Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

"Тегибиз кыргыз, Таластан келгенбиз дешет". Монголияны жердеген кыргыздар


Август айында кыргызстандык окумуштуулар Монголиянын Баян-Өлгий аймагына барып келди.
Август айында кыргызстандык окумуштуулар Монголиянын Баян-Өлгий аймагына барып келди.

Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев Баян-Өлгий аймагындагы кыргыздар, археологиялык эстеликтер тууралуу Фейсбук баракчасына байма-бай маалыматтарды чыгарууда.

Август айында Маданият министрлиги жана Кыргызстандын Монголиядагы элчилигинин демилгеси менен кыргыз окумуштууларынан турган илимий делегация Баян-Өлгий аймагында болуп келди. Буга чейин эле Монголиянын аймагындагы кыргыздар тууралуу тарыхый изилдөө аракеттери болуп, экспедициялар уюштурулуп келген. Монголиядагы Кыргызстандын элчиси Айбек Артыкбаев менен маек курдук.

- Айбек мырза, салматсызбы. Монголиянын Баян-Өлгий аймагында жашап жаткан кыргыздар тууралуу Фейсбукка улам-улам кызыктуу маалыматтарды жазып жатасыз. Кыргызстандан атайын окумуштуулар тобун дагы алып барып келдиңиз. Монголиядагы кыргыздар тууралуу айтып берсеңиз?

- Саламатсызбы. 2023-жылы президентибиз Садыр Жапаровдун Монголияга расмий сапарынын алкагында биринчи жолу биздин элчилик ачылды. Ошондон бери маданият, билим берүү тармагында бир катар иш-аракеттер жасалууда. Буга чейин Монголияда этностук кыргыздар тууралуу көп маалыматтар болгон эмес. Биз бул тууралуу Монголия парламентинин мүчөсү Бейшен Булан деген агабыздан укканбыз. Бул киши монгол парламентинде Кыргыз-монгол достук тобун жетектейт экен. Ошол киши Баян-Өлгий аймагындагы өздөрүн курман кыргыз деп атаган боордошторубуз тууралуу маалымат берди. Алар өздөрүн "Кыргызстандын Талас өрөөнүнөн келген Токтомамбет дегенден тараганбыз" деп билишет экен. Эки жылдан бери Баян-Өлгий аймагына бир нече жолу барып, аксакалдар менен сүйлөшүп, жакындан таанышып келдим. Август айында Кыргызстандан дагы окумуштуулар тобу келди, алар менен чогуу дагы жеринен барып көрүп, сүйлөшүп келгенбиз.

- Алар менен сүйлөшкөндө өздөрүн кыргызбыз деп айтыштыбы? Канча киши бар экен?

- Ошол жердеги жергиликтүү элдин айтымында, 10-12 миңдин тегерегинде кыргыздар бар. Булар өздөрүн курман кыргыз деп аташат экен. Ошол жердеги казак боордошторубуз дагы “булар курман кыргыздар” дешти. Тилекке каршы, биздин туугандарыбыздын тили, үрп-адаттары бүт казакча болуп калган. Монголиянын жарандык паспортунда улуту жазылат экен. Булар “улуту казак” деп жазылышкан. Өздөрү “тегибиз кыргыз, Таластан келгенбиз” деп айтышат.

- Эми булар тууралуу илимий, архелогиялык жана башка изилдөөлөр зарыл го дейм.

- Элчи кызматына киришкенден бери өзүм дагы ата-бабаларыбыз басып өткөн жолдорду изилдөөгө кызыктым, бир топ эмгектерди окуп чыктым. Кыргыздар менен монголдор Евразия чөлкөмүндөгү байыркы эл эмеспи. Азыркы Монголиянын түштүк-батыш өрөөнү Алтайдагы, Орхон дарыясынын өрөөнүндөгү ата-бабаларыбыздын изи тууралуу маалыматтарга көп кызыктым. “Чыңгыз хан” улуттук музейинин директору Чулуун мырза менен жолукканымда, ал киши Монголиянын аймагында 70 миңден ашык кыргыздардын күмбөздөрү, дөбөлөр бар экенин айтты. “Кыргыз дөбөлөрү” деп атап, эч качан аталышын өзгөртүшпөгөнүн айтышты. Кыргызстандан илимий экспедиция келгенде дагы ушул маалыматтарды жергиликтүү элден сурашты. Алар “Илгери кыргыз деген эл жашаган, ошолордун баатырларынын күмбөздөрү” деп кастарлап келишкенин, үстүнө киши бастырышпаганын айтып беришти. Монгол туугандарга аябай ыраазы болдум, канчалаган кылымдар өтсө дагы бул дөбөлөрдү, күмбөздөрдү сактап, “Кыргыз сүүр” деп атап келишкен.

Өзүңөр билесиңер, Монголияда Кыргыз Нуур (Хяргас нуур) деген көл бар. “Нуур” деген кыргызча көл деген сөз – Кыргыз көлү. Ошол көлгө да экспедиция менен чогуу барып келдик. Баян-Өлгийден баштап, Улан-Баторго чейин 1700 чакырымга созулган жолдун тегерегинде көптөгөн күмбөздөр бар.

- Өзүңүз дипломатсыз, дүйнөдө диаспора саясаты деген бар да. Монголияда кыргыздар диаспора же өзүнчө этностук топ катары таанылат бекен?

- Монголияда кыргыздардын диаспорасы жок. Бул жактан барып иштеген сексендей эле кыргызстандык бар. Бул жакта банктарда, компанияларда иштешет, ишкердик менен алектенишет. Ал эми курман кыргыз туугандарыбыз өзүнчө коом түзүшкөн эмес. 90-жылдары булар ошол кездеги мамлекет башчы Акаевдин атына кат жазышканын, “оор шартта жашап жатабыз, көчүрүп кеткиле” деген өтүнүч келтиришкенин айтышты. Бирок жооп болгон эмес дешти. “Элчилик ачылып, бизден кабар алып жатасыңар. Балдарыбыздын Кыргызстандан билим алышына жол ачып жатасыздар” деген ыраазылыгын айтышты.

Монголиядагы Баян-Өлгий аймагындагы өздөрүн курман кыргыз атаган топ жана Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев.
Монголиядагы Баян-Өлгий аймагындагы өздөрүн курман кыргыз атаган топ жана Кыргызстандын Монголиядагы элчиси Айбек Артыкбаев.

- Баян-Өлгий аймагына барганда акскалдарга калпак кийгизип, чогуу түшкөн сүрөтүңүздү көрдүм. Монголиядагы кыргыздардын жашоо-турмушу кандай экен? Балдары кайсыл тилде, кандай мектептерде окушат?

- Негизинен алардын балдары казак, монгол тилиндеги мектептерде окушат. Тили казак менен кыргыз тилинин ортосунда. Айрым тыбыштарды кыргызча эле айтышат экен. Айыл жана мал чарбасы менен тиричилик кылышат. Монголиянын Баян-Өлгий аймагынын борбору Өлгий шаары өнүгүп жаткан калаа экен. Биздин президентибиз Садыр Жапаровдун колдоосу менен келерки жылы жаңы шарттагы мектеп курулмай болду. Бул боюнча президентибиз министрликтерге тапшырма берди.

- Өткөн аптада байланышканыбызда сапарда болуп калдыңыз. Баян-Өлгийде болдуңуз окшойт.

- Бүркүтчүлөр фестивалына чакырышкан эле, кечээ барып келдик. Өзүңүз билесиз, бизде мүнүшкөрлөр аз. Бул жакта болсо абдан көп экен. Кытайдагы, Монголиядагы казак, кыргыз туугандардын мүнүшкөрлүк өнөрүн көрүп аябай суктанам. Бул жакта бир эле аймакта 300дөй бүркүтчү бар экен. Жыл сайын эки-үчтөн ушундай иш-чараларды өткөрүшөт экен. National Geographic журналы булар тууралуу өзүнчө чоң китеп чыгарыптыр. Дүйнөнүн чар тарабынан туристтер келип, чоң журналдардын сүрөтчүлөрү жүрөт. Неге дүйнөлүк кызыгуу жаратканын сурасам, “мындай салт-санаа сейрек болуп” калганын айтышты. Маданият министрлигине кат жазып жатам, бизде дагы ушундай мүнүшкөр, бүркүтчүлөргө көңүл буруп, таанытуу жагын колго алышыбыз керек деп эсептейм.

- Монголиянын айрым аймактарында байыркы бабаларыбыздын күмбөздөрү же мазарлары бар экенин айтып берип жатасыз. Мына, август айында кыргыз окумуштууларын алып барып келдиңиздер. Эми ушуларды илимий архелогиялык жактан изилдөө иши кандай болот?

- Биздин элчилик Монголиядагы ата-бабаларыбыздан калган мурастарды изилдөө жагына көңүл буруп жатабыз. Кыргыз-монгол окумуштууларынын биргелешкен археологиялык изилдөөлөрүн жүргүзүү ниетибиз бар. Жөн эле сүрөт, видеого тартып койбой ар тараптуу, терең изилдөөлөр болуп, эл аралык деңгээлде таанылса дейбиз. Бизге келип кеткен кыргызстындык делегациянын жетекчиси, окумуштуу Сулайман Кайыпов айткандай: “Биздин ата-бабаларыбыздын изи Монголиянын жер астында жаткандай”.

- Кыргыздар менен монголдордун байыркы көчмөн турмуштан калган бир топ окшоштуктары бар. Азыркы XXI кылымда алакалар кандай өнүгүшү керек. Азыркы Монголия менен маданий алакалардан сырткары кандай байланыштарды бекемдесек болот?

- Монголия менен Кыргызстандын ортосунда окшоштуктар көп. Монголдор дагы эркиндикти сүйгөн эл. Окшоштук тилде дагы бар экен. Монголдордун айрым сөздөрү биздин тилге окшош. 20 миңдей окшош сөз бар экенин айтып жатышат. Арчаны – арц же арса, боорсокту- борц же боорцог, чычырканакты – чычыркан, булакты – булак дешет экен. Эл аралык мамилелерде дагы Кыргызстан менен Монголия бири-бирин колдоп келүүдө. Соңку кылымдарда бири-биринен алыстап кеткен боордош эл экенбиз. Биздин мамилелерди жогорку деңгээлге көтөрүү, байланыштарды бекемдөө боюнча иш алып барып жатабыз. Аба каттамдарын ачуу аракеттери болуп жатат. Ошондо карым-катнашыбыз дагы көбүрөөк болот. Элчилик ачылгандан бери соода-сатык беш эсеге көбөйдү. Бул жакка келип бизнес кылам деген кыргыздар да көбөйүп жатат. Кафе ачкан кыргыздар болуп жатат. Андан сырткары кыргыз ишкерлери Монголияга органикалык мөмө-жемиштерди алып келебиз деп жатышат. Демек, соода-сатык дагы өсөт деп ойлойм.

Шерине

XS
SM
MD
LG