Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Качкындар Рим менен Парижди айтыштырды


Сицилиянын жээгиндеги мигранттар. 13-июнь, 2018-жыл.
Сицилиянын жээгиндеги мигранттар. 13-июнь, 2018-жыл.

Расмий Рим Франциянын Италиядагы элчисин чакыртып, Париждин шаршембиде миграция саясаты боюнча айткан сынын айыптады. Евробиримдиктеги эки мамлекет ортосунда дипломатиялык жаңжалдын тутанышына Италия деңизде калган качкындар үчүн өз портторун жаап коюшу түрткү болду.

Италиянын экономика министри Жованни Триа француз кызматташы менен шаршембиде Парижде өтө турган жолугуудан баш тартты.

Бир күн мурда Франциянын президенти Эммануэл Макрон Рим мигранттарга портторун жабуу менен мерездигин жана жоопкерчиликсиз мамилесин көрсөттү деген. Анын бул сөзүнө Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини Сенатта сүйлөп жатып мындай деп жооп кайтарды:

- Мен Сенат келтирген сандарды айткым келип турат. Быйыл 1-январдан тарта 31-майга чейин 10 миң 249 адам Франциядан Италияга кайтып келген, алардын арасында аялдар, балдар жана майыптар бар. 2015-жылы кол коюлган документке ылайык, Франция 10 миңдей мигрантты кабыл алууга макул болду. Үч жыл ичинде алар болгону 640 качкынды кабыл алган. Ошондуктан мен президент Макрондон макулдашуудагы милдеттенмени ишке ашырып, эртеңден тарта тогуз миң мигрантты кабыл алууну суранам. Муну менен куру сөздөрдү айта бербей, өзүңөрдүн кең пейил экениңерди көрсөтөт элеңер, - деди министр.

Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини. 11-июнь, 2018-жыл.
Италиянын ички иштер министри Маттео Сальвини. 11-июнь, 2018-жыл.

Бир эле учурда вице-премьерликти да аркалаган жана мигранттарга каршы позицияны карманган “Лига” кыймылынын лидери Сальвини Францияны кечирим суроого чакырып, мигранттарга “өз чек арасын утур-утур жаап турган өлкөдөн сын угарын күтпөгөнүн” ишара кылды.

Эки мамлекет ортосундагы чуу “Аквариус” кемеси Жер ортолук деңизден куткарылган 629 мигрантты Италия менен Мальта кабыл албай койгондон кийин башталды.

Бир суткадан кийин Ливиядан Европага багыт алып, ара жолдо калган мигранттарды Испаниянын премьер-министри Педро Санчес кабыл алууга макул болгон. Учурда кеме Испаниянын Валенсия аймагына эки италиялык кеменин коштоосунда багыт алды. Француз өкмөтү Италия качкындарды деңизге чөгүп кетерде куткарып калган соң, аягына чейин жоопкерчиликти өзүнө алышы керек деп эсептейт:

- Бул кризисте Италия өзүнө Ливия бийлигинин ролун алган. Аквариус ошол маалда Ливиянын сууларында болчу. Италия эч ким менен макулдашпастан мигранттарды куткарып калган. Мындан улам алардын келечегине да түздөн-түз Италия өкмөтү жоопкер деп эсептейм, - деди француз өкмөтүнүн өкүлү Бенджамин Гриву.

Мигранттарга толгон кеме. 12-июнь, 2018-жыл.
Мигранттарга толгон кеме. 12-июнь, 2018-жыл.

Бул маселе Европа саясатындагы көптөн бери талаш-тартыш жаратып келген көйгөйдү кайра ордунан козгоду. Африка жана Жакынкы Чыгыштагы негизинен согуш жүрүп жаткан жана жакыр өлкөлөрдөн Европага агылган качкындарды бөлүштүрүү үчүн жоопкерчилик алуу маселеси Евробиримдиктеги маселелердин бири.

Сальвини башында турган “Лига” кыймылы Италияда мартта өткөн шайлоодо жүз миңдеген мигранттарды депортация кылууну жана качкындардын жаңы агымын токтотууну убада кылып мыкты добуштардын көбүн топтогон. Шайлоодон кийин “Беш жылдыз” партиясы менен бирге коалиция түзгөн.

2014-жылдан бери 1,8 миллиондон ашуун качкын Евробиримдиктин аймагына кирген. Италияда каттоого тура элек качкындардын саны жарым миллиондун тегерегинде, ал эми баш паанек сурап кайрылгандардын саны 170 миңге чамалуу.

Качкындар боюнча ыраатуу саясат жүргүзгөн мамлекеттер шаркетке мүчө башка өлкөлөрдү мигранттарды кабыл албай, аларга корогон каражатты тең бөлүшүүдөн баш тартканы үчүн сындап келишет.

Франция шаршембиде бир аз жумшарып, диалогго барууга аракет кылды. Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчылыгы Париж Италиянын башына түшкөн мүшкүлдү түшүнүп жатканын жана Рим менен миграция багытында кызматташууга даяр экенин билдирди. Эки тараптын экономика министрлери да телефон аркылуу сүйлөшүп, болбой калган жолугушууну башка убакытка белгилөөнү туура көргөнүн Франциянын Каржы министрлиги билдирди.

Эки өлкө ортосунда кайым айтышуу жүрүп жаткан маалда шаршемби эртең менен Сицилиянын жээгине 937 мигранты бар кеме келди.

Ал тапта “Аквариус” Испания жээктерине ишембиде жетип калары күтүлүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG