Бирок орток пикир табылган жок. Алар согуш жүрүп жаткан жана жакыр саналган Жакынкы Чыгыш жана Африкадан келген мыйзамсыз мигранттарды кабыл алуу жана бөлүштүрүүгө байланыштуу ар кандай варианттарды сунушташууда.
Быйыл жыл башынан бери Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн Италияга 14 330, Грекияга 11 763, Испанияга 9 315 мыйзамсыз мигрант келген.
Италия Түндүк Африкадан деңиз аркылуу келген мигранттар бут койгон биринчи өлкө. Мартта Италияда өткөн шайлоодо “Лига” кыймылы иммигранттар боюнча катаал саясат жүргүзүүнү, мыйзамсыз качкындарды артка кайтарууну убада кылып көп добуш топтогон. Шайлоодон кийин ал “Беш жылдыз” партиясы менен бирге коалиция түзгөн.
Италиянын өкмөт башчысы Жузеппе Конте Биримдиктин башка өлкөлөрүндө да "коргоо борборлорун түзүүнү", бул аркылуу акыркы жылдары 600 миңдей мигрант кабыл алган Италияга жардам берүүнү караган документ сунуштады. Ошондой эле ал Дублин макулдашуусуна өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрдү:
- Бул документ миграциялык агымды натыйжалуу жана туруктуу көзөмөлдөө жана башкаруу боюнча так саясатты сунуштайт. Бул Дублин макулдашуусун оңдоого багытталган.
Дублин макулдашуусуна ылайык, мигрант качкын макамын алуу тууралуу арызды ал кирип келген Евробиримдиктин биринчи өлкөсүнө тапшырышы керек. Жузеппе Конте Евробиримдикти мигранттар маселесин чогуу чечүүгө, ал эми качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкциялык жазалоо чараларын киргизүүгө чакырды.
Өткөн жумада Рим ичинде 630 мигрант бар кемени Италия портуна киргизбей койгон. Ушундан кийин Европада качкындар маселеси кайра көтөрүлгөн. Бир катар талаш-тартыштан кийин 630 качкынды кабыл алууга Мадрид макул болгон.
Германия канцлери Ангела Меркел жекшембидеги жыйынды кеңешүүчү деп сыпаттап, мыйзамсыз миграцияга карата жалпы европалык мамиле жасалышы керек деп белгиледи.
- Бардыгы баары үчүн жооп берет. Мүмкүн болсо, биз бул проблемада жалпы европалык чечим тапканыбыз оң болмок деп ойлойм. Ал эми ал мүмкүн болбогон учурда кызматташтыкка даяр өлкөлөр менен аракеттенүүнүн планын чогуу иштеп чыгуу мүмкүн. Бири-бирибизге жардам берүүнү караган эки жана үч тараптуу макулдашуулар болушу мүмкүн. Дайыма эле Евробиримдиктин 28 өлкөсү качан жактырат деп күтө бергенге болбойт.
Ангела Меркел да Германиянын азыркы миграция саясатына каршы болуп келе жаткан өкмөттөгү саясатчы, министрлердин кысымына туш болууда. Өткөн жумада ички иштер министри Хорст Зеехофер "эгер Меркел миграция боюнча жалпы европалык макулдашууларды сунуштабаса, ИИМ өлкөгө мигранттарды киргизбей" турганын Меркелге айтып, катуу шарт койгон. Ички иштер министри Хорст Зеехофер Еврошаркеттин башка өлкөсүндө катталган мигрантты Германияга киргизбөөнү сунуштап жатат, Меркел болсо буга каршы.
Брюсселдеги жыйында Люксембургдун премьер-министри Ксавье Беттель кесиптештерин орток чечим табууга чакырды:
- Биз баарыбыз бизге улуттук эмес, жалпы чечим керектигине ынанып жатабыз. Бирок азыр ар бир өлкө өз чечимин тапканга аракет кылууда. Бул мен каалаган Европа эмес. Биз жалпы чечим табышыбыз керек. Анткени бул ар бир мамлекеттин эмес, жалпы Европанын проблемасы.
Европадагы миграциялык кризис Еврошаркеттин 28-29-июндагы саммитинде да башкы тема болору күтүлүүдө.