда билим алганын жазат. Орус тилин жакшы билгендиктен тилмеч болуп, катчы болуп иштеп жүрүптүр.

Осмон Элебесов (1895 -1947). 1925-жылы тартылган сүрөт
Осмон Элебесов (1895 -1947). 1925-жылы тартылган сүрөт

1916-жылдары “Мировой суд” деп коет (Орус империясынын учурунда иштеп, 1917-жылдагы Октябрь ыңкылабынан кийин жоюлган орган), ошондо иштептир. Анан Үркүн болуп, Ак-Суу өрөөнүнөн чоң атам дагы үй-бүлөсү менен Кытайдын аймагына качат. 1917-жылдан кийин эл менен кайра жерине кайтып келиптир.

Осмон Элебесов сабаттуу болгондуктан келгенден кийин Совет өкмөтүнө кызмат кыла баштаптыр. 1919-жылы Коммунисттик партияга, “Кошчу” союзуна өтүптүр. 1919-1921-жылдары Караколдогу сотто тилмеч жана катчы болуп иштептир. 1922-жылы Каракол сотунда судья, 1925-жылы Ташкентте билимин өркүндөтүп келип, сот тармагында 1931-жылга чейин иштейт. Ушул жылдар аралыгында жер бөлүштүрүү боюнча жооптуу кызматтарды аркалаган. Партия тарыхы институтундагы табылган документтерде ушунун баары көрсөтүлүптүр. Кызматтан алынган себеби белгисиз.

Андан кийин өзү туулуп өскөн айылга көчүп келиптир. Ал маалда биздин өрөөндө апийим айдалчу экен. Ошол "Дары чөптөрдү жыйноо" деп аталыптыр. Ошентип Сары-Камыш айылында колхоз айдаган апийимди өкмөткө тапшыруу кызматында иштептир. “Госприемщик опийного сырца” деп аталчу экен. Лагердеги делосу быйыл колума тийди, анда “Акыркы жолу кайсы жерде иштедиң?” деген жерге “1931-жылдан баштап агротехник кызматында иштедим” деп жазыптыр. 1938-жылы январда жумуштан алыныптыр. Себептери белгисиз, "борбордон ошондой буйрук келди" деп айтышкан экен. Көп өтпөй 4-мартта камакка алынган. Ага “антисоветтик ишмердик кылган” деген айып тагылган. НКВД кызматкерлери таңга жуук келип, үйүндө тинтүү жүргүзүп, анан машинеге салып алып кеткенин айылдагы күбөлөр айтып беришкен.

- Борборго алып келиптирби же Караколдо камалганбы?

Айгүл Осмонова: Анысы белгисиз, эки айдан кийин чоң атамдан Молдовановка түрмөсүнөн кат барыптыр. Катта: “Мени он жылга камашты. Молдовановка түрмөсүнөн Орусиянын Нижний Тагил шаарына айдалып баратам” деп жазыптыр. 1938-жылдын аягында Ыраакы Чыгышка айдаган. Анан Түндүк-Чыгыш эмгек түзөтүү лагери деп, Бухта-Находкадагы лагерге камаган. Ушул жерде өмүрүнүн соңуна чейин кор болгон жашоодо жашап, оорудан каза болгон. Кыскача таржымалы ушундай.

Подкастты толугу менен бул жерден көрүңүз:

- Бул киши өзүн актоого аракет кылып жазган каттары, арыздарынан өтө сабаттуу болгону көрүнүп турат. Убагында юстиция тармагында иштеп, Караколдо сот болгон экен. Осмон Элебесов тууралуу кеп кылып жатып лагерлерде ың-жыңсыз кеткен жүздөгөн кыргыздардын тагдырын көзгө тартабыз. Асанкожо агай, сиз даректүү тасма тартканга аракет кылган экенсиз?

Асанкожо Айтикеев: Биз көп жылдан бери Мар Байжиев агабыз менен "репрессия тууралуу тасма тартабыз" деп даярданып жүргөнбүз. Репрессия 1950-жылдарга чейин токтогон эмес да. Мар Байжиевдин атасы Ташым Байжиев дагы камалып, Караганда лагерине айдалган. Ошол жактан каза тапкан. Он жылдай мурун "Карагандага барып келели, атамдын жаткан жерине топурак салып келели" деп айткан. Бирок кийин өзү эле кетиптир, ыйлап келди. “Атамдын сөөгү коюлган жерди таптым. Репрессия тууралуу тасманы баштайлы, долбоорун жазып койдум” деди. Жусуп Абдрахмановдон баштайлы деп даярданып жүргөнбүз. Бирок кийин өйдө жактан бекитпей койдубу, айтор, калып кетти. Анан өткөн жылы Мар аганын дагы көзү өтүп кетти.

Георгий Кусургашевдин "Колыма эпопеясы" аталган сүрөттөрүнүн бири.
Георгий Кусургашевдин "Колыма эпопеясы" аталган сүрөттөрүнүн бири.

1937-1938-жылдардагы репрессия тууралуу тартам деп өзүм дагы китептерди окуп, материал чогултуп жүргөм. Анан ошентип жүрүп Айгүл Осмонова чоң атасы тууралуу айтып калды, “айылдагы мектепке ысымы берилгени жатат” деп. Анан документтерин карап чыгып кызыгып калдым. Ошентип даректүү тасма тартууга кириштик. Балдарынын ичинен кызы Раянын көзү тирүү экен, ошондон маалымат алып, “Өксүгөн өмүр” деп кыска тасма тарттык. Бирок материалдарды кеңейтип тартуу зарыл.

- Тартканга жараша Колымага да барып келиш керек го...

Асанкожо Айтикеев: Ооба, ошондой ниетте турабыз. Тасма тартуу жүрөгүмдө турат. Бул киши Жусуп Абдракманов, Кожокан Шоруковдор менен иштеген экен. Ошол убактагылардын өмүр жолун карап олтуруп билимине, интеллектинин бийиктигине таң каласың. Ушул кыргыздын жылдыздарын атып жок кылышыптыр да. Болбосо, кандай мамлекет болмокпуз! Осмон Элебесов дагы өз учурунун билимдүү кишиси болуптур.

- Бул кишинин баскан жолу аркылуу лагерге айдалган жүздөгөн кыргыздардын тагдырын көрсөтөйүн деген мүдөө бар экен да сизде?

Асанкожо Айтикеев: Ошол убакта кыргыздар эки миллион эле экен. Ошонун кырк миңдейи репрессияланыптыр. Билимдүү, баш көтөргөндүн баарын эле алып барып камай берген экен. Канчасы Орусияда жок болуп кетти. Осмон Элебесовдун тагдыры мени ушунчалык толкундантты. Тогуз жыл, үч ай лагерде олтуруп, анан бошоп кетишине тогуз ай калганда каза тааптыр. Ала-Тоосун көрө албай, Ысык-Көлүнө жетпей, бала-чакасын, жакындарын көрбөй кете бергени бул чоң трагедия да! Өзү билимдүү юрист болгондуктан акталып чыгам деп, каттарды жазып, ошол ишеними менен кордук-зордукка чыдап тогуз жыл жүрсө керек. Мына, өзүң Солженицын жазган деп мисал кылып жатасың, Колымада 50 градуска жеткен суукта иштеп, тамак-аш тартыш, кийими жука, ошого чыдаган кандай эрдик.

- Кен казып, жол салып, өтө оор шартта күн кечирип...

Асанкожо Айтикеев: Көрбөгөндү көрүштү да. Атылгандар атылып кетти, а бул кишилер "балдарымды көрүп каламбы" деген үмүт менен баарына чыдаптыр. Биз азыр эскиз сыяктуу эле тасма тарттык.

Колыма аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушу. Магадан менен Якутскини туташтырган бул тилкени “Сөөктөрдүн жолу” деп аташкан. Курулуш 1930-1950-жылдары жүрүп, лагердегилердин көбү сууктан, оор жумуштан, оору-сыркоодон, жетишсиз тамак-аштан кырылган
Колыма аркылуу өткөн көпүрөнүн курулушу. Магадан менен Якутскини туташтырган бул тилкени “Сөөктөрдүн жолу” деп аташкан. Курулуш 1930-1950-жылдары жүрүп, лагердегилердин көбү сууктан, оор жумуштан, оору-сыркоодон, жетишсиз тамак-аштан кырылган

- Демек, алдыда масштабдуу кылып тартсак деген ой бар турбайбы?

Асанкожо Айтикеев: Репрессиялангандардын канчасынын ысымы аталбай келатат. Эгемендик жылдардан кийин Арабаев, Абдракманов деп бир топ инсандар тууралуу изилдөөлөр болду. Дагы көптөгөн изилдөөлөр зарыл. Мына, силер дагы “Куугунтук курмандыктары” деп подкаст чыгарып жатасыңар. Абдан ыраазы болдум. Ушуну улантып, ысымы аталбаган кыргыздын уулдарын чыгарышыбыз керек. Эл билсин, жаштар көрсүн. Бул чоң сабак. Азыркы заманда деле бири-бирин жамандаган көралбастык бар. Ушундан арылышыбыз керек.

- Улут катары өзүбүзгө да бир үңүлүшүбүз керек дегенди айтып жатасыз да. Осмон Элебесовдун өмүр жолун эми ачалы. Биздин подкасттар жарыялангандан кийин көп кишилер жазат, “атам же таятам дагы лагерге кеткен, сүргүнгө айдалган” деп. Бирок дайынын билишпей турганын, кантип документтерин тапса болорун сурашат. Айгүл Осмонова, сиз чон атаңызга тиешелүү кандай архив маалымат болсо бүт алдырган экенсиз. Ошол кантип ишке ашты, жол-жобосу кандай болду?

Айгүл Осмонова: Алгач интернеттеги ачык булактардан издеп көрдүм, эч кандай маалымат чыккан жок. Анан Рая эжемден (Осмон Элебесовдун кызы) сурадым. Ал киши дагы чоң атамдын ысымы мектепке берилгенде документтерин тактап жүргөн. 1964-жылы ошол кызы чуркап жүрүп акталышына себепчи болгон. Анан интернеттен “Репрессия курмандыктарынын жалпы базасы” (Общие базы жертв репрессий) деген сайтты көрүп калдым. Ошол сайттагы макалалардын биринин алдына журналисттин электрондук дарегин калтырышыптыр. Ошого кат жаздым. Анан ал чоң атам тууралуу бизде бар маалыматтарды тактады. “Акталганы тууралуу маалымдама, ж.б. материалдарды жибериңиз” деди.

2000-жылдары коопсуздук кызматына арыз менен кайрылып, чоң атамдын делосу менен таанышкан элем. Делодо акталганы тууралуу дагы маалымдамалар бар экен. Ошолордун баарын жиберсем, базага киргизип коюшту. Ага кошуп бизде бар сүрөтүн дагы салганбыз. “Мемориалдан” мага "мындай сүрөтүн чыгара албайбыз. бизге лагердеги делосундагы сүрөт керек" деп. “Ал үчүн лагердеги делосун алдырыңыз” деп кеңеш беришти.

Осмон Элебесовдун лагердеги өздүк делосу
Осмон Элебесовдун лагердеги өздүк делосу

Ошонун арты менен Орусиянын Магадан облусунун Ички иштер башкармалыгына кат жаздым. Электрондук дарегин сайтынан алып, чоң атамдын таржымалын жазып, архив документтерди сурадым. Менин катым ИИМдин облус башкармалыгынын Архив бөлүмүнүн жетекчисине жетиптир. “Сиз ошол кишинин урпагы экениңизди тастыктаган жеке маалыматтарыңызды нотариалдык түрдө бекитип, почта аркылуу жиберсеңиз карап көрөбүз” деген жооп келди. Атам каза болуп калган. Кудай жалгап, атамдын паспорту, анан чоң атам колу менен жазып кеткен туулгандыгы тууралуу күбөлүгү сакталып калыптыр. Ага өздүк документтеримди кошуп, кайра салып жибердим. Эки-үч айдан кийин мага “Архивдик справка” деп, каерде, кандай жагдайда каза тапканын жөнөтүштү.

Осмон Элебесовдун өлгөндүгү тууралуу справка
Осмон Элебесовдун өлгөндүгү тууралуу справка

Ондогон жылдар сөөгү кайда көмүлгөнүн билбей, "туулган жеринен топурак алып барсак" деп жүрчү элек да. 1947-жылы 15-майда каза болгону жазылыптыр. Ага висцералдык цинга, өпкө туберкулезу, миокардит, алиментардык дистрофия деген диагноз коюлуптур. Өлүмгө алып келген висцералдык цинга дарты болгону көрсөтүлүптүр.

Ыраакы Чыгыштагы Бухта Находка деген жерге сөөгү коюлганын маалымдашты. Справкада жазылган диагноздордон улам чоң атам ГУЛАГда кор болгон туткундардын бири болуп, акырында организминдеги болгон ресурстары түгөнгөндө өтө кыйналып, набыт болгону көрүнүп турат. Өтүнүчтөрүмдү аткарып, Орусиянын органдары мага жеке делосун, болгон маалыматтарын бүт жиберишти.

- Биздин колубузда бир кишинин тагдырын сындырган, анын жакындарына азап алып келген документтер турат. Эмне болуп өлгөнү, кайда көмүлгөнү бүт айтылыптыр. Каза болгондон кийин дагы манжа издерин алышыптыр. Канча жылдап заарыгып, “дайынын билели, эмне болду экен” деген эңсөө, күтүү менен жүрдүңүздөр да. Анан ошонун баары колуңузга тийгенде кандай абалда болдуңуз?

Айгүл Осмонова: Ыйладым, өзүмдүн атамды да эстеп...

“1947-жылдын жай мезгили эле. Кат менин колума тийди. Энеме жетпей эле чыдамым кетип, шашып-бушуп ачып, окуп баштадым. “...Катуу оорумун, тура албай жатып калдым. Эгер мындан ары менден кат барбаса, мени жок деп ойлоп, мага арнап куран окуп койгула” деген сөздөр жазылып турат. Нес болуп эле туруп калдым. Анан каттын ичинен алакандай кагаз жерге түшүп кетти. Каттын ээси ногой киши экен. “Элебесов Осмон 1947-жылы 15-майда кечке маал оорудан каза болду” деген билдирүү жазыптыр. Абакта жанындагы кишиге аманатын айтып, катты салып кой деген окшойт...” (Осмон Элебесовдун уулу Абдулгазиздин эскерүүсү)

- Жогоруда Осмон Элебесовдун уулу Абдулгазиз атасынын каза тапканы тууралуу жанында жаткан киши кат жазганын эскерип жатпайбы. Чоң атаңыздан кат келчү бекен?

Айгүл Осмонова: Чоң атамдан кат келчү экен. Он чакты жолу келгенин, латын ариби менен жазганын атам эскерип калар эле. “Балдарын, үй-бүлөсүн сурап, лагердеги турмушун такыр жазчу эмес” дечү атам.

- Тарыхый эстутум деп, эмне үчүн эскеребиз, эмнеге сөз кылабыз. Кайсы заман, кандай доор болбосун адам өмүрү, ден соолугу баарынан кымбат да. Мунун сабагын алалы дейт экенбиз. Асанкожо агай, репрессия темасы биздин кино тармагында көп көтөрүлбөйт. Буга эмне себеп?

Асанкожо Айтикеев: Бул темада көркөм тасмалар жок. Ал эми даректүү тасмалардан Айгүл деген кызыбыз “Өкүт” деп, үч-төрт тасма тартып, кийин токтоп калды. Бул теманы силер көтөрүп жүргөнүңөрга мен аябай ыраазы болом. Биз айтпасак ким айтат дегендей да.

- Сиз тарткан тасмада лагерлердин картасын дагы кошкон экенсиз. Орусиянын Магадан аймагында жыш эле турат го...

Асанкожо Айтикеев: Колымада көп болуптур. Булар бекер эмгек күчү болгон. Канчасы өлдү, жетиштүү деле тамак-аш берген эмес. Лагерде өлгөндөрдүн дайыны табылбай кала беришкен. Солженицын сыяктуулар кандай оор, азаптуу экенин жазып жатышпайбы. Осмон Элебесовго келсек, тогуз жыл ушундай азап-тозокту башынан кечирип, аз убакыт калганда каза болуп калып жатпайбы. Эмне деген трагедия! Орус тилин билгени, анан акталам деген үмүтү, балдарына, туулган жерине болгон эңсөөсү ага күч-кубат берип жүрсө керек. Казактар Магжан Жумабаев тууралуу даректүү тасма тартып, Орусиянын Магадан аймагында чейин барып, топурак салып келди.

БАМлаг (Байкал-Амур эмгек түзөтүү лагери). 1930-жылдардын орто ченинде тартылган сүрөт.
БАМлаг (Байкал-Амур эмгек түзөтүү лагери). 1930-жылдардын орто ченинде тартылган сүрөт.

- Сиз дагы Айгүл эженин туугандары, Осмон Элебесовдун урпактары менен Магаданга барып, топурак салып, ошону тасмага түшүрүп келбейсизби?

Асанкожо Айтикеев: Ошондой максаттарыбыз бар.

- Лагердеги документтерин бүт эле алыпсыздар. Бизде КГБ архивдери ачылып калса, балким, ишмердүүлүгү тууралуу дагы толуктаган маалыматтар болуп калышы мүмкүн. Ошол кездеги жашаган үй-жайы, тутунган жашоо образы бул кишинин абдан билимдүү болгонун көрсөтүп турат. Сүрөттөрүн көрүп айтып жатканым. Артында жети бала - эки кыз, алты уул калыптыр. Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун таятасы Хамза Абдувалиев менен жакшы мамиледе болуптур деп айтып жатпайсызбы. Ошондон дагы окшойт, Осмон Элебесов балдарынын ысымдарын башкача койгон экен. Эми атасы камалып кеткенден кийин бала-чакасы кандай күндү көрүптүр? Ошол маалда “эл душмандарынын” туугандарын деле жөн коюшкан эмес да.

Айгүл Осмонова: 1938-жылы чоң атам камалганда чоң энебиз Айтымбет кызы Зуура 43 жашта экен. Сегиз баласынын туну Абдулхамиди чарчап калган. Улуу кызы Анара эжем 1921-жылы туулган. Атасы аны Караколдогу интернатка киргизип койгон экен. Каракол шаары жаңы түптөлгөндө алгачкы жашоочуларынын көбү соода-сатык менен алектенген татарлар, өзбектер, анан Украинадан көчүрүлүп келгендер, орустар болгон экен. Осмон Элебесов иштеп жүрүп, көп киши менен жакшы мамиле түзгөн экен. Анын жакын тааныштарынын бири Хамза Абдувалиев болуптур.

Хамза Абдувалиев бардар жашап, билимдүү, өз доорунун алдыңкы кишилеринен болуптур. Ошо кишинин таасири мененби, айтор, балдарына мусулманча ысым бериптир. Улуусу Абдулхамид чарчап калган экен, андан кийин кызы Анар, Абдулхасен, менин атам Абдулгазиз ортончусу. Атамдан кийин Бату, бул агабыз тарыхчы мугалим эле. Анан Рая эжебиз, Махмуд, анан кичүүсү Абдулла.

Хамза Абдувалиевдин жубайынын ысымы Газиза экен. Алардын дагы кичүү уулунун ысымы Абдулла экен. Демек, чоң атамдын ушул бүлөгө таасирленип балдарына ысым ыйгарганы көрүнүп турат. Чоң атам камалып кеткенден кийин үй-бүлөсү абдан кыйналган экен. Булардан “эл душмандарынын бүлөсү” деп коркуп, эч ким жолбой калыптыр.

Шатыра-шатман жүргөн, короосуна тегерете ат байланып, киши аягы үзүлбөгөн үй томсоруп эле калыптыр. Чоң атам айылдагы үйүн дагы мектепке берип, мугалимдерди алып барган экен убагында. Караколдогу үйүн болсо кызматына байланыштуу беришкен экен. Камалгандан көп өтпөй бүлөсүн андан дагы чыгарып салышыптыр. Кызы Раяны дубал гезитке жазып, “эл душманынын баласы” деп мектепке барбай калыптыр. Анан Чоң-Жергезден Сары-Камышка чейин төрт чакырымдай жөө барып, мектепте окушуптур. “Анан согуш башталды. Элдин баары кыйналды” деп эскерер эле атам.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG