Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:56

Миграция: глобалдык макулдашуу кабыл алынды


Жер Ортолук деңизи аркылуу Испаниянын Малага портуна келген мигранттар. 9-декабрь, 2018-жыл.
Жер Ортолук деңизи аркылуу Испаниянын Малага портуна келген мигранттар. 9-декабрь, 2018-жыл.

Миграция боюнча глобалдык макулдашуу кабыл алынды. Бирок ушул дүйшөмбү күнкү жыйында ага Улуттар Уюмуна мүчө 194 өлкөнүн 164ү гана кошулду.

Глобалдык миграция макулдашуусун четке каккандар арасында АКШ жана айрым Европа мамлекеттери да бар.

Миграция боюнча глобалдык макулдашуу Улуттар Уюмунун Марокконун Марракеш шаарындагы өкмөттөр аралык жыйынында кабыл алынды.

Дүйнө мамлекеттеринин миграция жаатындагы кызматташтыгын чыңдайт деп үмүт артылган макулдашуунун долбоорун быйыл июлда Улуттар Уюмунун АКШдан башка 193 мүчөсүнүн баары жактырган. Бирок Марракештеги жыйында ага 164 өлкө гана кошулганы анык болду.

- Бүгүн дүйнөдөгү мигранттардын 80% мамлекеттер ортосунда коопсуз жана тартип менен жылууда. Бирок биз күн сайын чөлдө жана деңизде, дарыяларда күбө болуп жаткан трагедияларды унута албайбыз. Бардык жерде жакшы жашоого аракеттенгендер адам саткандардын, аткезчилердин, башка кылмышкерлердин колуна түшүп калып жатат. Мындай учурларда алардын укугу тебеленип, өмүрү кыйыла баштады. Ушул кылымдын башынан бери жолдо эле алтымыш миңден ашуун мигрант каза тапты, - деди БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш 10-декабрда Марракештеги сөзүндө.

БУУнун Марракештеги жыйыны. 10-декабрь, 2018-жыл.
БУУнун Марракештеги жыйыны. 10-декабрь, 2018-жыл.

Баяндамачылар менен талдоочулар белгилеп жаткандай, миграция боюнча глобалдык макулдашуу (Global Compact for Safe, Orderly and Regular Migration) эл аралык мыйзам менен тескелүүчү укуктук күчү бар документ эмес. Анткен менен БУУнун башка көпчүлүк документтериндей эле өкмөттөрдү саясий милдеттенме алдырган макулдашуу. Анын долбоору боюнча сүйлөшүү 2016-жылдан тарта башталган. Анда Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы бир добуштан кабыл алган декларацияда миграцияны эффективдүү башкаруу үчүн мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу зарылдыгы көргөзүлгөн. Мурдагы президент Барак Обаманын тушунда АКШ бул декларацияга кошулган.

Бирок бийликке президент Дональд Трамп жана анын администрациясы келгенден кийин Вашингтон глобалдык келишим боюнча сүйлөшүүлөрдөн чыгып кетип, жүйө катары анын бир катар жоболору “АКШнын иммиграция жана качкындар саясатына шайкеш келбегенин” атаган.

Өткөн аптадагы билдирүүдө АКШнын Улуттар Уюмундагы миссиясы жаңы макулдашууну “миграцияны тескөөнү мамлекеттердин суверенитети эсебинен глобалдаштыруу аракети” деп мүнөздөп, ал “жакшы башкарылган миграция чек араларга эффективдүү улуттук көзөмөлдөн башталып, аяктай турганын тааныбай жатканына” көңүл бурган.

АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген мигранттар. 9-декабрь, 2018-жыл.
АКШга Мексика аркылуу мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген мигранттар. 9-декабрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттардын Бажы жана чек араны коргоо агенттигинин статистикасына караганда, былтыр өлкөнүн түштүк чек араларына келип 50 миңге жакын адам баш паанек сураса, быйыл он айда бул көрсөткүч 63 миңден ашкан.

Иммиграция боюнча вашингтондук эксперт Тереза Браун “Ассошиэйтед пресс” агенттиги менен маегинде АКШнын түштүк чек араларындагы кырдаалды мындайча чечмеледи:

- Бизде АКШ-Мексика чек арасына келгендердин басымдуу бөлүгү мексикалык эмес болгон кырдаал биринчи ирет жаралууда. Алар жалгыз бой адамдар эмес. Алар бир гана жумуш издеп жаткан жок. Балдары жана үй-бүлөсү үчүн баш калка сурагандар. Биз азыр АКШ-Мексика чек арасында АКШдан баш паанек сурагандардын саны жагынан тарыхта буга чейин болбогон эң жогорку чекте турабыз.

Миграция боюнча глобалдык макулдашууга Европадан Венгрия, Австрия, Чехия, Словакия, Швейцария, Хорватия, Латвия кошулган жок. Эски континенттен оңчул жана улутчул партиялар глобалдык келишим Африка менен Араб өлкөлөрүнөн агылган мигранттар санын азыркыдан да күчөтөрүн айтып, каршы болушкан.

Атүгүл Бельгияда ушул макулдашуудан улам улутчул партия (New Flemish Alliance (N-VA) башкаруучу коалициядан чыгып дагы кетти.

Евробиримдиктин качкындар менен мигранттарды эң көп кабыл алган өлкөсү Германиянын өкмөтү миграция келишимин колдоду:

Ангела Меркел
Ангела Меркел

- Биз бүгүн кабыл алган макулдашуунун аты эле даана жана чечкиндүү айтып тургандай, миграция тартиптүү жана коопсуз жүрүшү керек. Бул максатка көп тараптуу кызматташтык аркылуу гана жетишүү мүмкүн. Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынгандан жетимиш жылдан кийин миграция көйгөйү менен алектене турган учур келди. Биздин парламентте бул маселе боюнча узак талкуу болуп, көпчүлүк макулдашууну колдоду. Биз мындан ары макулдашуунун аткарылышына да салым кошобуз, - деди канцлер Ангела Меркел Марракештеги сөзүндө.

Эл аралык Миграция уюмунун эсебинде, быйыл октябрь айына карата Жер Ортолук деңизи аркылуу Евробиримдиктин чек араларына 88 миң мигрант жетип, 1783 сууга чөгүп өлгөн.

Былтыр ушул мезгил ичинде Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага 142 миң мигрант жетсе, анын 2749су деңизге чөккөн.

Канадада оңчулдардын БУУнун миграция макулдашуусуна каршы демонстрациясы. Оттава, 8-декабрь, 2018-жыл.
Канадада оңчулдардын БУУнун миграция макулдашуусуна каршы демонстрациясы. Оттава, 8-декабрь, 2018-жыл.

Улуттар уюму качкындардын быйылкы санын дүйнө боюнча 25,4 миллион деп эсептеди.

Ал эми Эл аралык эмгек уюмунун өткөн аптадагы жаңы баяндамасына караганда, дүйнөдө эмгек мигранттарынын саны 2017-жылдын жыйынтыгында 2013-жылкы 150 миллиондон 9% өсүп, 164 миллионго чаап барды. Алардын 96 миллиону эркектер, 68 миллиону аялдар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG