Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

"Путинсиз Орусияны элестете албайм"


Владимир Путин
Владимир Путин

Орусиядагы шайлоочулардын укугун коргоо менен алектенген "Голос" бейөкмөт уюму мамлекеттик телеканалдарды март айында өтө турган президенттик шайлоо алдында азыркы президент Владимир Путинге үгүттөгөн бекер сюжеттерди көрсөтүп, мыйзамды бузуп жатат деп сынга алды.

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчылыгына өзүн өзү көрсөткөнүнө байланыштуу 300 миң жарандын колун топтоп, январь айынын соңуна чейин Боршайкомго тапшырышы зарыл. Маалыматтарга караганда Путинди колдоп кол койгондордун саны ушул тапта миллиондон ашты.

15-январь күнү Нижний Новгород шаарындагы жергиликтүү каналдардын бири бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясы кол топтоо кеңселерин ачканын кабарлап, бир нече жарандан маек алган. Алардын бири Иван Калмыков:

- Бүгүн биз өзүбүздүн лидерибиз, келечектеги президентибиз Владимир Владимирович Путинди колдоо максатында кол коюп бердик. Өзүңөр билгендей быйыл Ыктыярчылар жылы деп жарыяланган. Бийликтин ыктыярчыларга, жаштарга бөлүп жаткан көңүлүн биз баалайбыз бул курстун уланышын каалайбыз. Ошол себептүү биз Владимир Владимирович Путинди колдойбуз, ​- деген Калмыков сюжетте жай тургундардын бири катары тааныштырылганы менен ал “Жаш Гвардия” деп аталган “Бирдиктүү Орусиянын” жергиликтүү жаштар канатын жетектери маалым болду.

- Владимир Владимирович Путинди колдоо үчүн бир гана паспортуңуз жана каалооңуз керек, - деген Елена Забелина Москва облусуна караштуу Луховицы шаардык телеканалынын кабарчысы.

14-январда ободон кеткен берүүдө ал өзү паспортун кол топтоо кеңсесине көтөрүп барып, “Путин-2018” деген жазуусу бар кийимчен аялга тапшырып жатканы чагылдырылган.

Сюжеттин соңунда ушул эле кеңсеге келген, өзүн Алевтина Моисеева деп тааныштырган аял Орусиянын келечегин Путинсиз элестете албасын айтты:

- Биздин келечекти бир гана Путин менен көрө алам. Биз эч ким эмес элек, аны менен чоң державага айландык.

Ушул эле күнү Орусиянын алдыңкы федералдык каналдарынын бири деп саналган НТВ каналы кечки жаңылыктарында Хабаровск шаарында Путинди колдоо үчүн кол топтоо процесси башталганын баяндаган. Сюжетте баласын ээрчиткен Константин Юров аттуу жаран:

- Балам мен Владимир Владимирович Путинди колдоо үчүн баратканымды билгенде «Ата, мен дагы кол койгум келет» деп кошо ээрчип алды, - деп жашы жете электердин колдору эсептелбегени менен баласы символикалык түрдө кол тамгасын калтырарын кошумчалаган.

Сюжетте анын ким экени айтылбаганы менен ал Хабарвск шаарындагы «Бирдиктүү Орусия» партиясынын мүчөсү экени белгилүү болду.

Мына ушул жана башка фактылардын баарын «Голос» уюму 16-январда тараткан билдирүүсүндө келтирип, сюжеттердин шилтемелери менен кошо тиркеген. Жалпысынан уюм федералдык, аймактык жана жергиликтүү каналдар Путинди колдоп «мыйзамсыз үгүт сюжеттерин» көрсөттү делген 55 фактыны атайт.

Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова болсо 17-январда жасаган билдирүүсүндө тиркелген айрым видеолорду көрүп чыкканын жана алардын арасында конкреттүү талапкерди үгүттөө боюнча фактылар байкалганын моюнга алган.

Ал ошондой эле телеканалдарда кеңири масштабдагы мыйзам бузуулар жок экенин, ошентсе да көңүл бура турган жагдайлар бардыгын кошумчалады. 65 жаштагы Владимир Путин Орусияны 1999-жылдын аягынан бери башкарып келет. Анын ичинде 13 жыл президент болсо, төрт жыл өкмөт башында турган. Орусияда президенттик шайлоо 2018-жылдын 18-мартында өтөт.

Эгер бул шайлоодо жеңип чыкса, Путин өз президенттигинин төртүнчү мөөнөтүнө киришип, 2024-жылга чейин бийликте турууга мүмкүнчүлүк алат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG