Казакстандын Алматы облусунун ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, генерал-майор Серик Күдебаев сыртынан камакка алынып, издөө жарыяланды. Прокурор Январь окуясы боюнча айыпталган 58 жаштагы генералды тогуз жыл эркинен ажыратууну суранган.
3-апрелдеги сот отурумунда прокурор Күдебаевдин ишин кароону токтотуп, эл аралык издөө жарыялоону өтүнгөн. Судья аны канааттандырды.
"Кыргызстан аркылуу качкан казак генерал"
Январь окуясы боюнча айыпталып жаткан Серик Күдебаев Казакстандан чыгып кеткени айтылууда.
Zakon.kz сайты расмий маалыматтарга таянып, казак генералы 23-мартта Кыргызстан аркылуу Түркияга чыгып кеткенин жазды. Тергөө учурунда ал үй камагында болгон.
Кыргызстандын тиешелүү мекемелери комментарий бере элек.
Мурдараак Күдебаев гипертония диагнозу менен жеке медициналык борборго жатканы айтылган. Мындан улам соттук отурумдар бир нече жолу кийинкиге калган.
28-февралда прокурор 58 жаштагы генералды тогуз жыл эркинен ажыратууну суранган. Ал 2020-жылы Алматы облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп дайындалган.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев былтыр 5-январда Алматы облусунда өзгөчө кырдаал жарыялап, коменданттык саат киргизген. Күдебаев Алматы облусунун коменданты болуп дайындалган. Бирок көп өтпөй милициянын генерал-майору кызматынан кол жууган.
"Кандуу январь" окуялары маалында экс-президент Нурсултан Назарбаевдин кичүү иниси Болат Назарбаев да Дубайга Бишкек аркылуу учуп кеткени ачыкка чыккан. Бишкектеги “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова 6-январда Дубайдан Кыргызстанга менчик учак келгенин ырастаган.
Былтыр жайында Болат Назарбаевдин абалы оор экенин кабарланып, анын майыптар арабасында отурган видеосу соцтармактарда желдей тараган. Ошол маалда “Экспресс-К” сайты Болат Назарбаев Казакстандын Карасай районундагы өзү туулуп-өскөн айылда жашап жатканын билдирген. Бирок учурда анын кайсыл өлкөдө экени так белгисиз.
"Апасы уулумдун кыйнап өлтүрүлгөнүнө чыдабай каза болду"
"Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналисттери быйыл январда талды-коргондук Алмас Мукашевдин үйүнө барып, анда көзү тирүү атасы Габдулкажи Мукашев менен маектешип келген. 70ке таяп калган аксакал журналисттерге Январь окуяларынан кийин аялы менен шаарда сейилдеп жүргөн Алмасты уурдап кетишкенин, сөөгү кантип табылганын айтып берген.
"Апасы уулумдун кыйноо менен өлтүрүлгөнүнө чыдабай каза болду. Ал сүрөттүн кармап алып, эртеден кечке ыйлап кете берди. Токаевге чейин кат жазып отуруп, араң иш козголду. Бирок ал козголгон иштин аягын көрө алган жок. Ал күйүтүнөн ооруп, былтыр ноябрда 67 жашында көз жумду", - дейт Габдулкажы Мукашев.
Ал аялы каза болгондон кийин Алмастын өлүмүнүн себебин ачыкка чыгарууну өзү колго алууну чечкен. Бирок Габдулкажы Мукашев маркум уулунун аркасынан, быйыл февралда катуу оорудан каза тапты.
Алмас Мукашевдин аялы Айнур Муратбай кызы анын Талды-Коргон шаарындагы тополоңдорго катышканын ырастады. Бирок Алмас милиционерлердин бирине курткасын кийгизип, элдин арасынан алып чыкканын айтты:
"Алмас касап эле, мен базарда эт сатчумун. Тополоңдон кийин базарды көргөнү чыктык. Бир аздан кийин эле автоунаабыздын дөңгөлөгү жарылды. Машинеден түшөрүбүз менен беткап кийген куралчан офицерлер келип, Алмасты жерге жаткырышты. Рациядан "эч кандай каршылык көргөзгөн жок, автоунаада курал жок" деп айтышты. Телефонумду жулуп, кетип калышты".
Алмастын жубайы Айнур шектүүлөр камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатканы менен алар кимдер экенин билбейт.
Адвокат Берден Кадырдын айтымында, тергөө 2022-жылдын аягына чейин уланган. Тергөөнүн версиясы боюнча, УКМКнын бир кызматкери учурда убактылуу кармоочу жайда, дагы бир кызматкери үй камагында. Абактагы кызматкерге "Алмас Мукашевди кыйнап өлтүргөн", ал эми үй камагындагы кызматкерге " уккан маалыматты тиешелүү органга билдирген эмес" деген айып тагылган.
"Беткап кийген куралчан кызматкерлер Алмасты Талды- Коргон шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына алып барышкан. Ал жерде тергөө иштери жүрүп, бир нече сааттын ичинде сабалып өлтүрүлгөн" , - дейт адвокат.
Алмас Мукашевдин иши боюнча тергөө жаңы жыл алдында аяктаганы менен, алдын ала соттук отурум бүтө элек. Бир нече жолу жылдырылган соттун биринчи отуруму 4-апрелге белгиленди.
Былтыр июнда казак прокуратурасы 25 киши январдагы элдик толкундоодо кармалганда полиция аёосуз кыйнап, ысык үтүктү денесине басканын айтып даттанганын билдирген.
Кандуу окуя учурунда Алматыда жүргөн кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен эмерек орнотуучу болуп иштеген Чолпонбек Сыдыковду да казак күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабашкан.
"Аэропортту басты" делген активисттердин соту башталды
Ал арада 30-мартта Алматыда Январь окуяларында шаардык аэропортту басып алуу иши боюнча беш активисттин соту башталды. Бул иште активист Айгерим Тлеужан, мурдагы тарых мугалими Калас Нурпеисов жана дагы үч киши шектүү катары өтүүдө.
Айыптоо корутундусунда Айгерим Тилеужан менен Калас Нурпейисов калабада Алматы аэропортунда "бийликке каршы сөздөрдү айтып, аларды мыйзамсыз иштерге үндөп, массалык башаламандык уюштурган" деп айтылат. Мындан тышкары Нурлан Далибаев, Ермухамет Шилибаев жана Жан-Айдар Карменовго "имараттарга кол салышкан", "автоунааларды басып алышкан, башкалардын мүлкүн уурдап кетишкен" деген айып тагылган.
Тлеужандан башкалары былтыркы жаздан бери тергөө абагында кармалып келет. Шек саналгандар айып жалган маалыматтарга негизделгенини айтууда.
Кылмыш иши боюнча Алматы эл аралык аэропорту, "Казаэронавигация" жана Qazaq Air, Air Astana, Fly Arystan жана Scat авиакомпаниялары жабырлануучу деп таанылды.
Прокурор айыпталуучулардын аэропорттогу мыйзамсыз аракеттеринен улам авиакомпаниялар жана жеке ишкерлер чоң чыгымга учураганын жүйө келтирди. Тергөө материалдарында келтирилген зыяндын суммасы 6,1 миллиард теңгеден ашык экени жазылган.
Айыпталуучулар аларга коюлган айыптарды четке кагып келет.
Кошуна өлкөдө суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган.
Президент Касым-Жомарт Токаев 6-январда Коопсуздук кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, өлкөдө болгон окуяларды "сырткы агрессия" деп атаган. Башаламандыкты "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын, алар Алматы аэропортун жана андагы беш учакты басып алганын белгилеген. Акордо президенттин бул билдирүүсүнө эч кандай далил келтире элек.
Расмий маалыматка караганда, кандуу тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон. Алардын көбүнө ок тийген.
Казак бийлиги окуяларды эл аралык деңгээлде иликтөөгө каршы чыккан. Президенттик шайлоонун алдында бийлик “оор” кылмыш жасабагандарга мунапыс жарыялады.
Эл аралык "Хьюман Райтс Уотч" (HRW) уюму билдиргендей, Январь окуяларында казак бийликтери адамдардын курман болгонуна жана башка адам укуктарынын бузулушуна байланыштуу натыйжалуу тергөөнү дагы эле жүргүзө элек.